Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Обама: Ньютаун трагедиясы кайталанбашы керек


Президент Обама Сэнди Хук мектебиндеги кыргында курман болгондордун арбагына таазим этти, 16-декабрь, 2012-жыл
Президент Обама Сэнди Хук мектебиндеги кыргында курман болгондордун арбагына таазим этти, 16-декабрь, 2012-жыл

АКШ президенти Барак Обама Ньютаундагы трагедияда жакындарын жоготкондордун кайгысын бардык америкалыктар тең бөлүшөөрүн айтып, мындай кан төгүү кайталанбашы керек деп билдирди. Жума күнү болгон окуяга байланыштуу Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Барак Обамага көңүл айтуу катын жолдоду.

Обама жекшембинин кечинде Ньютаун шаарындагы эскерүү жөрөлгөсүнө катышып, каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушту. “Сиздер жалгыз эмессиңер, бүтүндөй өлкө сиздер менен кошо аза күтүүдө”, - деген президент балдарды коргоо үчүн жетиштүү чара көрүлбөй жатканын моюнга алды.

Полиция жума күнү шаардагы Сэнди Хук башталгыч мектебинде 26 кишини атып салган 20 жаштагы Адам Ланза экенин бышыктады. Өлгөндөрдүн жыйырмасы 6-7 жаштагы балдар. Тапанча, мылтык, жүздөгөн даана ок менен куралданган Ланза мектепке жөнөөрдүн алдында апасын атып өлтүргөн. Аны мындай кыргынга эмне түрткөнү азырынча белгисиз.

Жакындарын жоготкондорго бүтүндөй америка элинин атынан колдоо билдирген Обама мамлекет башчы болгондон бери ушуну менен төртүнчү жолу ушундай массалык кыргындын курмандыктарын эскерип жатышканын белгиледи:

- Мен президент болгонумдан бери төртүнчү ирет ушундай кыргынга учурагандарга аза күтүп чогулуп атабыз. Төртүнчү ирет аман калгандарды боорубузга кысып, окко учкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып отурабыз. Ал аралыкта өлкөнүн булуң-бурчунан, Американын чоң жана чакан шаарларынан дээрлик күнүгө ок атуулар, курмандыктар, көбүнесе жашы жете электердин өлүмү тууралуу кабарлар түшүүдө.

Обама мындай "кан төгүүлөргө чекит коюу зарыл, биз өзгөрүшүбүз керек" деп, курал колдонуунун жол-жоболорун кайра карап чыгууга үндөдү:

- Ушундай трагедияларга үн чыкпай карап отура албайбыз. Алардын кайталанбашы үчүн биз өзгөрүүгө тийишпиз. Мындай зомбулуктун себеби комплекстүү деп айткандардын сөзүндө чындык бар. Бир дагы мыйзам же мыйзамдар топтому дүйнөнү карасанатайлыктан тазалай албайт же зордук-зомбулуктан коргоп калбайт. Бирок мунун бардыгы аракет көрбөй жатканыбызды актабайт.

Ошол эле маалда президент мындай трагедияларды алдын алуу үчүн кандай конкреттүү чаралар көрүлөөрүн айткан жок.

Обама эскерүү иш-чарасынын аягында бардык курмандыктардын аттарын бирден окуп чыкты.

Ал тапта демократтар партиясынан сенатор Дайан Файнтштейн январь айында чабуул койгон курал-жаракка тыюу салган жобону Конгресске сунуш кылаарын жарыялады. Республикачыл партиянын бир топ мүчөлөрү куралдын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзамдарга каршы болуп келет. Алардын айтымында, мындай чаралар психикасы оорулууларга адам өлтүрүүлөрдү ишке ашырууга тоскоол боло албайт жана америкалыктардын куралга ээлик кылуу эркиндигин чектеп коюшу ыктымал.


Ньютаундагыдай кайгылуу окуялар АКШ тарыхында бир нече жолу болгон:

1999-жылы Колорадо штатындагы университетте шайма-шай куралданган 2 өспүрүм 13 окуучуну атып салып, өз жандарын өздөрү кыйышкан.

2002-жылы Вашингтондо 2 көзгө атаар кеминде 10 кишини өлтүргөн.

2007-жылы Виржиниядагы техникалык университетте куралчан студент 32 кишини тындым кылган.

Ошол эле жылы Висконсинде шерифтин орун басары 6 кишини атып кеткен.

2009-жылы Техастагы базада бир аскер туш келди ок ачып, 13 кишинин жанын кыйып, 32син жарадар кылган.

Былтыр Аризонадагы таргедияда конгрессмен Габриэл Гиффордс менен жолугушууга келген 6 киши окко учуп, 13 киши, анын ичинде конгрессмен өзү жараланган.

XS
SM
MD
LG