Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Президенттин администрациясы кризистик борборлордун кайрылуусуна жооп берди


Бишкектеги Ак үй.
Бишкектеги Ак үй.

Президенттин администрациясы Кыргызстандагы 30га жакын кризистик борбор, укук коргоо уюмдарынын Садыр Жапаровго кайрылуусуна жооп берди. Билдирүүдө өлкөдө балдарды коргоо мамлекеттин жана президенттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экени айтылат.

“Айрым кейиштүү окуялар бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын гана айгинелейт”, - деп жазылган анда.

Президенттин администрациясы аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн стратегиясы жана иш планы иштелип чыканын, 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо боюнча программанын долбоору даяр экенин кабарлаган. Сөз болгон программалардын алкагында оор кырдаалга кабылган балдар, үй-бүлөлөр менен иштөө үчүн социалдык кызматкерлердин саны көбөйтүлөрүн белгилеген.

Мунун алдында Кыргызстандагы 30га жакын кризистик борбор, укук коргоо уюмдары жакынкы күндөрү аялдар, балдар кордолгон 20дай фактыны тизмелеп, президент Садыр Жапаровдон зордук-зомбулукту токтотуу чараларын көрүүгө чакырган кайрылуу тараткан.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG