Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде 30-октябрда өткөргөн жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тапшырма берди.
“Аталган милинистрликке Баткенде чек арага жакын айылдарда жашаган балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул чегерүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндөгү Министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун даярдоо жана аны президенттин администрациясына киргизүү тапшырылды”, -деп айтылат маалыматта.
Буга чейин чек арада жашаган айылдардагы айрым тургундар балдарга жөлөк пул алуу машакаттуу, айрым учурда дээрлик мүмкүн эмес экенин айтып даттанып келишкен.
Расмий маалыматка ылайык, аталган облуста 18 миңге жакын үй-бүлөдөгү 77 миң бала жөлөк пул алат.