Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Төө-Ашууда тоннелде машине өрттөнүп, жол жабылды


Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.

Бишкек-Ош автожолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, Төө-Ашуу постундагы тоннелдин эки тарабы тең убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, куткаруу иштерине алты кызматкер тартылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат 5-июлда кечки саат 16:30га чукул түшкөн.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өрттөнүп кеткен Lexus 470 унаасында эки адам болгонун, алар аман-эсен коопсуз жайга чыгарылганын билдирди. Маалыматта машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу мүмкүн экени айтылат.

Социалдык тармактарга тараган видеодо тоннелдин ичинен кара түтүн чыгып жатканын, сыртында бир топ киши жүргөнүн көрүүгө болот.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннел жолдордун эң узуну. Анын узундугу үч чакырымга жакын. Ал деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG