Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Ооганстан: качкындардын аягы үзүлө элек


Кабул аэропортунда эвакуацияны күткөн оогандaр.
Кабул аэропортунда эвакуацияны күткөн оогандaр.

Өзбекстан Ооганстандан качып келген дагы 400 оогандыкка убактылуу башпаанек бергени кабарланды. Муну менен катар Ооганстандан 2000дей чет өлкөлүк Өзбекстан аркылуу эвакуацияланды. Ал эми түрк бийлиги Ооганстандагы аскерлерин Тажикстанга чыгарып кеткени айтылууда.

21-августта ТАСС маалымат агенттиги өзбек өкмөтү дагы 400 ооганга утурумдук башпаанек бергенин кабарлады. Алар буга чейин учактар жана тик учактар менен келген 650 ооган жараны турган Термездеги качкындар лагерине жайгаштырылды.

“Качкындардын бул жаңы бөлүгү Термезге учак менен жеткирилген болушу мүмкүн. Алардан коронавирус боюнча ПЧР-тесттер алынып, арасынан илдеттин белгилери аныкталгандар чыкты. Ошондуктан ковид борборуна жаткырылды”, – деп билдирди жергиликтүү дарыгерлер бөлүмүндөгү маалымат булагы.

Деген менен расмий Ташкент Ооганстандан качып келип, Термез шаарындагы качкындар лагерине жайгаштырылып жаткандар боюнча расмий түрдө комментарий бере элек.

Качкындарга курулган убактылуу лагерь. Термез району, 18-август.
Качкындарга курулган убактылуу лагерь. Термез району, 18-август.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда талибдердин өч алуусунан коркуп, чек арадан качып өтүп келгендердин арасынан 150 оогандык өз ыктыяры менен кайра мекенине кайтканын билдирди.

Ошондой эле, Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги эвакуацияланып бара жаткан ооганстандык качкын келин Ташкентте көз жарганын кабарлады.

"22 жаштагы келин аман-эсен уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы 3 кг. 840 грамм. Азыркы тапта эне баласы менен төрөтканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген министрлик.

Буга чейин 18-августта Казакстандын Ооганстандагы элчилигинин көмөгү менен кыргызстандык 14 жаран Кабул - Чымкент - Алматы багытындагы чартердик учак менен эвакуацияланган. Ооганстанда кыргызстандык жарандар дээрлик калбаганы кабарланды. Бул учак менен ошондой эле 24 казакстандык жаран чыгарылган.

Кабул аэропортундагы башаламандык.
Кабул аэропортундагы башаламандык.

Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо 20-августта Конгрессте сүйлөп жатып, дүйнөдөгү 12 өлкө, анын ичинде Борбор Азиядан Тажикстан жана Казакстан Ооганстандан качкандарга транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин кабарлады.

Анын айтымында, Бахрейн, Улуу Британия, Дания, Германия, Италия, Кувейт, Катар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Өзбекстан качкындарга транзит берүүгө макул болгон.

Ал эми Албания, Канада, Колумбия, Коста-Рика, Чили, Косово, Түндүк Македония, Мексика, Польша, Катар, Руанда, Украина жана Уганда ооган качкындарына башпаанек бере алары белгилүү болду.

Мындан тышкары АКШ менен Европанын айрым өлкөлөрү акыркы 20 жыл ичинде Ооганстандагы чет элдик аскер күчтөрүнө көмөк көрсөтүп, талибдердин куугунтугуна кабылган оогандыктарга баш калка берет.

Тажикстандын бийлиги бул багытта расмий түшүндүрмө бере элек. Бирок, башкалаа Дүйшөмбүдөн 200 чакырым алыс, түштүк тарапта жайгашкан аба майданына түркиялык аскерлер Ооганстандан эвакуацияланганын "Азаттыкка" жеке булактар кабарлады.

Буга чейин Түркия 500дөй аскери НАТОнун тынчтык миссиясы менен Ооганстанда кызмат өтөп жатканын билдирген. Тажикстанга канча аскери келгени такталган эмес. Расмий Анкара да эвакуацияланган аскер кызматкерлери тууралуу комментарий бере элек.

Эл аралык каолициянын аскерлери Кабул аэропортунда бир балага жардам беришүүдө. 20-август.
Эл аралык каолициянын аскерлери Кабул аэропортунда бир балага жардам беришүүдө. 20-август.

Ооган качкындарынын абалын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган коңшу Грекиянын өкмөт башчысы Кириакос Мицотакис менен ишембиде телефондон сүйлөштү.

Эки өлкөнүн лидерлери Ооганстанда курчуган кырдаалдан улам Европага бет алган качкындар Грекия менен Түркияга да жетиши мүмкүн экенин талкуулашты.

Мицотакис талибдердин баскынчылыгынан качкандарды Ооганстанга жакын жайгашкан коңшу өлкөлөр кабыл алып, "болушунча мекенине жакын кармап турушу керек" деген көз карашын айтты.

Режеп Тайып Эрдоган жана Кириакос Мицотакис. 2017-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган жана Кириакос Мицотакис. 2017-жыл.

2015-жылдагы миграциялык апааттан бери Грекия дүйнөдөгү качкындардын Европа менен Жакынкы Чыгышка баруусуна жол ачкан дарбазасы болуп калган.

"Түркия Европанын качкындар согушунун милдетин алган эмес. Евробиримдик бул маселени өзү чечиши керек", - деп билдирген түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Муну менен катар Эрдоган Ооганстандагы башаламандык бардык өлкөлөргө кыйынчылыктарды алып келет деген кооптонуусун билдирди. Түркияда азыркы тапта Сириядан барган 5 миллион, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн 300 миңдей качкын баш калкалап жатат.

Ошондой эле, түрк өкмөтү Ооганстандагы башаламандыктан качып Түркияга кирген мыйзамсыз миграциянын агымын алдын алуу үчүн Иран менен чектеш 300 чакырым чек араны аймагын толугу менен темир дубал менен курчады.

15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Ал эми АКШ 20-августта Ооганстандан 13 миң адам чыгарылганын билдирди.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG