Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ногойбаеванын иши: Зордук көрсөткөн күйөөсүн пробацияга чыгарган судьяны иштен алуу сунушу берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Селекция айылында аялына мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон судьяны мөөнөтүнөн мурда иштен алуу сунушу президентке жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн 13-октябрда Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Судьялар кеңешинин чечими менен президенттин кароосуна Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматовдон тышкары жергиликтүү соттордун жалпысынан алты судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунуш жөнөтүлдү.

Алар – Баткен облустук сотунун судьялары Жыргалбек Жамангулов, Замирбек Алгожоев жана Замир Алыбаев, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Нурлан Байзаков, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдунов.

Жогоруда аталган жети судьянын бешөө боюнча сунуштаманы Жогорку сот төрагасы Замирбек Базарбеков берген.

Ошондой эле Судьялар кеңеши тартип комиссиясынын корутундусунун негизинде алты судьяны эскертүү түрүндө тартип жазасына тартуу тууралуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду.

Алар – Чүй облустук сотунун судьялары Ирина Горшсковская, Гүлмира Кожобекова жана Тарифа Масабирова, Нарын шаардык сотунун төрагасы Сотибек Осмонов, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Клара Калиева, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Бактыбек Иманбаев.

36 жаштагы Асел Ногойбаева кулак-мурду кесилген оор абалда ооруканага 20-сентябрда түшкөн. Буга мурдагы күйөөсү күнөөлүү экени, ал далай зомбулук көрсөтүп жүргөнү, быйыл судья Токтомаматов аны “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялак жаза чарасын чегерип койгону белгилүү болгон. Токтомаматовдун мындай чечимине каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда шашылыш каралып, пробациялык жаза 8 жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Жогорку соттун маалыматына караганда, аталган мекеменин төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларга карата чара көрүү боюнча “рекорддук санда” сунуш берген жетекчи болууда. 2022-жылдан бери ал 28 судья боюнча 19 сунуштама бергени айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG