Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

"Мен Аселмин". Зомбулукка кабылган кыз-келиндер


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин окуясынан кийин ондогон келиндер өздөрү кабылган зордук-зомбулук тууралуу жазууда. Социалдык тармактарда зомбулукту токтотууга чакырган "Мен Аселмин" деген хэштег менен флешмоб акциялары өтүп жатат. Аялдардын укугун коргоочулар зомбулуктун токтобой жатышынын себептеринин бири катары көбүнчө зордукчулдун жазасыз калуусун, укук коргоо, сот органдарындагы, коомдогу мамилени айтып жатышат.

Аселге окшогондор көп

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын окуясынан кийин ондогон аялдар өздөрү кабылган окуялар тууралуу айтып чыгышты. Айрымдары "Азаттыкка" ачык кайрылса, кээ бирлери ысымын жашырып, зомбулуктагы турмушу жөнүндө жазууда. Кор болгон аялдардын көпчүлүгү бул тууралуу ачык айтып чыгуудан жазганышат, коркушат, тартынышат.

Үч жылдан бери күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып жашап келатканын айткан 22 жаштагы Чынаркүл (ысымы белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) күйөөсүнүн зомбулугунан кошуна-колоңдун үйүнө кире качкан учурлар далай болгонун, каралашканга туугандары да жок экенин айтып берди:

"Чогуу жашайм, бирок азап жеп жатам, ур-тепкиге кабылып... Ичкилик көп ичет, мурдумду канатып, бетимди көгала кылган учурлары көп болот. Көзүмө урганда катуу ооруп, ошондон бери жакшы көрбөйт. Көзүмдүн үстү дагы эле кызарып, тырык бар. Колдорумду дагы көгөртүп салган, азыр дагы шишип турат. Арыз жаздым милицияга, анда дагы болбоду. Кайра мага жетип келишти. Колума ургандан бери ооруп жатат. Билбейм, мен дагы эртең баягы эжеге окшоп калам го".

Чынаркүл Тажикстандан көчүп келген. Атасы дүйнөдөн кайтып, энеси оорукчан болгондуктан, мектепти 9-класска чейин эле окуп калган экен. Кайын-журту дагы кордоп, жакшы мамиле кылбаганын айтып жатат. Күйөөсүнөн кетсе баш калкалай турган жери жок экенин айтып жашыды.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы бул келиндин арызы боюнча маалымат такталарын "Азаттыкка" билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл 8 айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8512 факт катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 миң учурга көп. Жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 7 419 ордер берилген. 785 адам коомдук ишке тартылып, 3-7 күн камакка алынган. Бул жөн гана сандар эмес, мунун артында Асел сыяктуу ондогон аялдардын тагдырлары болушу мүмкүн.

"Бир айда миңдей аял зомбулукка учурайт"

Ушул тапта "Мен Аселмин" аттуу аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырган флешмоб акциялар өтүп жатат. Видеоролик кыргызстандык ырчы Зеренин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун аялдарга карата зомбулукту токтотууга арналган 16 күндүк өнөктүгүнө арналып жазылган "Жеңе" деген ырынын фонунда тартылган. Ырчы жеңесинин жылмаюусунун артында зомбулуктун белгилери турганын айтып, бети-башын көгөрткөн зомбулукка чыдабай кетип калууга чакырган.

Активисттер жана уюштуруучулар бул маселеге кайдыгер эмес жарандарды обочодо турбай, акцияга катышууга үндөп жатышат. Бишкектеги Career Ambassador фондунун жетекчиси Айнура Чолпонкулова иш-чара кыз-келиндердин, балдардын тагдырын талкалап жаткан зомбулукка коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында уюштурулуп жатканын айтты:

Айнура Чолпонкулова
Айнура Чолпонкулова

"Флешмобдун негизги идеясы, максаты - бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө зомбулукту токтотууга чакыруу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Эмне үчүн "Мен Аселмин" деп атадык? Анткени Аселдин ордунда башка аялдар дагы болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ага ар кайсы курактагы кыз-келиндер катышып жатат. Бул көйгөйгө кайдыгер карабаган адамдар көп болсун деген ойдомун. Статистиканы караганда деле соңку жылдары үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары көбөйүп жатыптыр. Бир айда дээрлик миң аял зомбулукка кабылат экен. Барган сайын зомбулуктун оор түрлөрү катталууда".

"Зомбулук жасагандар жазаланбай жатат"

Аялдардын укугун коргоочулар зомбулуктун токтобой жатышына көп учурда зордукчулдун жазасыз калуусу себеп болуп жатканын белгилеп жатышат. "Сезим" кризистик борборунун эксперти Сүйүн Курманова аялдарга зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасын жеңилдетүүчү беренелер ушундай үрөй учурган окуяларга алып келип жатканын белгиледи. Анын айтымында, ажырашкандан кийин кайрылган аялдардын басымдуу бөлүгү укуктук жардам сурашат:

Сүйүн Курманова
Сүйүн Курманова

"Кийинки кезде аялдарга карата зомбулук аябай оорлошуп кетти. Аягы трагедия менен бүтүп жатат. Ал маалыматты билген келиндер дагы ушундай тагдырга дуушар болуп, ушул кундү көрбөйүн деп чочулап, чогуу жашаганды токтотууга аракет кылып жатышат. Биз маек уюштурганда, дагы бир келин байланышка чыгып, "мендей келиндер аябай көп, алар билинбей, ачыкка чыгышпайт" деп айтты. Алар чыдабай, чегине жеткенде гана үйүнөн качып чыгат экен да. Зомбулукка өзгөчө көңүл буруп, мындай тенденцияны болтурбоо үчүн жазаны жумшартпаса жакшы болот эле. Тилекке каршы, укук коргоо тутумундагы реформалардан кийин зомбулук көрсөткөндөр эч нерседен тартынбай, жазадан дагы коркпой калышты. Көп иштер сотко жетпей жатат. Милициянын колу-буту байланып, укуктары чектелгенден кийин бул маселеге кайдыгер карап калышты. Бул мамлекеттик деңгээлде өтө көңүл бура турган маселеге айланды".

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин да зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон. Бул укук коргоо органдарына сынды күчөттү.

8 сааттык операцияны баштан кечирген Асел бир айдай ооруканада жатып, жакында үйүнө чыкты. Дарыгерлер Аселге дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтып жатышат. Ал "Азаттыкка" курган маегинде ажырашуу аялды зомбулуктан куткарбай турганын айтып, мыйзамдарды өзгөртүүнү өтүндү.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берет.

Кыргызстандын статистика комитети жана бир катар уюмдар 3-4 жыл мурун жүргузгөн сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылганын айткан.

Ички иштер министрлиги эки жылда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG