Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

"Бир эле тартып көрөйүн" деп чылымга азгырылбаңыз!


Түрткөн сайын сага жабышчу массасы негативдүү объект. Айдоочу менен сүйлөшчү автосистема. Айда жана Марста турак-жай курчу робот даяр. "Бир жолу чылым тартып көрсөм эч нерсе болбойт" дебеңиз. Илим дүйнөсүнүн жаңылыктарынан.

Түртсөң жабышып алчу физикалык бөлүкчө

Массасы негативдүү объектти сиз канчалык катуу түртсөңүз, ал ошончо ылдамдап сиз жакты көздөй жылат. Ал эми Ньютондун Экинчи мыйзамына ылайык, сиз кайсы бир объектти түртчү болсоңуз, ал сизден алыстай баштайт.

Мындай массасы негативдүү бөлүкчөлөрдү жаратчу лазердик жабдууну АКШдагы Ротчестер университетинин Оптикалык институтунун (University of Rochester’s Institute of Optics) окумуштуулары жасашты.

Анын конструкциясы кадимки лазердин түзүлүшүнө окшош, ал эми жарык болсо параллелдүү эки күзгүнүн бетине багытталат. Эки күзгүнүн арасындагы мейкиндик оптикалык тузак деп аталып, анын чордонуна жарым өткөргүч материал - молибдениттин жука катмары атомдук бөлүкчөлөр түрүндө жайгаштырылат.

Ал оптикалык тузакка түшкөн жарык менен чогуу аракеттенет жана жарым өткөргүчтө пайда болгон экситондор жарыктын фотондору менен биригип, поляритон (англ. polariton) деп аталган квазибөлүкчөлөрдү жаратат.

Мына ушул квазибөлүкчөлөр негативдүү массанын натыйжасын (эффектин) пайда кылат.

“Экситонду* иденттүүлүгүнүн бир бөлүгүн жарыктын фотонуна бергенге мажбурлап, биз негативдүү массага ээ поляритонду алабыз. Мындай өзгөрүү жөнөкөй адамдын мээсин козгоп коюшу ыктымал. Андай болбогон учурда табылганын натыйжасы кимди да болсо жакасын карматып, “тобо” дедиртет. Эгер негативдүү поляритонду өзүңүзгө тартсаңыз же түртчү болсоңуз, ал сиздин интуицияңыз айткандан тескери тарапка кыймылдай баштайт”,- дейт доцент Ник Вамивакас (Nick Vamivakas).

Анын айтымында, негативдүү поляритондорду пайдалануу лазердин мурдакыдан алда канча кубаттуу жана натыйжалуу түрлөрүн алууну мүмкүн кылат. Бирок жаңы табылганы кайда колдонуу мүмкүн экенин окумуштуу физиктер азырынча билишпейт.

*Экситон (лат. excito — “желиктирем”, “козутам”) - электр агынын (ток) өткөрбөөчү диэлектрикте, жарым өткөргүчтө же металлдагы электрондук желигүүнү билдирген квазибөлүкчө. Ал кристалл аркылуу көчүп жүрөт, бирок электр дүрмөтү (заряды) менен массаны ташыганга эч тиешеси болбойт.

(Булагы: https://www.nature.com, http://www.futurity.org)

Айдоочу менен сүйлөшчү система

Германиянын Bosch компаниясы жасаган автомобилдер үчүн система 30 өлкөнүн ырасмий тилин, анын ичинде англис тилинин Британия, Америка, Жаңы Зеландия же Австралия диалектин таанып ажырата алат. Автоунаанын салонунда түрдүү тилдерде сүйлөгөн адамдар болсо, бул система алардын ар бирине өз тилинде реалдуу режимде жооп берет. Азырынча анын маалымат базасында аялдын 44 үнү жана эркектин 8 үнү бар. Система ошол үндөрдү пайдаланып, суралган маалыматты айтып берет.

Мындан тышкары система интернетке кошулбаган (оффлайн) режимде жана башка коммуникация түйүндөрүнө кошулбаса да иштей алат. Бирок бул система оффлайн-режимде суроону угуп, мээсине түйүп алганы менен жоопту Интернет байланышы пайда болгон соң кайтарат.

Автомобилдер үчүн Ford компаниясы иштеп чыккан SYNC системасына берилген суроо шаблонго ылайык болууга тийиш. Ошон үчүн айдоочу суроону шаблондогу сөздөрдү бузбай, так өзүндөй эсинде сактап калышы абзел. Эгер кайсы бир сөздүн ордун алмаштырып алсаңыз, система аны түшүнбөйт жана суроону кабыл албайт.

Bosch компаниясында жасалган системага автомобиль ээси ысым берип, мисалы, “Эй, Жүгөнчү” деп кайрылса, ал дайыма атын укканда:”Лаппай, эмне сурооңуз бар эле?” деп ээсинен сурап турат.

Айдоочулар заманбап жаңы автокөлүккө отурушканда, алар өздөрүн авиалайнердин учкучу сымал сезген учурлар да бар. Себеби автокөлүктүн иш панелинде айдоочу пайдаланчу түрдүү топчулар (кнопка), экрандар жыш жайгашкан. Биз панелдеги мындай башаламандыкка чекит коёбуз. Үндүү жардамчыны айдоочуну коштогон акылдуу жүргүнчү кылып беребиз”, - дейт баш кеңсеси Гамбургда жайгашкан Bosch компаниясынын башкаруучулар кеңешинин мүчөсү, доктор Дирк Хохайзел (Dirk Hoheisel).

(Булагы: https://www.springerprofessional.de, https://www.nst.com.my)

Марста “келгиндерге” үй курчу робот даяр

Адамазат жашоо мейкиндигин Марска кеңейтчү саат келгенде, бул кызыл планетаны өзү жалгыз өздөштүрө албайт. Ал үчүн оболу Жердин жандоочусу Айда тийиштүү база болуу керек. Андай базаны жана Айга саякаттап келген кишилер үчүн турак-жай курууда абдан билимдүү, катаал шартта кажыбай иштеген адис-инженерлерди пайдалануу абзел.

Германиянын космостук агенттиги - DLR тарабынан жасалган Justin роботу Марс менен Айда Жерден келген келгиндерге жашоого ылайыктуу шарт түзүүдө ишенимдүү жардамчы боло алат.

Жасалма интеллект менен камсыздалган бул робот курулушка зарыл түрдүү аспап-шаймандарды жасап, бул шаймандарды тейлегенге жана башка орунга жылдырганга жарамдуу. Андан тышкары ар кыл объекттерди сүрөткө түшүргөнгө, учуп жүргөн заттарды кармаганга, тоскоолдуктардан өткөнгө жана ойлонгонго жарамдуу.

Ал өз батареясын күн панелине туташтырып, өзүн өзү дүрмөттөйт (заряддайт). Андан тышкары ал космонавттарга чай жана кофе даярдап бере алат.

Justin роботунун бою 190 см, салмагы 199,6 кг, ар бир колу 14 кг жүк көтөрө алат. Колу жана сегиз манжасы кадимкидей бүгүлөт. Башындагы видеокамерасы жана сенсорлор айланасын үч өлчөмдө көргөзөт.

Кызыгы, Justin мурдатан программасы түзүлбөгөн жумуштарды космонавттардын көзөмөлү астында өз алдынча аткара берет.

Азыркы көпчүлүк роботтор өз алдынча же автономдук режимде мурдатан программаланган татаал жумуштарды гана бүткөргөнгө жарайт эмеспи.

Былтыр 25-августта Мүнхен лабораториясында өткөрүлгөн сынак маалында Justin Эл аралык космостук бекеттин күн панелин текшерип, бузулган панелдерди аныктады.

Роботко тапшырманы Эл аралык космостук бекетте учуп жүргөн италиялык космонавт Паоло Анжело Несполи (Paolo Angelo Nespoli) берип, иштин жүрүшүн орбитадан көрүп турду.

Бул жөнөкөй жумуш болгону менен эксперттер аны бөтөн цивилизацияны өздөштүрүү үчүн бир чоң секирик катары баалашууда.

Justin интеллектуалдык роботу алгач 2006-жылы жасалып, ошондон бери улам жакшыртылып жаткан.

(Булагы: https://www.wired.com, www.spacetoday.net)

“Чылымды бир эле тартып көрөйүн” дебеңиз!

Чылым тартып көргөн беш кишинин кеминде үчөө болочокто күнүнө тамеки тартчу чылымкорго айланат.

Бир жолу өзүнө тамеки сатып алгандардын бери дегенде 61% бара-бара күн сайын тамеки тартып калат. Лондондогу Мария падышалык университетинин окумуштуулары 216 314 адамды сурамжылагандан соң, дал ушундай тыянак чыгарды.

Профессор Питер Хайектин (Peter Hajek) айтышынча, тамеки тартуу көндүм адатка айлануусуна чейинки мезгилде тамекини "жөн гана бир жолу" тартып көрүү - өзгөчө маанилүү учур болуп саналат. Себеби мындай "жөн гана" азгырылган киши үчүн бара-бара “тамеки чегип, мээни сергитип, эс алуу -зарылдыкка же көндүм адатка айланып кетет”.

Анан да бир жолу чегип көргөндөрдүн көпчүлүгү күнүнө тамеки чекчүлөргө айланып кеткендиктен, киши чылымга байланып калбас үчүн, тамеки чегип көрүүгө эч жол бербөөсү өзгөчө маанилүү, дейт британиялык аалым.

Питер Хайектин сөзүнө караганда, ушу чакта Улуу Британияда чылым чеккендер кескин азая баштаган.

11-15 жаштагылардын 19% гана качандыр бир убакта чылым тартып көрүшкөнү “биз туура жолдо экенибизди көрсөтөт”, - дейт профессор Хайек.

Global Health Data Exchange маалымат базасы Британия, АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы сегиз сурамжылоону пайдаланып жасаган жыйынтыкка караганда, респонденттердин 60,3% качандыр бир убакта чылым тартып көргөнүн, 41% бир кезде күнүнө тамеки чеккенин айтышкан. Эсептөөлөргө караганда, бир ирет чылым тартып көргөндөрдүн 68,9% кийин күнүнө тамеки тартчу болуп калган.

Британ окумуштуулары бул жана башка изилдөөлөрдүн негизинде акыркы 20 жылда чылым чеккендердин санынын азайышын өспүрүм курактагылардын ичинен "тамекини бир тартып көрөйүнчү" дегендердин катмарынын азайганына байланыштуу болушу ыктымал деп жоромолдошот.

Проф. Хайектин айтышынча, электрондук чылымдар кадимки чылымдардай тез жайылат деген чочулоо дээрлик акталган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

(Булагы: http://www.qmul.ac.uk, https://academic.oup.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG