Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Тилсиз жоодон үч кыргызстандык аман калган


Өрт чыккан имараттын айланасы, Москва
Өрт чыккан имараттын айланасы, Москва

Москвада өрттөнгөн цехтен төрт адам тирүү калган. Алардын экөө Кыргызстандын атуулу, бирөө орус жарандыгын алган кыргыз, төртүнчүсү - өзбек жараны.

12 адамдын өмүрүн алган цехтеги өрттүн себептери алигиче аныкталбай, каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгү качан мекенге кайтарылары дагы белгисиз болууда.

Москвадагы тигүүчү цехтеги өрттөн үч кыргызстандык аман калганы аныкталды. Орус жарандыгына өткөн 33 жаштагы Болотбек Садирбеков келинчеги Айгүл Абдуллаева менен өрт башталганда цехтен качып чыгууга үлгүрсө, 34 жаштагы Абдибаит Матраимов калдыктардын астында аман калган. Учурда алар Иликтөө комитетинде суракта.

Стромынка көчөсүндөгү чатыры жыгач үч кабаттуу 25-үй атайын тосмо менен курчалып, чоң жолдун боюнда жайгашкан. Жакынкы өрт өчүргүчтөр кызматы бул имараттан үч чакырымга жетпеген алыстыкта. Бирок 30-январда түнкү саат 10дор чамасында башталган өрттө 12 адам, алардын ичинде сегиз кыргыз жараны куткарылбай кала берген. 500 чакырым метрге чейин өрттөнгөн имараттын чатыры кулап түшкөн. Тилсиз жоо менен өрт өчүргүчтөр төрт сааттан ашык күрөшкөн.

Эргешбай Жакыповду жоктогон Аскарали Нишанов досу ошол күнү экинчи уулдуу болгонун, келинчеги төрөтканада жаткандыктан, төрт жашар Даниелди кечинде жумушуна ээрчитип барганын айтып берди:

- Эргешбайдын аялы эркек төрөгөн ошол күнү. Азыр аялы баласы менен төрөтканада. Анан ал улуу баласын үйгө калтырбай жумушка ээрчитип алыптыр. Ооба, алар күнү-түнү иштешчү. Мурун мен өзүм дагы баргам. Бирок жакында эле башка жагына көчүшкөн экен. Мен өзүм ишене албай кечээтен бери нес болуп отурам. Бойго жеткен балдар кантип өрттөн качып кете алышпады?! Бир нерсе жарылганбы деп ойлоп жатам. Тирүү калгандар бар экен, эми ошолор айтып берет да. Кароолчусу бар, жакшы эле ишкана болгон.

Адатта күндөп-түндөп эки нөөмөт менен иштешкен тикмечилер ошол түнү бардыгы бирдей цехте кала беришкен.

Тигүүчү цех кыргызстандык Аламбек Тогузаковдун атына ижарага алынып, анын уулу Эркинбек эки жылдан бери иштетип келген. Чогуу иштегендердин баары Тогузаковдорго жакын тууган-уруктан болгон.

Аламбектин Москвадагы иниси Мурат Тогузаков адатта түнкү ишке саналуу тикмечи калтырылып келгени, бул ирет окуя кандай болгонун билбей турганын айтты:

- Агамдын цехти караган Эркинбек деген баласы дагы каза болду. Адатта түнкү жумушка баары калбайт эле, бирок мында калып калышыптыр. Саат 6-7ге чейин иштешчү. Ал жакта жашашпайт эле. Өзүнчө батир алышчу. Коопсуздук шарттары – баары жакшы эле болчу. Канча жылдан бери иштеп жатканбыз... Бул жакта атайын өрт коюлган деп жатышпайбы. Мен дагы түшүнбөй калдым.

Цехтин имаратында өрттүн бир нече очогу аныкталгандыктан “адам өлүмүнө алып келген мүлктү атайылап жок кылуу аракети” деген берене боюнча кылмыш иши ачылган. Андыктан, Кыргызстандан чукул учуп келген Аламбек Тогузаков жана өрттө аман калган кыргызстандыктар сурак берүүдө.

Өрттө жубайы Токтокан Салиеваны жоготкон Абдибаит Матраимовдун Кыргызстанда үч секелек кызы, 27 жашында каза тапкан Сажида Масалиеванын бир уулу, Эркинбек Тогузаковдун бир уулу жетим калды.

Ал эми Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ылайык, каза тапкан кыргыз жарандардын сөөгүнө тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп, иликтөө иштери аяктагандан соң мекенине алып кетүүгө уруксат беришет. Мындай иштер бир айга чейин созулушу мүмкүн.

Москвада 12 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин “мүлктү атайлап жок кылуу” деген беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Буга чейин “эки же андан көп адамды өлтүрүү” деген негизде ачылган иш жогорудагы беренеге алмаштырылган.

30-январдын түнүндө Москванын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте 500 чарчы метр жер өрттөнгөн, жалын жалпысынан 3000 чарчы метрди каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр төрт кишини куткарып калышкан. Кырсыкта каза болгон 12 адамдын сегизи кыргызстандык экени аныкталды.

Москванын мэри Сергей Собянин шаардын чыгыш тарабындагы мигранттар иштеген өндүрүш зонасын тыкыр текшерүүгө атайын тапшырма берди.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG