Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

НАТО коргонуу чыгымын талкуулап баштады


Баш катчы Йенс Столтенберг НАТО министрлеринин жыйынын алып барууда. Брюссель, 15-февраль, 2017-жыл.
Баш катчы Йенс Столтенберг НАТО министрлеринин жыйынын алып барууда. Брюссель, 15-февраль, 2017-жыл.

НАТОнун министрлери шаршембидеги жыйынында коргонуу чыгымдарын жана терроризмге каршы күрөш маселесин талкууламакчы. Брюсселдеги кеңешмеге АКШнын жаңы коргоо министри Жеймс Маттис алгачкы ирет катышууда. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп НАТОдо чыгымдар адилет бөлүштүрүлүүсү керектигин айтып, уюмга мүчө мамлекеттер коргонууга каражатты талаптагыдай бөлбөй жатканын сындган.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги бүгүнкү жыйынды утурлап билдиргендей, коргонуу чыгымдары анын АКШ президенти Дональд Трамп менен эки жолку телефон сүйлөшүүсүнүн “башкы” маселеси болгон.

Столтенбергдин айтымында, ал Брюсселдеги бул жолку жыйын “трансатлантикалык биримдикти” “АКШнын НАТОго бекем берилгенин” дагы бир жолу ырастарына ишенип турат.

НАТОнун баш катчысы ага катар уюмдун европалык мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарын көбөйтөрүнө АКШны ишендирүүгө да чакырып, буларга көңүл бурду:

- Коргонуу чыгымдарын бир нече жылга созулган кескин кыскартуулардан кийин биз азыр мындан бурулдук. Бүгүн мен 2016-жыл боюнча акыркы, жаңыланган маалыматтарды бере алам. Реалдуу эсепте бул жылы биздин европалык өнөктөштөр менен Канаданын коргонуу чыгымдары 3,6% көбөйдү. Бул биз алгач мерчемдегенден кыйла көп жана болжол менен коргонууга кошумча 10 миллиард доллар сарпталды, - деген Столтенберг 14-февралда Брюсселдеги басма сөз жыйында.

Өзү НАТОнун талаптары боюнча ага мүчө өлкөлөр коргонуу муктаждыктары үчүн жылына улуттук дүң өнүмүнүн кеминде 2% сарптоосу керек.

Баш катчы Столтенберг белгилегендей, бул талапты азыр беш гана өлкө: АКШ, Британия, Польша, Греция, Эстония аткарууда, дагы үч өлкө Латвия, Литва, Румыния буга жакындап калды.

НАТОнун европалык мүчөлөрү үчүн бул маселенин мааниси Орусия Крымды аннексиялап, Украина чыгышында аскерий аракеттер башталгандан кийин жогорулады.

Ошол 2014-жылы НАТО лидерлери коргонуу чыгымдарын кыскартпоого жана он жыл ичинде аскерий бюджеттерин улуттук дүң өнүмдүн 2% чегине жеткирүүгө милдеттенме алышкан.

Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер апта башында немис радиосуна берген маегинде АКШ менен Евробиримдиктин аскерий чыгымдарындагы ажырым тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон:

- Америкалыктар коргонууга жылына 600 миллиард евро (636 миллиард доллар) сарпташат. Европалыктардын коргонуу чыгымы жылына 250-350 миллиард евро же АКШ бюджетинин жарымы. Бирок, биздин эффективдүүлүгүбүз америкалык өнөктөштөрүбүздүн 15% эле барабар. Эгер биз куралдуу күчтөрүбүз үчүн сатып алууларды биргелешип жүргүзсөк, эффективдүүлүк кыйла артмак, америкалык досторубуздун жетиштүү иш кылбай жатасыңар деген туруктуу дооматын укмак эмеспиз. Биз колдо бар ички бюджетибиз менен эле көп нерсе жасай алабыз.

АКШнын президенти Дональд Трамп бир ирет НАТОну “эскирген” уюм катары сыпаттап, эгер анын мүчөлөрү коргонуу чыгымдарын көбөйтпөсө, АКШнын колдоосу азаярын да эскерткен. Трамп НАТОну терроризмге каршы күрөшкө жетиштүү көңүл бурбай жатканы үчүн да сындаган.

АКШ коргоо министри Жеймс Маттис НАТОнун баш кеңсесинде. Брюссель, 15-февраль, 2017-жыл.
АКШ коргоо министри Жеймс Маттис НАТОнун баш кеңсесинде. Брюссель, 15-февраль, 2017-жыл.

Ал эми бир апта мурда аскерий өкүлдөр менен жолугушууда АКШ НАТОну “бекем колдой турганын” айтып, бирок мүчө өлкөлөрдү коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө кайрадан чакырган.

Коргоо министри Жеймс Маттис да Брюсселдеги жыйын башталар алдында Вашингтон өнөктөштөр аскерий чыгымын көбөйтөт деп күтүп жатканына токтолуп, НАТО азыр да “АКШ жана бүткүл трансатлантикалык жамаат үчүн фундаменталдык негиз” деп атады.

Брюсселде НАТОнун терроризмге каршы, өзгөчө “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк тартылуусу да талкууланмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG