Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кризистик борборлор зомбулукту токтотууга чакырды


ИИМдин алдында 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өттү.
ИИМдин алдында 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өттү.

Кыргызстандагы 30га жакын кризистик борбор, укук коргоо уюмдары жакынкы күндөрү эле аялдар, балдар кордолгон 20дай фактыны тизмелеп, президент Садыр Жапаровдон зордук-зомбулукту токтотуу чараларын көрүүгө чакырган кайрылуу таратты.

“Биз күн сайын аялдарды жана кыздарды өлтүргөнүн, асып койгонун, өрттөп жатканын, тирүүлөй көмүп жатканын, майып кылып койгонун, зордуктаганын, уруп сабаганын, уурдаганын жана никеге турууга мажбурлаганын билип жатабыз. Муну менен катар зордукталган аялдар көп учурда соттордун босогосун жыртууда. Ал эми зомбулук жасаган жана өлтүргөн адамдар тийиштүү жазаларын албай келүүдө”, - деп айтылат анда.

Мындан тышкары 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75%, ала качуу боюнча иштердин 94%, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90% кыскартылганы айтылып, аялын өлтүргөн адамга сот шарттуу жазаны берип койгон учурлар бар экенин билдиришкен.

Кайрылууга кол койгон уюмдар президенттен ыкчам жыйын өткөрүүнү, мамлекет башчынын гендердик суроолор боюнча кеӊешчиси институтун киргизүүнү сунуштады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында бүгүн, 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өттү. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынды.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанда 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG