Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Мушарраф экс-премьердин өлүмү үчүн айыпталды


Первез Мушарраф 1999-2008-жылдардагы бийлиги учуруна тиешелүү бир топ кылмыштарга айыпталган.
Первез Мушарраф 1999-2008-жылдардагы бийлиги учуруна тиешелүү бир топ кылмыштарга айыпталган.

Пакистанда экс-президент Первез Мушаррафка мурдагы премьер-министр жана оппозициянын лидери Беназир Бхуттону өлтүргөн деген айып тагылды.

Мушаррафка Равалпиндидеги сот Бхуттонун өлүмү боюнча “адам өлтүргөн”, “өлтүрүү кылмышын уюштурган” жана “анын аткарылышына көмөктөшкөн” деген үч башка берененин негизинде айып такты. Экс-президент өзүнө ачылган буга чейинки иштердин баарын “саясий заказ” деп атаган эле.

Бүгүн жабык өткөн сот отурумунда Первез Мушарраф өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, күнөөлүү эмес экенин билдирди. Ишти кароо 27-августка жылдырылды.

Соттон чыгып бараткан жеринен журналисттерге сүйлөп, Мушаррафтын адвокаты Афшан Адил алар эч кандай териштирүүлөрдөн, иликтөөлөрдөн коркпой тургандыгын билдирди.

"Экс-президенттин бул ишке такыр тиешеси жок, - деди адвокат. - Менимче, азыр айтылган айыптардын бири да президентке туура келбейт".

Мушаррафтын партиясы да айыптоолорду четке какты. Пакистан мусулмандар лигасы партиясынын расмий өкүлү Асия Ишакуи өздөрүнүн лидерине тагылган айыптарды “жасалма” деп эсептей турганын айтты. “Кантип эле президент болуп турган киши адам өлтүрсүн?”, - дейт ал.

Мушарраф 2007-жылдын декабрында Бхуттонун коопсуздугун камсыздоого жетиштүү көңүл бурбаганы үчүн күнөөлөнгөн.

Бүгүн Мушаррафты сотко алып келердин алдында анын машинеси өтчү жолдо полициянын көзөмөлү күчөтүлдү.

Мурдагы президентке Бхуттонун өлүмү боюнча айып тагылаарын көпчүлүк алдын ала болжоп жүргөнү менен, соттун бул чечими Пакистандын тарыхында болуп көрбөгөн окуя болуп калды. Анткени генерал Мушаррафга чейин бул өлкөнү башкаргандардын бири да кылмышка айыпталган эмес.

Бир нече жыл чет өлкөлөрдө жашаган Мушарраф кайрадан өлкөгө келгенде өзүнүн президенттиги учурундагы окуялар боюнча айыптоолорго туш болду.

Быйыл июнда аны өлкөнүн азыркы премьер-министри Наваз Шариф “чыккынчылык” үчүн айыптаган.

Первез Мушарраф өзү 1999-жылы Наваз Шарифти аскерий төңкөрүштө бийликтен кулатып, ордуна келген болчу. Азыр эми кайра өлкө жетекчилигине келген Шариф Мушаррафты ошондогу окуялар үчүн да айыптап жатат.

Непада ага “чыккынчылык” үчүн тагылган айып боюнча Мушаррафты күнөөлүү деп табышса, экс-президент өмүр бою түрмөгө отургузулушу же өлүмгө өкүм кылынышы мүмкүн.

Мушаррафтын өкмөтү буга чейин Беназир Бхуттонун өлүмү үчүн талибдерди айыптаган.

Бириккен улуттар уюму 2010-жылдагы баяндамасында “Эгерде Мушаррафтын өкмөтү оппозициялык лидердин коопсуздугун учурунда жакшыраак камсыздаганда, анын өлүмүнүн алдын алса болмок” деп билдирген. Аны бирок ошол туштагы генерал-президенттин айланасындагылар “болбогон кеп” дешкен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG