Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Өзбекстан: Имамдар чет өлкөгө чыга албай калабы?


Президент Шавкат Мирзиёев, муфтий Нуриддин Холиқназаров, премьер-министр Абдулла Арипов. 2023-жылдын 31-августу.
Президент Шавкат Мирзиёев, муфтий Нуриддин Холиқназаров, премьер-министр Абдулла Арипов. 2023-жылдын 31-августу.

3-апрелде Өзбекстандын бардык мечиттериндеги имамдар чет өлкөгө чыгуучу паспортун Мусулмандар дин башкармалыгынын жергиликтүү бөлүмүнө тапшырышы керектиги тууралуу өтүнүч жазылган кат алышты.

Өзбекстандагы мечиттердин имам-хатибдерине жөнөтүлгөн кат борбор калаа Ташкенттин башкы имамынын жардамчысы Эргаш Рустамовдун атынан жазылган (анын бир көчүрмөсү "Озодлик" радиосунда сакталууда – Ред.).

"Ассаламу алейкум, урматтуу имам-хатибдер! Биз бардык мечиттердин имам-хатибдеринин жана имам-наибдеринин сыртка чыгуу жөнүндөгү ("кызыл") паспортторун тизме боюнча чогултуп алабыз, андан соң расмий өкүлдөргө тапшырып беребиз. Паспорт чогултууга райондордун имам-хатибдери жооптуу! Азыртан чогулта баштагыла", - деген Рустамовдун каты мечиттердин башкы имамдарына Telegram мессенжери аркылуу жөнөтүлгөн.

"Озодликке" маек курган ташкенттик имамдардын бири паспортту мажбурлап тапшыртуу өнөктүгү Москвадагы соңку террордук чабуулга байланыштуу болушу ыктымал деген пикири менен бөлүштү.

"Орусиядагы соңку окуялардан кийин Өзбекстанда имамдарга жана жалпы эле дин жолундагыларга карата олуттуу чаралар колдонулушу ыктымал болууда. Бир нече күндөн бери бизди сыртка чыгуучу паспортубузду Мусулмандар дин башкармалыгына тапшыргыла деп мажбурлап жатышат. Паспортун берүүдөн баш тарткан имамдарды иштен бошотобуз деп коркутуп киришти. Имамдардын сыртка чыгышына жол бербөө аракети көрүлүүдө. Соңку кезде имамдарга басым абдан күчөдү. Ошондуктан бийлик алар өлкөдөн чыгып кетет деп чочулоодо", – деген маектеш өзүнүн аты-жөнүн ачык айтуудан баш тартты. Эгер өзү тууралуу маалыматты ачыктаса, ал да иштен алынышы ыктымал экенин билдирди.

Ташкенттик дагы бир имам алардын жана орун басарларынын паспорту Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Нуриддин Холикназаровдун буйругунун негизинде чогултулуп жатканын белгилеп, мындай аракет мыйзамга каршы келерине, себеби эч кимдин мажбурлоого укугу жоктугуна көңүл бурду.

" Кайсы мыйзамдын же ченемдик-укук актынын негизинде паспортубузду алып кетип жатышат? Жарандын паспортун мажбурлап тартып алуу үчүн мыйзам алдында жоопкерчилик чарасы каралган эмеспи. Биз ушуну айтып, нааразылыгыбызды билдирдик. Бирок бул муфтийдин буйругу деп жооп берип коюшту", – деди "Озодлик" радиосуна аты-жөнүн атабоону өтүнгөн имам.

"Озодлик" бул боюнча расмий маалымат алуу үчүн Ташкенттин башкы имамынын жардамчысы Эргаш Рустамовдун өзүнө кайрылды. Ал имамдардын паспортун чогултуу жүрүп жатканын тастыктады жана мунун себеби "маалыматты каттоого алуу" гана экенин белгиледи.

"Имамдардын сыртка чыгуучу паспортундагы маалыматтын баарын өзүбүздүн базабызга киргизип жатабыз. Андан соң кайра эле өзүлөрүнө кайтарып берүүдөбүз", – деди Эргаш Рустамов.

Ал эми маалыматты каттоого алыш үчүн "паспортту сөзсүз алып кетүүнүн зарылчылыгы канчалык жана тийиштүү маалыматты имамдардын өзүлөрүнөн эле сурап, жазып алса болбойбу?" деген суроого Рустамов "Биз маалыматты гана каттап жаткан жокпуз да. Паспорттун көчүрмөсүн алып, аны да базага киргизүүдөбүз", - деп жооп берди.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын дагы бир өкүлү имамдарга кат жөнөтүлгөнүн тастыктады. Бирок ал паспорттор эмне үчүн жапырт чогултулуп жатканын түшүндүрүүдөн баш тартты.

"Ал катты силер кайдан алдыңар? Кат журналисттердин колуна тийбеши керек эле да. Ал атайын адамдарга гана "кызматтык колдонуу үчүн" деген негизде жөнөтүлгөн болчу. Кат тууралуу имамдар гана билет, демек, ошолордун бири силерге жөнөткөн", – деди башкармалыктын өкүлү.

"Озодлик" бул маселеге байланыштуу Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгында иштеген дагы бир кызматкер менен маектешти. Паспортторду чогултуп кетип жатышканы тууралуу суроого жооп берип жатып, ал аталган мекеме имамдардын сыртка чыгышын көзөмөлдөгүсү келет деген сөздөрдү четке кагып, андай максат жоктугун айтты:

"Ушул күнгө чейин биздин башкармалык имамдардын арасынан бирине да чет жакка чыгышына тоскоолдук жараткан окуя болгон жок. Мисалы, Рамазан айында биз Умрага сапар уюштуруу боюнча жумуш тобунун курамына киргизүү үчүн талапкер имамдардын тизмесин жөнөттүк, алдыда дагы ажылык сапарлар бар. Мындан тышкары, биздин имамдар жакында Түштүк Кореяга, Орусияга жана АКШга барып келишти. Мына ошондой иш сапарлар учурунда имамдардын сыртка чыгуучу документтери дайыма кол астыбызда болуп турушу үчүн алардын паспортун чогултуп жатабыз. Ал эле эмес, чет өлкөгө чыгуучу паспорту жок имамдарды тезирээк паспорт алгыла деп чакыруудабыз. Кайсы бир иш сапарга чыгышы керек болсо документи даяр турганы жакшы да. Бир да имамдан бул боюнча нааразылык укканыбыз жок. Эгер имамдарыбыздын арасынан кимдир бирөө чет өлкөгө өз алдынча баргысы келип жаткан болсо, анда ал арызын жазып, сыртка чыгуучу паспортун алып, өзүнүн түздөн-түз жетекчисине да өзүнчө арыз жазып, чыга берсе болот. Ага өлкөдөн тыш жакка чыгуусуна эч ким тоскоол боло албайт", – деди башкармалыктын өкүлү.

Бирок өзбекстандык имамдар Мусулмандар дин башкармалыгынын мындай түшүндүрмөсүн таптакыр туура эмес жана "логикага туура келбейт" деп атап жатышат.

"Дин башкармалыгынын жообу чындыкка дал келбейт. Имамдар сыртка иш сапарга чыгышы керек болуп калса документи дайым даяр турсун дегидей алар кичине бала эмес да. Ажылык сапарга бизден ашып кетсе 300 имамды жөнөтүшөт, ал эми республика боюнча 2 миңден ашуун имам-хатиб бар, алардын орун басарларынын саны 5 миңге жетет. Мусулмандар дин башкармалыгы бардык имамдардын паспортун тартып алууда. Кандай амал менен болсо да алардын сыртка чыгышына тоскоолдук жаратуу аракети көрүлүп жатат. Мисалы, бийлик имамдардын коңшу өлкөлөргө үйлөнүү үлпөт тойлоруна барышын же алар Түркияда, Бириккен Араб Эмирликтеринде эс алышын каалабайт. Азыр имамдарга абдан чоң басым жасалууда. Ошондуктан Дин башкармалыгынын жетекчилиги алар Өзбекстандан кете башташы ыктымал деп кооптонууда. Айрыкча Орусиядагы соңку окуялардан кийин биздин өлкөдө имамдарды жана дин жолундагыларды чектеген олуттуу чечимдер кабыл алынганы турат. Менин бир таанышым кесиби боюнча юрист. Ал сыртка чыгуучу паспортту мажбурлап тартып алуу мыйзамга каршы келерин айтууда", - дейт имамдардын бири.

Өткөн жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Министрлер кабинетинде премьер-министр Абдулла Ариповдун жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун төрагалыгы менен жыйын өткөн. Ага коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышкан. Жыйында өлкөдөгү диний кырдаал талкууланып, "диний радикализм күчөп баратканы" белгиленген жана бул үчүн кооптонуу айтылган.

Ошол жыйынга катышкан адамдардын бири "Озодликке" айтып бергендей, анда соңку жылдары мамлекеттик кызматтагы адамдар жумуш ордунда намаз окуп, шариятка таянып улам бир аял алып, ар кандай диний иш-чараларга катышып жатканы тууралуу сын айтылып, мунун баары кооптуу тенденция катары бааланган.

Өкмөт башчы Абдулла Арипов жыйындын катышуучулары алдында сүйлөп жатып, андай мамлекеттик кызматкерлер "же динди, же мамлекеттик кызматты тандашы керек" деп айтканын да өздүк булактар кабарлашкан.

Ошол жыйындан кийин Өзбекстанда бир нече мечитте азан мурдагыдай катуу айтылбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG