Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Парламент Кумтөр боюнча келишимдин шарттарын колдоду


Кумтөр кени. 13-ноябрь, 2021-жыл.
Кумтөр кени. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңеш 9-мартта Министрлер кабинети сунуштаган "Центерра Голд" менен келишимдин шарттары боюнча долбоорун жабык карап, колдоп берди. Бирок анда кандай маселе камтылганы азырынча белгисиз. Өкмөт буга байланыштуу расмий комментарий бере элек. Депутаттар дагы документ "жашыруун" деген белги менен келгенин айтып, кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышты.

Жыл башында канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кумтөр кенин Кыргызстанга биротоло өткөрүп берүү шарттарын атаган. Анда Бишкек өз акцияларынан, экологиялык доолорунан жана башка нерселеринен баш тартышы керектиги жазылган.

Парламентте Кумтөр тууралуу келишимдин шарттарынын долбоорун кароо сунушун президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов киргизди. Ал ошондой эле документ жабык каралышы керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин түштөн кийинки жыйынына президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине келгенде депутаттарга Кумтөр тууралуу келишимди колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи, биздин сындашып, акыйлашып отурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция, позиция дебей бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруубуз - мезгил талабы. Мына бүгүн Кумтөр маселесин колдоп бердиңиздер. Терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ орчундуу маселелер, мамлекетибизди экономикалык кризистен чыгарып кетүү үчүн эң чоң долбоорлор болот, аларды дагы сиздерге алып келебиз".

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер катышты. Өкмөт азырынча документтин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Бир катар депутаттар долбоор "жашыруун" деген белги менен келгенин жүйө кылып, маалымат берүүдөн баш тартышты. Депутат Балбак Түлөбаев Кумтөр маселесинде өкмөт менен парламент мунасага келгенин учкай айтып берди.

"Бул маселеде Жогорку Кеңеш өкмөттүн жанында, өкмөт менен бир болду. Кумтөр маселесинде биз бүгүн мыйзам чыгаруу органы аткаруу бийлиги менен чогуу деп айттык. Мен азыр кээ бир нерселерди айта албайм, ал жашыруун. Бирок биз аткаруу бийлигинин Кумтөрдү 100% өзүнө алуу чечимин толугу менен колдоп, анын жанында болдук. Кээ бир нерселер бар эми, аны азыр айтканга болбойт. Аны өкмөт иштеши керек. Жакын арада, буюрса, бул кыргыз элинин пайдасына чечилет. Аны өкмөт түшүндүрөт го".

Ушул айдын башында канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc.) компаниясы Кумтөр кенин Кыргызстанга биротоло өткөрүп берүү шарттарын атаган эле. Анда Бишкек өз акцияларынан, экологиялык доолорунан жана башка нерселеринен баш тартышы керектиги жазылган.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев эң ириде бул мунасада улуттук кызыкчылык эске алынышы керектигин айтты.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

"Тоо-кен улуттук байлык болгондон кийин кыргыз элинин кызыкчылыгы эске алынышы керек. Экинчиден, экологиялык, айлана-чөйрөнү коргоо сөзсүз түрдө эске алынышы зарыл. Бизде мисалы өмүр бою, түбөлүккө кала турган калдыктар бар да. Азыр деле ошол уран калдыктары менен күрөшүп жатпайбызбы. Ал эми үчүнчүсү, албетте экономикалык жагы. Канча акча алып келет, дагы канча кошумча кирешебиз көбөйөт, ошолор каралышы керек".

Садыр Жапаров жыл башында Кумтөр алтын кенине барган учурда "Центерра Голд" компаниясы менен “сүйлөшүү жараянында жакшы жылыштар бар экендигин” айткан. Анын администрациясы ошол сапарда “тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр Голд Компани” ишканасын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы” белгиленген.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр азыр да уланууда. Бирок тараптар талашты тынчтык жолу менен да чечүүгө аракет кылып келишкен.

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабековдун пикиринде, кыргыз тарап "Центерранын" шарттарына макул болсо, утулат.

"Мен бул иштердин тынчтык менен бүткөнүн колдоор элем. Бирок канадалыктар койгон шарттардын баарына макул болсок, анда менде бир катар суроолор пайда болот. Биринчиси, акция баа болуп турганда ал 1,5 миллиард долларды түзчү. Бүгүнкү күндөгү баасы деле жок дегенде 750 милион доллар болот. Биз андан кол жууганы турабыз. Акциялардын баарынан кол жууп жатканда биздин Кумтөрдүн эсебинен капитализацияга деп алынган башка алтын кендеринен дагы кол жууп жатабыз. Лондондо рекультивациялык фонд бар, биз андан дагы кол жууп жатабыз. Аны Кыргызстанга ким алып келет, эмне үчүн ал Улуттук банкка которулган жок? Экологиябыз талкаланса, ошону калыбына келтире турган рекультивациялык фонд да".

Акылбек Жапаров төрагалык кылган мамлекеттик комиссия былтыр жазда "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

Андан сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту канадалык компанияны Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Эгер Бишкек "Центерранын" шарттарына көнсө, бул доосунан дагы баш тартат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG