Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сындарга жооп берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аялдар жана балдарга карата зомбулуктун көбөйүшү, милицияга айтылган сын-пикирлер боюнча статистика камтылган кенен билдирүү таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын ИИМ жетекчисине болгон сын-пикирине жооп жазылган. Кыргызстанда жарандардын укуктары, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам иштеп жатканы, ага карабастан зордук-зомбулук фактылары көбөйгөнү белгиленген.

Статистикага караганда, 2021-жылы зордуктоо фактысы боюнча 604 иш катталып, анын 325и (53%) кыскарганы белгиленген. Ага кылмыштын курамы жок болгону себеп болгон. Өндүрүштөгү 249 кылмыш ишинин 223үнүн (89,5%) бети ачылган. 148 факты сотко өткөрүлгөн.

Никеге туруу максатында адам урдоо фактысы боюнча 254 кылмыш катталып, анын 214ү (84%) кылмыштын курамы жок деген негизде кыскартылган. 23 учур боюнча жабырлануучу тараптын арызы жок болгондуктан иш кыскартылып, 14 иш сотко ашкан.

Милиция өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 фактыны каттаган. Жабыр тарткандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген. Анын 8463 аялдар, 264ү балдар.

Ал эми 2022-жылы беш айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 3988 факты катталып, 3693 жабырлануучуга убактылуу коргоо ордери берилген. Милиция мекемелер аралык отчетко таянып, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 1392 протокол түзүлгөн. Сот тарабынан коомдук жумуштарга тартуу боюнча 714, камакка алуу 443 жана 98 учур соттун кароосунда экенин кабарлады. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 187 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 99у сотко жеткен.

Ички иштер министрлигинин алдында бүгүн, 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өткөн. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынган. Ошондой эле отуздай уюм президентке кайрылган.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG