Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Пакистанда демонстранттар талабынан кайта элек


Полиция премьер-министрдин кеңсесине келе жаткан демонстранттарды таратуу аракетинде. Исламабад, 1-сентябрь, 2014-жыл.
Полиция премьер-министрдин кеңсесине келе жаткан демонстранттарды таратуу аракетинде. Исламабад, 1-сентябрь, 2014-жыл.

Пакистанда өкмөткө каршы көчө жүрүштөрүнөн улам жаралган саясий кризис курч бойдон турат. Премьер-министр Наваз Шарифтин кызматтан чегинүүсүн жарым айдан бери талап кылып жаткан демонстрация лидерлери беттегенин бербесин айтууда. Байкоочулар кырдаал Пакистан армиясы жаатташкан тараптардын кимисин колдоруна көз каранды деп эсептешет.

Премьер-министр Наваз Шарифтин кызматтан кетишин талап кылып жаткан демонстранттар кечээ Исламабадда мамлекеттик теленин имараттарына кирип барып, анын берүүлөрүн үзгүлтүккө учуратышты. Теленин имараттары аскерлердин кийлигишүүсү менен гана бошотулду.

Бул окуяга тушташ премьер Наваз Шариф армия башчысы Рахил Шариф менен кездешти. Мунун алдында Пакистан армиясынын жетекчилиги өкмөттү жана демонстранттарды пикир келишпестигин тынч жол менен чечүүгө чакырып, бирок өлкөнүн “коопсуздугуна армия жоопкер" экенин эскерткен”.

Коргоо министри Асиф Хаваджи кечээ Исламабаддан “Рейтердин” кабарчысы менен маегинде соңку кырдаалды мындайча комментарийледи:

- Мамлекеттин тартиби толугу менен иштөөсү керек. Коомдо мамлекеттин таасири алсыз, а түгүл такыр эле жок дегендей ой-пикир калыптанууда. Бирок бүгүн эртең менен армия теленин имаратын көздөй жылганда мамлекет өз ыйгарым укугун аткара баштаганы көрүндү. Массалык камоолор болбосо да, күчтү шартка жараша колдонуу болушу мүмкүн. Бирок биз кырдаал курчуп кетпеши үчүн мурдагыдай эле абдан этият болобуз.

Пакистанда саясатчылар кризистик кырдаалды жөнгөрө албай калганда же армия менен чатакташкан кезде бийликти армия алып койгон учурлар көп кайталанган.

Демонстранттар өкмөттүк теленин имаратында. Исламабад, 1-сентябрь, 2014-жыл.
Демонстранттар өкмөттүк теленин имаратында. Исламабад, 1-сентябрь, 2014-жыл.

​Премьер-министрликке кайра келгенине бир жылдан бир аз ашкан Нафаз Шарифке каршы массалык нааразылык акциялар 14-августта Лахордон Исламабадды көздөй жүрүш менен башталган болчу.

Он миңдеген демонстранттарды Исламабаддын өкмөттүк имараттар жайгашкан “кызыл зонасына” мурдагы крикет жылдызы, азыркы оппозиция лидери Имран Хан менен диниятчы Тахир ул-Кадри баштап келген.

Алар Шарифти былтыркы шайлоону бурмалаганы, коррупциялык схемаларга аралашканы үчүн айыпташып, шайлоо мыйзамын реформалоону талап кылышууда.

Диниятчы Тахир ул-Кадри эки күн мурда “биз Пакистанда ыңкылап жасайбыз” деп ырастады:

- Биз отставкага жетишкен соң эле кетпейбиз. Биз жаңы Пакистанды жараткандан кийин тарайбыз. Биз ыңкылап жасайбыз. Кудай колдосо, ыңкылап болот.

Премьер-министр Нафаз Шариф болсо анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

Наваз Шариф
Наваз Шариф

Саясий карьерасында өкмөт башчылык кызматты үчүнчү жолу ээлеген, бир ирет бийликтен аскерий төңкөрүш аркылуу кулатылган Шарифтин премьерлигинин былтыртан берки бөлүгү Пакистанда диний араздашуунун, согушкерлердин кыянатчылыктарынын күчөшү менен коштолду.

Нааразылыкты ал шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө убада кылган экономикалык кайра жаралуу болбогону, чоң кызматтарга өз тааныш-билиштерин койгону, жарык мурдагыдай эле утур-утур өчүп жатканы да жараткандай.

Өлкөдөгү үчүнчү ири партия -“Техрик-и- Инсафтын” лидери Имран Хан эки күн мурда көчөгө өз жактоочуларын гана эмес, пакистандыктардын баарын чыгууга үндөдү:

Имран Хан
Имран Хан

- Бул силер үчүн чечүүчү учур. Эгер, силер өлкөнүн эркиндигин чыныгы демократияны кааласаңар, көчөгө чыга турган учур келди.

Пакистандын көз карандысыз тарыхында бийлик былтыр гана биринчи жолу демократиялык жол менен өз мөөнөтүндө алмашкан.

Бир катар баяндамачылар азыр да премьерди кетирүү менен эле Пакистандын көйгөйлөрүнө жооп табылбасын белгилешүүдө. Талдоочулардын болжолунда, азыркы кризис бийлик же демонстранттар пайдасына чечилиши армияга көз каранды.

Эгер армия демонстранттарды колдосо, убактылуу өкмөт куралып, мөөнөтсүз шайлоо жарыяланат. Кокус армиянын колдоосуна бийлик арзыса, жарандык өкмөт кыйла алсызданган болот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG