Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Жалал-Абадда токмоктолгон кыз боюнча кылмыш иши козголгон эмес


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тараган эки видео жөнүндө түшүндүрмө таратты.

Ал видеолордун биринде Жалал-Абад мэриясынын имаратынын жанында кечинде бир кызды экинчи кыз катуу сабап жатканы тартылган. Ал эми экинчи тасмада аёосуз сабалган келиндин сөөгүнүн жанында ыйлап жаткан аялдар көрсөтүлгөн.

Облустук милициянын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев эки видео эки башка окуя экенин билдирди.

“Бул окуя ушул жылдын 7-июнь күнү Жалал-Абад шаарында болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу мушташып жаткан кыздардын тек-жайы аныкталып милицияга алынып келинген. Бирок бул эки кыз жакын курбу болгондуктан, жабырлануучу эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Кийин тосмо арыз жазып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Ал эми экинчи чыккан видеодогу каза болгон кыздын айланасында ыйлап жатышкан окуя Сузакта болгон. Аялын күйөөсү уруп, кийин каза болуп калган. Күйөөсү убактылуу кармоочу жайда жатат”, - деди Жээнтаев.

27-июнда Сузак районунда 31 жаштагы эркек 25 жаштагы аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалганы кабарланган. Шектүү кызганычтан улам жубайын муунтуп өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салганы айтылган.

Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү камакка алынган. (TB/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG