Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Балдар омбудсмени 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишке көз салууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишке көз салып жатканын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Андагы маалыматта иш Башкы прокуратуранын дагы көзөмөлүндө экени айтылат.

“Көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата бөгөт чарасы камакка алуу деп кабыл алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат. Өз кезегинде Асел Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди”, - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Чынбаева Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгилеген. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл зомбулукту алдын алуу үчүн коомчулукта атайын өнөктүк уюштурууну сунуштаган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын ишин кароо 5-июлда төртүнчү жолу жылды. Кийинки отурум 8-июлга белгиленди.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы дагы бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG