Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Өзбекстанга Ооганстан тараптан беш ракета атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.20ларда Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

"Түшкөн снаряддар жарылган эмес. Мындан улам адам курмандыктары болгон жок. Термез шаарынын "Мажнунтол" айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Алардын баарын саперлер зыянсыздандырды", - деп жазылат маалыматта.

Ушул тапта Өзбекстандын тийиштүү мекемелери ооган тарап менен окуянын себептерин иликтеп жатышат.

18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тараган.

Ал кезде расмий Ташкент бул маалыматты четке каккан.
"Америка добушу" радиосу Ооганстандагы "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учурганын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG