Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот жараяны дагы жылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын ишин кароо 5-июлда төртүнчү жолу жылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, иш ушул жылдын 20-майында сотко түшкөн. 30-майда алдын ала угуу башталып, шектүүлөр Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырылган.

Сотто ишти териштирүү 14-июнга белгиленип, анда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү суралган. Кылмыш ишин кароого бөлүнгөн убакыт өтүп кеткенине байланыштуу соттук отурум 23-июнга дайындалган. Бул күнү прокурор жакын тууганынын сөөгүн коюуга катышууга кеткендиктен жараян болгон эмес. Кийинки отурум 29-июнга белгиленген. Анда айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу №1 тергөө абагынан №47 абакка которулганы негиз болгон. Ишти караган судья Азис Эшалиев Сот адилеттиги иштери кеңешинин жыйынына катышып жатат деген жүйө менен отурум 5-июлда да өткөн жок. 8-июлга белгиленди.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы дагы бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Окуя коомчулуктун сынына кабылып, 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында акция өттү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG