Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

“Дордойдогу” өрттөн чыгым тарткандар жардам сурады


“Дордой” базарындагы өрт чалган контейнерлер. 5-июль, 2022-жыл.
“Дордой” базарындагы өрт чалган контейнерлер. 5-июль, 2022-жыл.

Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында 5-июлда чыккан өрттү өчүрүүгө 60 куткаруучудан турган жети бөлүм тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов эки кабаттуу контейнерди өрт чалып, жалпы миң чарчы метрге жакын жер күйгөнүн билдирди. Кырсыктан үч киши жабыркаган, алардын бири ӨКМдин кызматкери.

Алдын ала маалыматка караганда, тилсиз жоо базардагы тез татым даярдоочу жерден башталып, андан кийин кийим-кече сатылган аймакка жайылган.

Өрттөн канча соодагер чыгым тартканы, баш-аягы канча контейнер күйгөнү такталып жатат.

Айрым ишкерлер базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин жана алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн билдиришти. Ушундан улам аларга кенемте төлөнүшү керектигин айтышты.

“Дордой” базарындагы өрт. 5-июль, 2022-жыл.
“Дордой” базарындагы өрт. 5-июль, 2022-жыл.

“Кызымдын контейнери товары менен кошо күйүп кетти. Ал жайкы сезонго деп 2 млн. сомго кымбат-кымбат товарларды алып чыккан. Биз патент, контейнердин ижарасын төлөп келатабыз. Эми биздин чыгымдын ордун толтуруп беришсин”, - деди өрттөн чыгымга учурагандардын бири Сурмакан Дүйшөбаева.

Дагы бир соодагер Мээрбек Райымбеков анын уулдарына тиешелүү үч контейнер күйүп кетип, 7-8 млн. сом зыян тартканын айтты. Ал да жардам сурады.

“Дордой” базарындагы өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондук өрт өчүрүү башкармалыктарынын куткаруучулары катышты.

“Дордой” - Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири. Анда 100 миңге жакын адам эмгектенери айтылып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG