Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Ооганстан: биринчи вице-президент Салих "Талибанды" тааныбайт


Амрулла Салих. Ооганстандын биринчи вице-президенти.
Амрулла Салих. Ооганстандын биринчи вице-президенти.

Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих "Талибанды" тааныбай турганын жарыялады.

Ал Баш мыйзам боюнча убактылуу мамлекет башчысы экенин айтып, тарапташтарын "Талибанга" каршы турууга үндөдү. Тажикстандагы ооган элчиси аны мыйзамдуу президент деп атады. Бул арада тажик тектүү аскер башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд талибдерге каршылык көрсөтүү кыймылы түзүлгөнүн жарыялады. Ал тапта "Талибан" көпчүлүк күчтөрдүн башын кошкон жаңы өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Амрулланын "амири"

Ооганстандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих өлкөдөн эч жакка чыгып кетпегенин "Твиттерге" жазып, өзүн убактылуу мыйзамдуу мамлекет башчысы деп атады. Ал «президент жок болгон учурда анын милдетин вице-президент аткарат» деген Баш мыйзамдын талабына таянды. Ошол эле кезде колдоо издеп, мунаса табуу үчүн бардык саясий күчтөргө кайрылды. Башка күчтөр менен байланышта болуп жатканын айтып, жарандарды "Талибанга" каршылык көрсөтүүгө чакырды.

Элчи чакырыкты илип алды

Анын чакырыгын алгачкылардан болуп, Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Закир Акбар кабыл алып, 18-августта Дүйшөмбүдө маалымат жыйын өткөрүп, Салихти колдоп сүйлөдү:

“Ооганстан Ислам республикасынын президенти, доктор Ашраф Гани качып кеткенине байланыштуу, Баш мыйзам боюнча өлкөнү башкаруу анын биринчи орун басарына өтөт. Ашраф Ганинин өлкөнү таштап качканы улутка жана мамлекетке жасалган чыккынчылык. Ал жөн кетпей, жан-жөкөрлөрү жана жакын туугандары менен биргеликте Ооганстандын элине таандык мамлекеттик казынадагы 169 миллион долларды өзү менен кошо ала кеткен”, - дейт Ооганстандагы тажик элчиси Мухаммад Закир Акбар.

Президенттик ыйгарым укуктарын тапшыра элек Ашраф Гани мындай айыптоого жооп кайтара элек.

“Талибан” кыймылы баш калаа Кабулду ээлеген соң өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайда экени белгисиз болуп жаткан президент Ашраф Гани үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмирлигинде экени 18-августта белгилүү болду.

Тажик тектүү ооган саясатчысы Амрулла Салих талибдердин келишкис душманы. Буга чейин анын өмүрүнө бир нече ирет кол салуу болуп, аман калган. Ал 2019-жылдагы президенттик шайлоодо Ашраф Ганини колдоп, анын биринчи орун басары катары саясий өнөктүккө катышкан. Салих 2020-жылдын апрель айынан бери биринчи вице-президент кызматында. Азыр анын өзүнүн кай жакта экендиги жана Ашраф Гани менен байланышы бар же жогу жөнүндө так маалымат жок.

Масуддун каршылык кыймылы

Ошол эле кезде Ооганстандагы тажик жана өзбек дисапорасынан турган “Түндүк альянстын” лидерлеринин бири, атактуу аскер башчысы Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд "Талибанга" каршы кыймыл негизделгенин жарыялады.

Ал кичи мекени, Кабулдан 150 чакырым турган Панжшер провинциясын каршылык көрсөтүү кыймылынын борбору деп атап, талибдерге каршы күрөшүү үчүн тарапташтарын ал жакта топтолууга үндөдү.

Ахмад Масуд Пакистандагы өз ара сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, анда өлкөнүн түндүгүндө талибдерге каршы фронт ачыларын айтты.

Бирок муну алардын жана башка саясий топтордун "Талибанды" эсептешүүгө мажбурлап, жаңы өкмөткө кирүү далалаты катары сыпаттагандар да бар. Анткени "Талибан" ар кайсы саясий күчтөрдөн туруп, көпчүлүктүн кызыкчылыгын камтыган өкмөт түзүлөрүн жарыялады.

Забиулла Мужахид. Талибан кыймылынын маалымат катчысы.
Забиулла Мужахид. Талибан кыймылынын маалымат катчысы.

«Биз тарыхый учурда жашап жатканыбызга эч күмөнүм жок. Жакында жаңы өкмөт куралат. Бир катар саясий жараяндардан соң, биз ар кайсы саясий күчтөрдүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, жаңы саясий макулдашууга жетишүүнүн күбөсү болобуз. Мына ошондо баарына ыңгайлуу жана күчтүү исламдык өкмөт түзүлөт», - деди "Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид.

Ошол эле кезде "Талибан" жаңы өкмөт кайсы күчтөрдөн кураларын ачыктай элек. Жаңы өкмөт тууралуу суроого жооп берип жатып, талибдер мурдагы президент Хамид Карзай, «Хизб-и-Ислами» куралдуу тобунун башчысы Ульбудин Хекматияр жана Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен өкмөт түзүүнүн үстүндө тыгыз иш алып барып жатышканын маалымдады.

"Талибан" исламды жогору койгон инклюзивдик өкмөттүн түзүлүшүн көздөй турганы эл аралык коомчулуктун байкоосунда турат.

Сергей Лавров. Орусиянын тышкы иштер министри. 17-август, 2021-жыл.
Сергей Лавров. Орусиянын тышкы иштер министри. 17-август, 2021-жыл.

«Биз талибдерден бардык тараптардын катышуусундагы өкмөт түзүүнү каалаган, көптү үмүттөндүргөн белгилерди көрүүдөбүз. Ошондой эле кыздарды кошуп, бардыгына светтик билим берүүнү улантууга убада берип, мамлекеттик башкарууну ишке ашырууда Ашраф Ганинин өкмөтүндө иштегендер үчүн дагы эшик жабылбай турганын айтканы жакшы көрүнүш. Биз мурдагы президент Хамид Карзай демилге кылган жана бардык күчтөр катышкан жалпы улуттук диалог болушун колдойбуз» - деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

"Талибан" кыймылы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган. Президент Ашраф Гани ошол күнү Ооганстандан чыгып кеткени айтылган.

Талибдер башкарган жылдар кандай болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG