Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:02

Жапония Орусиядан алтын импорттоого тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапония Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу санкциялардын жаңы айлампасын киргизди. Ага ылайык, орус алтынын импорттоого тыюу салынды. Ошондой эле орусиялык 57 адамдын жана компаниянын активдери камакка алынды. Алардын арасында вице-премьер-министр Дмитрий Григоренко, виолончелист Сергей Ролдугин да бар. Андан тышкары Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын баскынчы бийликтерине каршы санкция салынды.

Жаңы чектөөлөр жапониялык компанияларга Орусияга бухгалтердик, аудит, консалтинг кызматтарын көрсөтүүгө тыюу салат.

Алтынга эмбарго киргизүү маселесин жапон бийлиги "Чоң жетиге" кирген мамлекеттер менен макулдашкан. Буга чейин орус алтынын импорттоого АКШ тыюу салган. Американын президенти Жо Байдендин айтымында, Москва алтын экспортоодон "ондогон миллиард доллар" киреше табат.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсондун эсебинде орус алтынын импорттого тыюу салынышы соңку кездери өз активдерин алтын менен четке которуп жаткан орус олигархтарына чоң сокку урат.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр алтын экспортунан орус экономикасы 15 миллиард доллар тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG