Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Зеленский украин күчтөрү Орусиянын мизин кайтарууга даяр экенин билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнүн Москванын мизин кайтарууга кубаты жетиштүү экенин билдирди. Андан мурда Орусиянын лидери Владимир Путин өз армиясына Украинанын чыгышын басып алууну улантууну буйруган.

Зеленский 4-июлдун кечинде билдиргендей, украин армиясы Лисичанскиден чегингенине карабастан, өлкө чыгышында аскердик аракеттерин улантууда.

"Биз алардын мизин кайтарышыбыз керек. Бул оор маселе. Ал убакытты жана болуп көрбөгөндөй аракетти талап кылат. Бирок биздин андан башка альтернативабыз жок", - деди украин лидери.

Орусиянын армиясы 5-июлга караган түнү Славянск жана Краматорск шаарларын аткылоону улантты.

Согушка чейин калкы 107 миң адамды түзгөн Славянск шаарын Москва көптөн бери басып алууну көздөп келет. 2014-жылы үч айга көзөмөл орнотууга жетишкен, бирок кайра украин армиясы бошотуп алган.

Луганск жана Донецк облустарынын кайсы бир бөлүктөрү сегиз жылдан бери орусиячыл жикчилдердин колунда. Алар өз алдынча "республикаларды" жарыялап алышкан. Эми Москва эки облуска толугу менен көзөмөл орнотууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG