Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Украина “Дрондордун армиясын” түздү


Украинанын аскерлеринин дрондорду колдонуп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын аскерлеринин дрондорду колдонуп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Украина “Дрондордун армиясын” түзүп, учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруучу 150 операторду окутуп баштады. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри, санариптик трансформациялоо министри Михаил Федоров кабарлады.

Анын айтымында, жоокерлер аппараттарды учурууну, душманга билинбей учуу көндүмдөрүн, тактикаларды иштеп чыгууну, дрондорду ыкчам башкарууну жана фронттогу башка милдеттерди аткарууну үйрөнүшөт.

1-июлда United24 фандрайзинг платформасы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Санариптик трансформациялоо министрлиги менен чогуу “Дрондордун армиясы” долбоорун баштаганын жарыялаган.

Санариптик трансформациялоо министрлиги 7-июлда Украиндердин бүткүл дүйнөлүк конгресси менен “Дрондордун армиясы” долбоору боюнча кызматташуу келишимине кол койгон. Анын алкагында согуштук фронттун 2470 чакырымга созулган линиясын коргоодо Украинанын армиясына жардам бере турган учкучсуз учактарды сатып алуу маселеси каралган.

Украина акыркы жылдары Түркиядан чыккан аскердик Bayraktar учкучсуз учактарын сатып алган, соңку согушта аларды чоң чеберчилик менен пайдаланып жатат. Мындан сырткары согушта бутага учуп барып тийип жарылган камикадзе-дрондор да чоң натыйжа берди.

Орусия басып киргенден кийин Киев Батыш өлкөлөрүнөн ар кандай көлөмдөгү жана ар кандай багыттагы дрондорду жардамга алды. Анын ичинде кадимки видео тартуучу квадрокоптерлер да согушта бирден-экиден бомба таштап, орус танктарын жана аскерлерин жок кылууга салым кошуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG