Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Дин эркиндиги: Кыргызстанда кошуналарга караганда абал дурус


Орозо айт намазына бараткандар, Бишкек. 21-апрель, 2023-жыл.
Орозо айт намазына бараткандар, Бишкек. 21-апрель, 2023-жыл.

Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу дин тутуу эркиндиги бар, бирок диний азчылыктардын укугу чектелген жагдайлар кездешүүдө. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дин эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасында ушул өңдүү айрым учурларга көңүл бурулду.

Мунун алдында Эл аралык диний эркиндик комиссиясы отчетун чыгарган. Анда Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка мамлекеттер “тынчсыздануу жараткан” жана “байкоо салуу сунушталган” өлкөлөрдүн катарына кирген.

Жергиликтүү адистер Кыргызстанда диний эркиндик бар болгону менен жоопкерчилик маселеси экинчи планда калып калган жагдайларга тынчсызданышат.

Кыргызстандагы абалга кыскача сереп

Мамлекеттик департаменттин дүйнөдө 2022-жылдагы дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасы 15-майда чыкты. Анда ондогон мамлекеттердеги абал сүрөттөлөт.

Документте Кыргызстандын Баш мыйзамы абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берери, диний кастыкты козутуучу аракеттерге тыюу салары белгиленген. Ошол эле кезде “Жахабанын күбөлөрү”, теңирчиликти жактагандар, "Ахмадия" мусулмандар жамааты расмий диний уюм болуп каттоодон өтө албай, тоскоолдуктарга дуушар болуп жатканы айтылат.

Айрым жерлерде мусулман эмес диний азчылыктар маркумдардын сөөгүн жерге берүүдө тоскоолдуктарга туш болушары жазылып, бул жагдай укук тебелөө катары сыпатталган. Мындай окуялар Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 2019-2020-жылдары болгон.

Бишкекте Орозо айт намазында коомдук тартипти сактаган милиционерлер бата кылууда. 21-апрель, 2023-жыл.
Бишкекте Орозо айт намазында коомдук тартипти сактаган милиционерлер бата кылууда. 21-апрель, 2023-жыл.

Баяндамада кыргыз бийлиги 21 диний уюмга, агымдарга тыюу салганы белгиленип, 2022-жылы “Хизб-ут-Тахрир”, “Йакын Инкар” өңдүү агымдардын 39 мүчөсү кармалган, соттолгон учурларды мисал келтирген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, соттун чечими менен өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башкалар бар.

АКШ Мамдепартаментинин баяндамасында, 6 миллиондон ашуун калкы бар Кыргызстанда элдин 90% жакыны мусулмандар, алардын көбүн суннилер, бир пайызга чукулун шиилер түзөрү жазылган. Ошондой эле эл аралык уюмдар "Ахмадия" мусулмандар жамаатынын миңдей өкүлү бар экенин белгилеп келишет. Калктын жети пайызын христиандар, үч пайызын иудаизм, буддизм, бахаи жана башка диндерди тутунгандар түзөт.

Чөлкөмдөгү жагдай

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында, Борбор Азиядагы мамлекеттерден Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда дин тутуу эркиндиги жаатында олуттуу көйгөйлөр бар экени белгиленген. Буга диний азчылыктардын укуктарын чектөө жана адамдардын диний көз караштарына байланыштуу камалышы мисал келтирилген.

Апрелде АКШнын Эл аралык диний эркиндик комиссиясы (USCIRF) дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялаган.

Комиссия АКШнын Мамлекеттик департаментине 17 өлкөнү дин тутуу эркиндиги боюнча “өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттер” катары көрсөтүүнү сунуштаган. Алардын арасында Тажикстан да бар. Баяндамада тажик бийлиги дин жана ишеним эркиндигине болгон укуктардын ырааттуу түрдө бузулушуна жол берип жатканы айтылат. Комиссия Мамдепартаментке диний эркиндиктин жетишсиздигинен Тажикстанга зарыл болсо санкция салуу демилгесин көтөргөн. Ушундай эле сындар Түркмөнстанга да таандык.

Эл аралык диний эркиндик комиссиясынын өлкөлөрдөгү абалды сүрөттөгөн иллюстрациясы.
Эл аралык диний эркиндик комиссиясынын өлкөлөрдөгү абалды сүрөттөгөн иллюстрациясы.

Өзбекстан менен Казакстан “өзгөчө байкоо салуу” сунушталган 11 мамлекеттердин катарында. Кыргызстан бул эки категорияга да кошулбай, чөлкөмдө дин тутуу эркиндиги бар жалгыз өлкө катары көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү адистердин пикири

Укук коргоочу Эржан Кайыпов динге байланыштуу көрүнүштөрдү талдап, анализ жүргүзөт. Буга чейин ал Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын Экстремизм менен күрөшүүдөгү укук бузуулар долбоорунда эмгектенген. Кайыпов АКШ мамдепартаментинин баяндамасы Кыргызстандагы абалды жалпысынан туура чагылдырганын билдирип, кемчиликтерге токтолду:

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

“Кыргызстанда эки көйгөй бар. Анын бири мамлекетке, экинчиси коомго таандык. Мамлекеттин катасы – экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө адам укуктарын кемсинтүүгө барганы. Мындай абал радикализмди кайра күчөтөт. Ал эми коомдун көйгөйү - кастык тилинин, жектешүүнүн, стереотиптердин кеңири жайылуусу. Мисалы, 17-майда Ысык-Ата районунда бирөөнү атып өлтүрүштү. Сот чечими жок эле аны “террорист” деп аташты. Анын кай жерден экенине басым жасалды. Мунун артынан жектешүү, бөлүнүү көбөйүшү ыктымал. Социалдык желеде айрымдар “мечиттерди жапкыла” деген чакырыктарды жаза башташты”.

Кыргызстанда жалпысынан үч жарым миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге таандык.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов

Өлкөдө тыюу салынган диний уюмдар же агымдардын көбү Ислам динине байланыштуу. Диний ишениминен улам камакка алынган же соттолгондордун көбү мусулманчылыктын түрдүү агымдарын кармангандар. Дин таануучу, тарых илимдеринин кандиаты Канатбек Мурзахалилов муну мындай чечмеледи:

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда иштеп жаткан 3684 диний уюмдун 85% ашууну Ислам динине байланыштуу. Калктын 90% жакыны мусулманчылыкты кармангандыктан, ислам ааламындагы абал көңүлдүн борборунда турат. Тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүнүн кармалышы, терроризмге, экстремизмге каршы мамиле, мусулманчылыкка тиешелүү жамааттардын ишмердүүлүгүн кароо мамлекеттик саясатты ырааттуу улантууга негиз берет. Диндарлар ислам чөйрөсүндө болобу, христиандык багытта болобу, же башка динди тутунгандар болобу, өз укуктары менен кошо мамлекеттин алдындагы милдеттерин унутпоого тийиш".​

Мурзахалилов милдет дегенде стереотиптерге байланышкан диний чакырыктарды, аялдардын укуктарын чектеген эрежелерди, тигил же бул динди тутунгандарды, атеисттерди жектеп, кастык козуткан түшүнүктөрдү айтып жатканын белгилеп, а дегенде мыйзамдан аша чаппай ой жүгүртүүгө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Радикализмге жол бербөө аракети

2013-2015-жылдары кыргызстандыктар арасында диний радикал уюмдарга ар кандай жолдор менен кошулуп кеткендер көбөйгөнү жөнүндө расмий маалыматтар берилген. Ошол кезде дүйнөгө бүлүк салып турган "Ислам мамлекети" террордук тобунун тузагына илинип, Сирия менен Ирактагы жоочулардын арасына кошулуп кеткен ондогон жарандар болгон. Мындан улам мамлекет диний радикализмдин алдын алуу иш-чараларын күчөтүүгө өткөн.

Динге байланыштуу кийимдерди же эрежелерди таңуулаган топтор менен динди жактабаган кишилердин арасында талаш-тартыштар социалдык түйүндөрдө кээде кездешип турат. Айрым аймактарда диний ишениминен улам кыздарын билим алуусуна уруксат бербеген үй-бүлөлөр тууралуу маалыматтар чыгат. Мектепке жоолук же хижаб оронуп келгени үчүн мугалим менен ата-энелердин ортосунда пикир келишпөөчүлүк жаралган фактылар да катталган.

Бир катар мамлекеттерде "кара тизмеге" кирген "Таблиги жамаат" уюмуна Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Анын мүчөлөрү көбүнчө үймө-үй кыдырган дааватчылыкты жайылтышат.

2022-жылдан тартып орто мектептердин программасына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы кирди. Мамлекет башчысынын жарлыгындагы талаптар боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек. Бул предмент азыр 9-класстарга окутулууда. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт.

Өлкөнүн эгемен тарыхында үч жолу диний концепция кабыл алынган. Ар бири алты жылдык мөөнөттө мамлекеттик диний саясатты тартипке келтирүү максатын көздөйт. Акыркы кабыл алынган концепция 2021-2026-жылдарга багытталган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

Пасха майрамында чиркөөгө келген аялдар. Бишкек, 2018-жыл, апрель.
Пасха майрамында чиркөөгө келген аялдар. Бишкек, 2018-жыл, апрель.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган өлкө экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

Мусулмандардын эки майрамы - Курман айт жана Орозо айт, христиандардын Рождество майрамы жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү деп бекитилген. Андан тышкары, Пасха да белгиленет. Айт намаздары бийлик башындагылардын катышуусунда аянттарда окулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG