Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Британ "телефон жаңжалынын" тиреши күч алды


Британияда "телефон жаңжалынын" тирешүүсү күч алды
Британияда "телефон жаңжалынын" тирешүүсү күч алды

Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өкмөт мүчөлөрүн ыңгайсыз абалда калтырган жаңжал боюнча түшүндүрмөлөрдү таркатууда.

Медиа магнат Руперт Мөрдокко тиешелүү “News of the World” гезити бир топ белгилүү адамдардын телефондорун тыңшаган, түшкөн каттарын окуп, уккан деген айып менен жакында жабылган. Жекшемби күнү гезиттин мурдагы редактору Ребека Брукс камалган эле. Ошол күнү кечинде ал күрөө акча менен бошотулду.

Скотланд-Ярдка жеткен жаңжал

Бүгүн Түштүк Африкага иш сапары менен барган Дэвид Кэмерон өз өкмөтүнүн гезит боюнча чыгарган чечимдерин туура деп билдирди.

- Биз бул маселени ар тараптан иликтөөчү юридикалык талаптарды орноттук. Биз бул маселени терең иликтеши үчүн полицияга жардам көрсөттүк. Мындан тышкары биз медиа менен иштөөдө, маалымат менен бөлүшүүдө ачыктыкты көрсөтүп жатабыз.

Кэмерондун билдирүүсүнө чейин 17-июлда Лондон полиция башчысы Пол Стивенсон кызматын өз ыктыяры менен тапшырды.

Лондон шаарынын полиция комиссары сэр Пол Стивенсон кызматтан кетип жатышын полициянын медиамагнат Руперт Мөрдокко тиешелүү "News International" басмаканасынын жетекчилиги менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу ар кыл ушактардын көбөйүп кетиши менен түшүндүрдү.

Пол Стивенсон жакында жабылган “News of the World” гезити боюнча чатакка тиешеси жоктугун айтып, өзүн күнөөлү деп эсептебестигин билдирди. Ал полиция офицерлеринин акча алышынан кабардар эмес экендигин баса белгилейт:

Лондон полициясынын комиссары Пол Стивенсон кызматтан кетти. 17-июл, 2011-ж.
- Офицерлердин күнүмдук жашоосу баатырдык, өз жанын аябоо менен коштолот. Бул нерсени акыркы окуялар эле далилдеп бере алат. Бирок офицерлердин маалымат үчун акча алышы тууралуу айыптоолор алардын бардык жасаган жакшы иштерин жаап кетүүдө.

Буга чейин Скотланд-Ярддын жетекчиси "Сhamy Media" пиар-компаниясы менен келишим түзгөндүгү үчүн сындалган. Бул компания “News of the World” гезитинин редакторунун мурдагы орун басары Нил Уоллиске тиешелүү болчу. Бир жылга жакын убакыттын ичинде Уоллистин компаниясы полициясынын сырткы бедели менен иштеп, коомчулук менен байланыштарын да камсыздаган. 15-июлда Уоллис “телефон жаңжалынан" улам камакка алынды.

Лондон полициясынын башкы кеңсеси Скотланд-Ярдда жайгашып, ал Улуу Британиянын эң ири полициялык бөлүмү болуп эсептелет. Учурда шаардын полициясы 2012-жылы Лондондо өтчү Олимпиада оюндарына даярдык көрүүдө.

Стивенсон лондондук полицияны 2 жыл башкарды. Анын кызмат ордун бошотуп жатышы премьер-министр Дэвид Кэмерон үчүн күтүүсүз жаңылык болду.

"Метрополитен полицияcындагы абал өкмөттүн ичиндеги кырдаалдан алда канча айырмаланат. Бул иш коомчулуктун полицияга арткан ишенимине байланыштуу", - деди Кэмерон.

Кэмерон өзүнүн Түштүк Африка Республикасына болгон беш күндүк сапарын жаңжалга байланыштуу эки күнгө чейин кыскартканга аргасыз болду. 19-июлда бул ишке байланыштуу Англияда парламенттик угуулар болуп өтөт. Кэмерон шаршемби 20-июлда да кошумча күн алып, парламентте чыгып сүйлөөнү пландаштырууда.

Кэмерондун сөзү боюнча Стивенсондун кызматтан кетишин өкмөт каалаган эмес. Ал комиссардын чечимине өкүнгөнүн айтып, аткарылган жумуштар боюнча ыраазычылык билдирип, келечекке ийгилик каалады.

"Метрополитен полиция кызматы бул ишти далилдер каякка алып барбасын, эчтекеден корпой жана эч кимге артыкчылык бербей иликтеши абзел. Мен бул нерсени көп жолу кайталадым жана алар муну сезди", - деп кошумчалады Дэвид Кэмерон.

Мөрдоктор англиялык парламентте

19-июлда Руперт Мөрдок уулу Джеймс Мөрдок экөө парламенттик комитетке көрсөтмө беришет. Ушул эле күнү британиялык парламенттин мүчөлөрүнүн алдына Ребека Брукс да чыгат. Ребека Брукс Мөрдоктун медиа империясынын негизги жетекчилеринин бири болчу.

Руперт Мөрдок "News Corp" медиа корпорациясынын ээси, ага “Times”, “Sunday Times”, “Sun” гезиттери жана жабылган “News of the World” гезитин бириктирип турган News International тиешелүү.

“News of the World” гезити бир топ белгилүү адамдардын телефондорун тыңшаган, түшкөн каттарын окуп, уккан деген айып менен жабылган.

Медиа-лөк Руперт Мөрдок "News Corporation" корпорациясынын ээси, 15-июл, 2011-ж.
Бул гезитинин иши боюнча полиция 10 адамды камакка алды. Мындан тышкары коомдук иликтөө да башталып, анда гезиттин полиция офицерлерине маалымат үчүн акча төлөө фактыларына өзгөчө көңүл бурулат.

Бул жаңжал бир нече жыл мурун иликтенгени менен эми кайра жанданды. Себеби “News of the World” гезитинде иштеген журналисттер 2003-жылы жоголгон кыз Милли Даулердин телефонуна кирип, жаңы кабар алыш үчүн бир-нече үн почтасын өчүргөн. Кийин Милли Даулердин өлүгү табылган.

Журналисттер 2005-жылы Лондондогу метродогу терракттан жабыркагандардын телефондорун да уккан болушу мүмкүн деген кабар коомчулукту ого бетер кыжырдантты.

Тирешүү күчөп барат

"News International" менен англиялык саясатчыларынын ортосундагы тирешүү күндөн күнгө күчөп баратат. Англиялык истеблишментти, Мөрдокту да сындагандар арбын. Мөрдокко басым жасоо Америкада да күч алды. Бул жаңжалга байланыштуу иликтөөлөр АКШда эми башталмакчы. Эгерде кооптонуулар далилденсе, Мөрдоктун медиа империясы үчүн Америкадагы жоготуулар Англияга караганда алда канча оор болот.

Жаңжал башталгандан бери "News Corporation" компаниясынын акцияларынын баасы 20 пайызга төмөндөгөн.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG