Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Келгиле, 1916-жылкы көтөрүлүш менен Үркүндүн картасын чогуу түзөлүк!


1916-жылдагы падышалык архивден алынган документ. Ротмистр Железняковдун Чүйдүн Ак-Суу жергесиндеги кыргын тууралуу каты.
1916-жылдагы падышалык архивден алынган документ. Ротмистр Железняковдун Чүйдүн Ак-Суу жергесиндеги кыргын тууралуу каты.

Урматтуу замандаштар! Сиздер менен оболу чогуу-чаран талкуулашып, анын натыйжасында 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн виртуалдык картасын биргелешип түзүү долбоорун сунуш кылабыз. Шеринеге ой кошуңуздар!

Кыргызстанда жана ага чектеш борбордук азиялык аймактарда 1916-жылдын ичинде кандайча олуттуу окуялар орун алган, кайсы жерлерде көтөрүлүш очоктору пайда болгон, көтөрүлүш жеңилген соң калайыктын ар кыл топтору кайсы белдер аркылуу Кытай жергесине качууга мажбур болушкан?

Оболу мына ушул сыяктуу суроолор боюнча ачык-айрым маалымат бөлүшүп алсак, андан кийин, такталган маалыматтын негизинде 1916-жылдагы Кыргызстандагы жана ага чектеш аймактардагы олуттуу окуялардын тизимин картографиялык усулда чагылдырабыз.

Эмесе, бардыгыбыз тең чамдайлык!

Шерине эрежелерине ылайык келбеген ой-пикирлер жарыяланбай турганын белгилей кетели.

XS
SM
MD
LG