Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

УКМК “Хизб ут-Тахрир" уюмунун 11 мүчөсү кармалганын билдирди


“Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрү кармалды. УКМКнын сүрөтү
“Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун мүчөлөрү кармалды. УКМКнын сүрөтү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) экстремисттик материалдарды даярдоого жана таратууга (Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү) шектелип 11 киши кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү ай сайын өткөрүлүүчү "чогулушунда" Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылында колго түшкөн.

Атайын кызмат тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынганын билдирүүдө.

"Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө абагына камалган. Алардын байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө деди атайын кызмат.

УКМК октябрдын башында дагы диний-экстремисттик жана террористтик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун жети мүчөсү кармалганын маалымдаган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда эл аралык 20 экстремисттик-террордук уюм жана бир секта бар. Кыргызстан аларды деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таап, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башка уюмдар бар.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG