Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:20

Төө-Ашуудагы тоннел ачылды


Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.

Бишкек-Ош автожолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде 5-июлда өрттөнүп кеткен автоунаа чыгарылып, жол ачылды. Учурда электр жарыгын күйгүзүү үчүн адистер иштеп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Буга чейин тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат кечки саат 16:30га чукул түшкөн. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өрттөнүп кеткен Lexus 470 автоунаасында эки адам болгонун, алар аман-эсен коопсуз жайга чыгарылганын билдирди. Маалыматта машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннел жолдордун эң узуну. Анын узундугу үч чакырымга жакын. Ал деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG