Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:51

Обама: Израил өзүн коргоого толук укуктуу


Израил Палестина менен чек арасын бойлото аскерлерин жайгаштырды, 18-ноябрь, 2012
Израил Палестина менен чек арасын бойлото аскерлерин жайгаштырды, 18-ноябрь, 2012

Жакынкы Чыгышта жаңжал кескин курчуп, Израил Палестинаны аткылап жатканына алты күн болду. Жекшембиде Газа тилкесине абадан урулган соккудан палестиналык догдурлар 10 жайкын тургун мерт болгонун кабарлашты.

Өлгөндөрдүн арасында жаш балдар да бар. Ал арада Израилдин аскердик жетекчилиги Палестина тараптан аларга атылган эки ракетаны асманда израилдик ракета туткучтар атып жок кылганын билдирди.

Палестинанын бийликтери 14-ноябрда “Хамастын” аскер башчыларынын бири өлтүрүлгөндөн кийин башталган Израил чабуулдарынан 60тан ашуун адам өлгөнүн кабарлашууда.

Жекшембиде Бангкоктон сүйлөп жатып, АКШнын президенти Барак Обама Израилди ракета чабуулуна алган палестин жикчилерин “Газадагы кризисти курчутуп жатканы” үчүн айыптады.

"Дүйнөдө бир да мамлекет башка өлкөдөн өзүнүн аймагына, жарандарына ракета жамгыры жаадырылышына макул болуп отура бербейт, - деди АКШ президенти. - Ошондуктан биз Израилдин өзүн коргоо укугун толугу менен колдойбуз".

Ошол эле маалда ал азыркы жаңжалды сөзсүз эле Израил армиясын козгобой, куралын колуна алдырбай туруп чечкен туура болоорун белгиледи.

Анын алдынан Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Тел-Авив Газадагы палестин козголоңчуларына каршы операцияларын “алда канча күчөтүүгө даяр турганын” кабарлаган. Миңдеген жөөт аскерлери менен танктары азыр жер үстүнөн чабуул койгонго даярданып, чек арага жайгаштырылды.

"Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесиндеги 1000 террор уюгуна чабуул жасашты жана операцияларын ушул убакытта да улантып жатышат, - деди өкмөт башчы. - Бул операцияларда Израилге каршы колдонулчу курал-жарак, аны колдоно турган адамдар жок кылынууда. Мунун баары “Хамаска” жана башка террор уюмдарына “өтө кымбатка” турду. Израилдин армиясы мындан да алкактуу операцияга камынып жатат".

Бул билдирүүлөр Израилдин күчтөрү Газаны деңизден жана абадан аткылап жатканына беш күн дегенде айтылды.

Ушул эле күнү Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг Sky телеканалына сүйлөп, расмий Тел-Авивди кескин аракеттерден карманууга чакырды.

"Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон экөөбүз тең израилдик өнөктөштөрүбүзгө кайрылып, Газаны кургактан аткылоо Израилди азыркы эл аралык колдоодон куру калтыраарын эскерттик. Анткени кургактан куралчан басып кирүүдө жайкын тургундардын жоготууларын токтото албайсың, анын үстүнө бул өңдүү аракет жалпы эле конфликтти дагы узартат", - деди британ тышкы иштер министри Хейг.

Жекшембидеги чабуулда “Хамастын” телеканалы жана бир топ чет өлкөлүк журналисттер отурган эки башка имарат бузулду.

Дүйнөдө журналисттердин укугун коргогон “Чек арасыз кабарчылар” уюму болсо Израилди ал үчүн айыптап, чабуулдардан алты палестиндик журналист жарадар болгонун, бир топ чет өлкөлүк кабарчылардын иштей турган аппараттары сынганын билдирди.

Ирандын Press TV телеканалынын Газадагы офиси да жабыркаганы кабарланды.

Газада бузулган имараттардын катарында Орусиянын англис тилинде эфирге чыкчу Russia Today телеканалынын кеңсеси да бар.

Израилдин армиясы болсо алар ошол имараттардагы “Хамастын” антенналарын жок кылыш үчүн ракета атышканын, анткени алар аркылуу палестин жикчилери өздөрүнүн аскерлери менен байланышып турушканын билдирди.

Ал эми Газадан атылган ракеталардан Израилдин үч жараны көз жумган.

Араб Лигасынын башчысы Набил ал-Араби жекшембиде айтканына караганда, шейшемби күнү ал жана бир топ араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Газага барышат. Лиганын айрым башка расмий өкүлдөрү бул сапар менен алар Израилдин чабуулу астында калган палестиналыктарга тилектештигин көрсөтүүнү максат кылышаарын айтышты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG