Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Четтен мүлк алууну чектөө сунушу


Бул долбоордо бийлик төбөлдөрүнө чет мамлекеттен акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого да тыюу салуу каралган.
Бул долбоордо бийлик төбөлдөрүнө чет мамлекеттен акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого да тыюу салуу каралган.

Мамлекеттик жогорку кызматтагыларга, алардын жакындарына чет өлкөдө акча эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков демилгелеп жаткан мыйзам долбоору улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Мындан сырткары чиновниктердин башка өлкөлөрдөн көз каранды болуусуна бөгөт коёт. Кыргызстанда бир катар чиновниктердин, депутаттардын Малайзия, Орусия, Казакстан өңдүү өлкөлөрдө бизнеси, кыймылсыз мүлкү бар экени айтылып жүрөт. Андыктан серепчилер мыйзамдын ишке ашуусунан күмөн санашууда.

Аткаминерлерге тыюубу?

Сунушталып жаткан “Айрым категориядагы жарандарга Кыргызстандан тышкары өлкөлөрдө активдерге ээ болууга тыюу салуу” деп аталган мыйзам долбооруна ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамдарга чет мамлекеттен акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого, баалуу кагаз, облигацияга ээ болууга тыюу салынат. Мындан сырткары чет мамлекетте кыймылсыз мүлккө ээ болууга да уруксат берилбейт. Бул мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен депутаттарга, алардын жубайы жана жашы жете элек балдарына да тиешелүү. Чет мамлекетте байлыгы болгон адам жогорку мамлекеттик кызматка бара албайт.

Долбоордун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун белгилешинче, мыйзам улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган.

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков
- Эгерде жашырып калсаң, анда мүлкүн чегерип алуу менен үч жылдан беш жылга чейин саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлегенге тыюу салынат. Президент, премьер-министр, министр, анын орун басары же депутат болобу - бул мыйзам ошолорго тиешелүү.

Кыргызстандагы бир катар чиновниктердин, депутаттардын Малайзия, Орусия, Казакстан, Бразилия, Түркия, Кытай, Европа өлкөлөрүндө, Дубай, Самара шаарларында бизнеси, кыймылсыз мүлкү бар экени айтылып жүрөт.

Исаковдун жардамчысы Мурат Садамкулов Фейсбук баракчасына “ири мамлекеттер, алардын атайын кызматтары көптөгөн саясатчыларды жана мамлекеттик жогорку кызматчыларды алардын чет мамлекеттеги байлыктары аркылуу тузакка түшүрүшөт, мамлекетке басым жасайт жана алар аркылуу өз маселелерин чечет”, - деп жазган.

Ал эми Исаков жаңы сунушталган мыйзам долбоору саясатчылардын мына ушундай көз карандылыгына бөгөт коёт деп эсептейт:

- Жетекчи болуп иштеген адам бардык жарандарга үлгү болушу керек. Андан сырткары башка өлкөгө көз каранды болбогонго жол ачат. Мисалы, активдериң чет мамлекетте турса ал жакка да иштегенге, көбөйткөнгө аракет кыласың да. Бул жерден мыйзамдарды сунуштап, ал жактан инвестор келишине, ал үчүн коррупциялык иштерге катышасың. Эгер ошондой адамдар болсо кызматтан кетип калышы керек. 2015-жылы шайлоо болот, эгер мыйзам өтүп калса бардыгын карап, тизмеге киргизгенге да мүмкүнчүлүк берет.


"Кача турган киши гана чет өлкөдөн үй алат"


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев
​Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин “Азаттыктагы” маегинде Кыргызстанда орточо 10 млн. долларлык байлыгы бар экенин гана айткан.

Ал эми өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун белгилешинче, Сатыбалдиевдин чет жакта байлыгы жок экен.

- Чет өлкөдө өзүнө жана жакын туугандарына катталган бизнеси, турак-жайы ж.б. мүлкү жок. Эң таза болуп чыкканы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев болсо керек.

Ал эми вице-премьер Тайырбек Сарпашев башка өлкөдө байлыгы бар дегенди четке какты. Ал аталган мыйзам долбоорду колдогон себебин мындайча түшүндүрдү:

Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев
- Менин чет өлкөдө бизнесим дагы жок, кыймылсыз мүлкүм дагы жок. Алайын деген ниетим дагы жок. Чет өлкөдөн үйдү ким алат? Кача турган, ууру киши алат. Качандыр бир кезде кармалып калбайын деп качыш үчүн алат.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы дал ушундай эле мыйзамды былтыр кабыл алган.

Кыргызстандык саясий талдоочу Бакыт Бакетаев мыйзам долбоору көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, иштеп кетишинен күмөн саноодо:

- Анык демократиялык мамлекеттер мындай кадамга барбайт. Балким биздин мамлекет үчүн беш жыл бул мыйзам иштеп турса, коррупциялык иштерди ачканга жардам береби деген максатта сунушталып жатса керек. Азыр депутаттардын көбү колунда барлар. Алар бул мыйзамды колдобой коюшу мүмкүн. Анткени азыр акчалуулардын көбү байлыгын чет мамлекетте кармап калышпадыбы.

Буга чейин мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана алардын жакындарынын чет өлкөлөрдө эсеби, бир катар кыймылсыз мүлкү, бизнеси бар экени эл арасында айтылып жүргөн. Андай маалыматтар алар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин тастыкталган.

XS
SM
MD
LG