Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

"Халифатты көздөшөт". Чөлкөмдү сестенткен экстремизм


"Талибан" кыймылынын согушкери. Ооганстан. Архивдик сүрөт.
"Талибан" кыймылынын согушкери. Ооганстан. Архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги Борбор Азия аймагында экстремисттик жана террордук коркунучтун деңгээли жогорулаганын билдирди. Мекеме эл аралык экстремисттик жана террордук уюмдар аймактагы өлкөлөрдүн ички чыр-чатактарына активдүү катышууга умтулуп жатат дейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын түндүк провинцияларында топтолгон түрдүү мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр жана эл аралык террордук уюмдар позицияларын бекемдеп, жаңы таянычтарды түзүүнү көздөп жатат.

"Алардын максаты - халифат орнотуу"

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкармалыгынын өкүлү Манас Аманбаев "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы "Ислам мамлекети – Хорасан (Кыргызстанда тыюу салынган) сыяктуу экстремисттик уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уктап жаткан жашыруун уюкчаларга таасир этип жатканын айтты.

“Кыргызстанда тыюу салынган эл аралык 20 экстремисттик-террордук уюм жана бир секта бар. Ошолордун ичинен активдүү болуп, Борбор Азияга коркунуч жаратып жатканы - “Талибан” кыймылы. “Талибан” кыймылына атаандаш "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюму бар. Ошол жакта болуп жаткан окуялар биздин мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. Бизге чектеш Өзбекстан, Тажикстанда болуп жаткан окуяларды көрүп жатпайбызбы. Экстремисттик-террордук уюмдардын жалпы идеологиясы Борбор Азиядагы светтик принцип менен жашап жаткан мамлекеттердин конституциялык түзүмүнө каршы чыгуу болууда. Алардын максаты - халифат орнотуу”.

ИИМдин өкүлү Кыргызстанда экстремисттик-террордук уюмдардын канча мүчөсү бар экени тууралуу маалымат айткан жок, бирок өлкөдө тыюу салынган 21 уюмдун бардыгынын мүчөлөрү бар экенин белгиледи.

5-июлда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Термез шаарына беш ракета атылганы кабарланган. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги "дүрмөттөр жарылган эмес, курмандыктар жана кыйроолор жок" деп билдирген. "Талибан" жетектеген өкмөт Ооганстандын аймагынан Өзбекстанды аткылагандарды кармап, жазага тартууга аракет көрүп жатканын кабарлаган.

18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок анда расмий Ташкент окуяны ырастаган эмес.

"Америка добушу" радиосу Ооганстандагы "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учурганын билдирген.

"Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобу Ооганстандын бийлигине талибдер келгенден кийин чабуулдарын күчөттү. Бул уюм “Талибан” кыймылына каршы чыгып келет.

"Ооганстандан экстремизм, терроризм экспорттолуп жатат"

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков “Талибан” кыймылы бийликке келген Ооганстандан экстремизм-терроризм экспорттолуп жатканын айтты.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

“Ачык айтканда Ооганстандан экстремизм, терроризм экспорттолуп жатат. Анткени азыр жаңы технологиялар аркылуу байланыш мүмкүнчүлүгү чоң. Алардын келечектеги максаты Борбор Азияда Ооганстан өңдүү ислам мамлекетин куруу үчүн тымызын аракет көрүшү мүмкүн. Демек Борбор Азияга коркунуч бар десем жаңылышпайм. Эгер бирдиктүү күч аларга туруштук берип турса, алар агрессивдүү кол салгандан чочулап турат. Бирок алар 20 жыл АКШ баштаган коалиция менен согушканын унутпашыбыз керек”.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкармалыгы экстремисттик-террористтик уюмдардын ишине бөгөт коюу боюнча иш жүрүп жатканын, жакында эле айт намазы учурунда теракт уюштурууну көздөгөн адамдар алардын бири экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 7-июлда Бишкектеги айт намазы учурунда теракт уюштурууну көздөгөн эки чет элдик жаранды кармаганын билдирди. Маалыматка караганда кармалгандар эл аралык террордук уюмга тиешеси бар жана Сириядан жасалма паспорт менен келген.

Атайын кызмат алар менен байланышы бар Кыргызстандын жарандары да кармалганын билдирип, бирок санын айткан жок.

"Диний кырдаал дайыма туруктуу болбойт"

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Абакиров Кыргызстанда кооптонууга негиз жок деген пикирде.

“Аябай кооптоно турган нерсе жок. Бирок диний кырдаал бардык мамлекетте дайыма туруктуу болбойт. Бул жааттагы туруктуулук 20-30 жыл турат деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени абал өзгөрүп турат. Биз сот тыюу салган уюмдар жөнүндө укук коргоо органдарына байма-бай маалымат берип турабыз. Көп маалыматты айтканга болбойт”.

Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтуусуна жол бербөө, адам укугун, эркиндигин, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн сактап калуу үчүн “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыккан. Долбоор коомдук талкуудан өтүп, сунуш-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Кыргызстанда 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башка уюмдар бар.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG