Кыргызстанда өкмөт аялга зордук-зомбулук көрсөткөн кишинин колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү сунуштады. Өлкөдө соңку айларда аялдарга карата үрөй учурган зомбулуктар катталып, бул коомдогу курч көйгөйлөрдүн бирине айланды.
Күйөөсү менен тогуз жыл жашаган 39 жаштагы Гулиза Рустемова турмушка чыккан күндөн тарта башынан токмок кетпегенин айтат. Ал азыр Таластагы айылдардын биринде үч баласы менен турат. Бул жакка бир жыл мурда кызыл камчы күйөөсүнөн качып келген.
"Зомбулук көргөнүмдү айтпай жүрдүм. Ата-энеме да айткан эмесмин. Куру намыстан улам жашыргам. Ал мени экөөбүз үйлөнгөн күндөн тарта уруп-сабап жүрдү. Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болгондо бир тепкен. Көбүнчө жетишпестиктин айынан урушчубуз. Колуна эмне тийсе - таш болсо таш, башка буюм болсо ошону менен уруп калчу. Анда аёо сезими жок эле".
Гулизанын айтымында, анын күйөөсү динге өтө берилген адам болгон. Ошондон улам да ортодо пикир келишпестик чыккан экен.
"Паранжы кийгизип койду. Капкара болуп жүрөсүң. Ансыз да ур-токмоктон сыгылып жүргөн жаным такыр эле элден оолак болуп калдым. Ошол паранжыны кийип, соодага чыгам. Эл мага жолобой качып жүрдү. Анын да өзүнүн эрежелери бар экен. Паранжы кийген аял эл менен көп аралашпай жүрүшү керек экен. Меники андай болгон жок. Балдарды багыш үчүн кечке базарда иштедим. Күйөөмдүн иши жок болчу. Кийин ажырашканда чечип салдым. Диний көз караштарыбыз да эки башка болду. Төрт айга мени, балдарды таштап, даабатка кетчү. Үйдө тамак-ашыбыз жок, балдар менен калчумун. Ал учурларда бизди апам багып жүрдү".
Каарманыбыз күйөөсү менен жашаган он жылга жакын убакытта үч балалуу болгон. Курсактагы төртүнчү ымыркайы ур-токмоктун кесепетинен бойдон түшкөн экен. Ал жолдошу эле эмес, кайын журтунан да зомбулук көргөнүн эстеп отурду.
Гулизанын апасы Элмира Рустемова кызы зомбулукка кабылганын кеч укканын, күйөө баласынын зөөкүрлүгүнөн улам ал ооруканага түшүп калганын айтып берди.
"Көзү жакшы көрбөй, башы ооруйт азыр кызымдын. Тиштерин салдырып бердим эле, баары ур-токмоктон түшүп калды. Акыркы жолу сабаганда кызым үйдөн качып чыгып, жолдон эсин жоготуптур. Мектептин жанында болгон экен. Мугалимдер жардам берип, "Тез жардам" чакырышыптыр. Биз кызымдын зомбулук көрүп жашап жүргөнүн ошондо билдик. Ооруканага кайын журту, күйөөсү, бири да басып келген жок".
Гулиза Рустемова ажырашкандан кийин сот үч баласына 6 миң сомдой алимент чегерип берген. Бирок келин кыймылсыз мүлк алган эмес. Анын айтымында, балдарынын атасы алиментти бир жылдан бери төлөй элек.
Келин азыркөчө боюнда майда-чүйдө сатып, үч баласын багат. Ал ушул жашоосуна ыраазы, анткени ызы-чуу, зомбулук менен коштолгон жашоосу көкөйүнө көк таштай тийген.
Бир ай мурун Талас шаары жана облустагы райондордо зомбулукка каршы тынч жөө жүрүштөр өткөн. Милициянын маалыматында, Талас облусу боюнча жыл башынан бери 200гө жакын зомбулук фактысы катталган. Анын дээрлик 90% аялдар жабыркаган.
33 жаштагы атын атагысы келбеген Таластын тургуну күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай шаардык милицияга арыз менен кайрылган. Биринчи жолку арызы менен ага коргоо ордери берилип, андан көп өтпөй күйөөсү аялды коомдук жайда эл көзүнчө сабап кеткен.
"Коргоо ордери деле мени коргогон жок. Ага сот коомдук ишти аткарсын деген чечим чыгарды. Мени коркутуп, артымдан аңдып жүргөнүн сот эске алган жок. Акыркы жолу машинем менен жолдо токтоп турган жеримден, терезеден башыма бир сокту. Күтүүсүз чапкандыктан, коргонууга жетишкен жокмун. Азыркы чечимден кийин дагы урат мени... Коргоо ордеринен да коркпойт. Мени милиция коргош үчүн сөзсүз эле күйөөм өлтүрүш керекпи?".
Кыргызстанда өкмөт аялдарды зордук-зомбулуктан коргоого багытталган мамлекеттик программаларын кайра карап чыгып, кылмышкерлерди колуна атайын билерик тагып көзөмөлдөөнү пландап жатат. Бул тууралуу аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга арналган, “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” дүйнөлүк жараяны башталган жыйында айтылды.
Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү керектигин айтты:
"Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук маселесин көз жаздымда калтыра албайбыз. Бул көрүнүш дагы деле бар. Биздин милдет - зомбулукту токтотуу эле эмес, аны алдын алуу боюнча иштөө. Коомчулукту үйрөтүү жана маалымдоо. Укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик тутумдарынын жана социалдык кызматтардын жетекчилерине бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырам".
Өкмөт сунуштап жаткан электрондук билерик зомбулук көрсөткөн кишиге тагылат, ал кайсы жерде жүргөнү, аялга кайра барып, тынчын алган жокпу, көрүнүп турат.
Юстиция министри эгер сунуш колдоо тапса, шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын улам көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилерин белгиледи. Азыркы мыйзамдарга ылайык, аялына зомбулук көрсөткөн эркектерге кыска жана узак мөөнөттөгү коргоо ордери берилет.
Укук коргоочулар иш жүзүндө ал ордер жабырлануучуну толугу менен коргобой жатканын айтып жатышат. Жакында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учуруп, кызуу талкуу жараткан. Күйөөсүнөн тынымсыз зомбулук көрүп келген Аселге беш жолу коргоо ордери берилген.
Өкмөттүн акыркы демилгеси натыйжалуу иштеп кетишинен күмөн санагандар да бар. Алардын бири - юрист Есения Рамазанова:
"Электрондук билерикти киргизүү оңой эмес. Биринчиден, ага бюджеттен көп каржы керектелет. Экинчиден, бул үчүн көп окуулар, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы жаралат. Коргоо ордеринин жакшы иштебей жатканына аймактык тескөөчүлөрдүн иши эле себеп болуп жатат. Эгер алар ишин так аткарып, зомбулук кылган адамга ордер жазып берип атканда жеткиликтүү түшүндүрсө, натыйжа болмок. Анда эч кандай билериктин да кереги жок болмок".
Ушул тапта дүйнөдө жана Кыргызстанда да “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” өтүп жатат. Быйыл өнөктүк "Кыздарга жана аялдарга инвестиция кылуу" деген ураандын алдында өткөрүлүп жатат.
Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8,5 миң факт катталган. Жыл башынан бери 7,4 миң аялга милиция коргонуу ордерин жазып берген.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды.