Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

ИИМ: Экстремисттик уюмдар ички чырларга аралашууга аракеттенүүдө


Экстремисттик топтун мүчөлөрүн кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт. Иллюстрация.
Экстремисттик топтун мүчөлөрүн кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт. Иллюстрация.

"Борбор Азия аймагында экстремисттик жана террордук коркунучтун деңгээли жогорулап, эл аралык экстремисттик жана террордук уюмдар аймактагы өлкөлөрдүн ички чыр-чатактарына активдүү катышууга умтулуп жатканы байкалууда".

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бердибаев билдирди.

Ал бул тууралуу 12-июлда "Кыргызстанда экстремизмдин чакырыктары жана ага каршы аракеттенүү артыкчылыктары” деп аталган тегерек үстөлдө билдирди.

Улан Бердибаевдин белгилөөсүндө Ооганстандын түндүк провинцияларында түрдүү мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн жана эл аралык террордук уюмдардын топтолуп, алар улам өздөрүнүн позицияларын бекемдеп, жаңы таянычтарды түзүүнү көздөп жатат.

ИИМ өкүлү акыркы жылдары Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтуу аракеттери байкалганын айтып, ага бут тосуу жана адам укугун, эркиндигин, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн сактап калуу үчүн “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыкканын билдирди. Долбоор коомдук талкуудан өтүп, сунуш-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Тегерек үстөл “Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында өтүүдө. Долбоор АКШнын мамдепартаментинин каржылоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана Кылмыштуулук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Кыргызстан 21 уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таап, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башка уюмдар бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG