Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна үч долбоор сунушталууда


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Мурда Башкы прокуратура жайгашкан имараттын ордуна үч долбоор сунушталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди:

“Немис долбоорчулары бизнес борбор же отель сыяктуу үч вариант сунуштап жатышат. Комиссия карап чыгып, бирөөнү тандайбыз. Эски имараттын калдыктары сүрдүрүлгөндөн кийин аукцион жарыялайбыз”.

Мэр жалпысынан 40 сотых жердин тагдыры 12 жылдан бери белгисиз бойдон турганын белгиледи.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. 2010-жылдын Апрель окуяларында ал жерде өрт чыгып, имарат жараксыз абалга келген жана ошондон бери ал ар кандай жарнамалар менен жабылып турат.

2018-жылы мэрия имараттын ордуна гүл бакча ачыларын жарыялап, коомчулук шаар бийлигинин бул чечимин кубаттаган. Ага чейин автоунаалар үчүн токтотмо ачуу жөнүндө сунуштар да айтылган.

2020-жылдын ноябрында Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши жана баш калаанын кээ бир муниципалдык кызматтары жайгаша турган жети кабат имарат салынарын ошол кездеги шаар башчы Балбак Түлөбаев билдирген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG