Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Акылбек Жапаров милиция кызматкерлеринин жоругу кечиримсиз экенин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

5-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте журналист, блогер жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен жолугушуу учурунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы, күч органдарынын реформасы жөнүндө “Азаттыктын” суроосуна жооп берди. Жапаров күч органдарынын башчылары колдон келишинче иштеп жатканын, милициянын арасында дагы кылмышка баргандар бар экенин билдирди.

“Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Илгери өлүм жазасын алып, демократиялык өлкө бололу дегенде каршы болуп Аскар Акаевге кайрылгам. Мындай нерселер кечиримсиз болушу керек”.

Жапаров зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн күч органдары менен бирге аракет күчөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева бул ишке көз салып жатканын президенттин басма сөз кызматы маалымдаган.

5-июлда Ички иштер министрлигинин алдында кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотуу талабы менен акция өткөн. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер анда министрдин отставкасын талап кылышты. Ошондой эле 30дай уюм президентке кайрылды.

ИИМ аялдар жана балдарга каршы жасалган кылмыштарды, зордук-зомбулукту ооздуктоо үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын билдирген.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG