Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Узап бараткан жумада Кыргызстанда Үңкүр-Тоо маселеси кайра пайда болду. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бир нече талкуулар болуп өттү. Түркия Сирияда аскерий операция баштады.

Убайга салган Үңкүр-Тоо

Үңкүр-Тоо маселеси республиканы кайрадан түйшүккө салды. Март айында Үңкүр-Тоонун айланасында чыккан ушундай жаңжал чоң саясий кризис жаратып, Темир Сариевдин өкмөтү катуу алдастаган. Анда Өзбекстан эпке келип, талаштуу жерден аскерлерин чыгарып кеткен. Бул ирет “мышык-чычкан” оюну эмне менен бүтөөрү белгисиз. Бирок ал ушул абалында эле Кыргызстанга чоң моралдык, материалдык зыянын алып келди.

Мындай абалдын түзүлүшүнө Кыргызстан бийлигинин алабарман аракети себеп болгону байкалат. Белгилүү болгондой Үңкүр-Тоонун айланасындагы кезектеги кризис 13-августта Орто-Токой суу сактагычынан өзбек милиция кызматкерин кармап, камап койгондон кийин башталды.

Кыргызстандын 13-августтагы аракетине жооп кылган Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоого тик учактар менен куралдуу адамдарды таштап, телемунара жайгашкан жерлерди көзөмөлүнө алды. Телемунаранын төрт кызматкерин барымтага алгандай кармап кетти. Орто-Токой суу сактагычы боюнча талаптарын койду.

Кыргыз бийлиги заматта чегинип, өзбек милиция кызматкерин соттомуш болуп, айыппул салып тез арада бошотту. Бирок аны менен кризис жайгарылган жок. Өзбекстан аскерлерин чыгарбады жана Кыргызстандын төрт жараны бошотула элек. Ал эмес Үңкүр-Тоо аймагын "өзүнүн жери" катары жарыялап, кыргыз жарандарына чек араны бузган деген айып койду.

Жергиликтүү калк төрт жаранды бошотуу талабын коюп жатат. Ал эми Үңкүр-Тоодогу телемунаранын кызматкери Ажибай Үрүстөмов телемунара иши токтоп, жергиликтүү калк байланыш жана эфирден ажырап калыш мүмкүндүгүн эскертти:

- Азыркы учурда НТС телеканалынын жана “Миң-Кыял” радиосунун эфирдик толкундары токтоп калды. Ал жакка эч ким бара албай жатат. Эгерде жагдай бул калыпта уланса, анын өз алдынча көпкө иштөөсүнө кепилдик жок. Ал жердеги баалуу техникалар куйүп, станция өз ишин токтотуусу мүмкүн.

Президент Атамбаев болсо тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башчысын чакырып, чек ара боюнча келишимдерди кайра карап чыгууну тапшырды.Үңкүр-Тоодогу абал боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев, ал кездеги тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, чек ара боюнча өкмөттүк комиссия башчысы Саламат Аламанов, ал эмес Адахан Мадумаров жана Азимбек Бекназаров да айыпталды.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков Үңкүр-Тоо боюнча сүйлөшүү болушу керек дейт:

- Бул жер талаштуу деп айтылгандан кийин, толук такталбаган участок болгондон кийин ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгында кандайдыр бир кадамдарга барат экен. Биздин сүйлөшүүдөн аксап жатканыбыздын себеби 2006-жылы коюлган колдо болуп жатат. Негизгиси сүйлөшүү керек. Ошол кезде компетенттүү чечилгенине күмөнүбүз бар деп, сүйлөшүү менен чечкенге аракет жасалыш керек. Мындай нерсе өзбек тарапка да, кыргыз тарапка да пайда алып келбейт.

Өзбекстандын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан кысымынын артында Орто-Токой суу сактагычына көзөмөл алуу аракети жатат. Ал Өзбекстан үчүн маанилүү.

Саясат кайра көчөгө көчөбү?

Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу курч талкуулар жума ичинде эки жерде уюштурулду. 24-августта өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган талкууга президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов баштаган аткаминерлер, үч-төрт бийликчил депутат катышты. Андан кийин 25-августта “Узурпацияга жол жок” кыймылы талкуу уюштурду. Ага бийлик өкүлдөрү келген жок, бирок укук коргоочу Токтайым Үмөталиева чыр чыгарып, талкууга жолтоо жасоого аракет кылды.

Президенттик аппараттын башчысы Ниязов 24-августтагы талкууда Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси алты жылдын ичинде бышып жетилгенин билдирип, оппозиция жүйөлөрүн “жалганга” чыгарды:

- 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүгө болбойт деген жалган. Конституцияны жана референдум боюнча мыйзамды окугула. Жогорку Кеңештин ыйгарым-укуктары азайат деген жалган. Жогорку Кеңеште ыйгарым-укуктары абдан көп. Эгерде кээ бир өзгөртүүлөр ыйгарым-укуктарды бөлүштүрүүнү тактаса, аны Жогорку Кеңешти алсыратуу катары кароого болбойт. Премьер-министр бийликти узурпациялап алат деген жалган. Атамбаевдин бийлигин узартат деген жалган. Конституциялык палатаны алсыратуу деген жалган.

Фарид Ниязов менен талкууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова ага мындай жооп берди:

- Каалагандай айтса боло берет. Бирок ар дайым эл алдында калп айта берүүгө болбойт. Эл билет. Бул демилгенин өзү кандай чыгарылганы эле айтып турат. Биринчи күнү 47 депутаттын колу менен чыгарылган. Андан кийин депутаттардын колун бурап жатып 87ге жеткирилди. Андан кандай майнап эми?...

Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан Өмүрбек Текебаев бийлик демилгесине каршылыгын ого бетер курчутуп, бул жерде узурпация эле эмес, кылмыш жоопкерчилиги жатат деген пикирин айтты.

Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө келгенде, андагы негизги максат өкмөт башчынын бийлигин ар тараптан бекемдеп, аны кол жеткис чепке айлантуу аракети болууда. Ал чепке каршы чечим чыгарууга ыйгарым - укугу бар Конституциялык палатаны болсо өзгөртүүлөрдөн кийин “атасынан уруксат сурап сыртка чыккан балага” окшотуу аракети байкалууда.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн бийлик долбоордо, биринчиден фракциялардын коалициядан чыгуусун татаалдаткан. Маселен, коалициядан чыгуу үчүн фракция депутаттарынын үчтөн экисинин добушу керек деген жобо киргизилген. Экинчиден, премьер-министрди кызматтан алууну татаалдаткан. Жаңы жобо боюнча өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн депутаттардын үчтөн экисинин добушу керек.

Андан сырткары өкмөт башчы жана вице-премьер-министрлер депутаттык мандатын сактайт. Мындай шартта өкмөт башчыны кызматтан бошотуу мүмкүн болбой калышы белгилүү.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген тараптын бир жүйөөсү алты жылдын ичинде өкмөт алты жолу алмашты, келечекте андайга жол бербеш керек дейт. Башкача айтканда, Алмазбек Атамбаев өкмөттү алты жолу алмаштырса болот, башкаларга болбойбу деген суроону жаратууда.

Оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү болсо президенттик аппараттын Конституцияны өзгөртүү максатынан бийликти андан ары сактап калуу аракетин көрүп жатат. Ошондуктан 25-августтагы талкууда да негизинен Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикирлер басымдуу болду.

Ал талкууда айтылгандай, 2010-жылы бийликке келген Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып, президент Атамбаевге кайрылуу жолдоону көздөөдө. Азимбек Бекназаровдун айтымында, Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев менен жолугууга жөнөтүлөт:

- Бүгүн-эртең биз Убактылуу өкмөттүн төрайымы баш болуп билдирүү кылабыз. Көпчүлүк колдойт деп ойлоймун. Убактылуу өкмөттүн декрети боюнча 8-9 добуш болсо, ал өттү деп эсептелет. Андай колдоочулар бар. Эгемендүүлүк күндүн алдында референдумга каршыбыз деп жарыялайбыз. Бир текст менен Роза Отунбаеваны президентке сүйлөшүүгө жөнөтөбүз. Барып сүйлөшүп көрсүн. Мүмкүн президент референдумдан баш тартат.

Бишкекте өткөн талкуулар Конституцияны азыркы жол жана сунушталган долбоордой өзгөртүүгө каршылык абдан күчтүү экенин көрсөттү. Ал эми расмий демилгечи аталган “Республика-Ата журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев, “Бир болдун” лидери Алтынбек Сулайманов, ал эмес КСДПнын лидери Иса Өмүркулов да ачык талкууларга катышкан жок. Алардын пикири мүмкүн сентябрда сессия башталганда айтылаар.

Ал эми оппозициялык саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү референдумга каршы курултай, митинг уюштурууну көздөшүүдө. “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов белгилегендей, Кыргызстанда көчө оппозициясы кайра пайда болуп, маселе парламентте эмес, кайрадан көчөдө чечиле баштайбы деген суроо жаралат.

Түркия Сирияда операция баштады

24-августта Түркия Сирия аймагына жөө аскерлерин жана танктарын киргизди. Түрк бийлиги мындай чечимге 20-августта 54 адамдын өмүрүн алган Газиантеп шаарындагы теракттан кийин келгени кабарланды. Ал жардырууга “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм айыпталды. Ошондуктан Түркия “Ислам мамлекети” көзөмөлдөгөнТүркия чек арасына жакын жайгашкан Сириянын Жераблус шаарын тазалоо операциясын баштады. Түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым 26-августта операциянын канчага уланышы тууралуу буларды билдирди:

- Биз Даиш жана башка террордук уюмдардан тазалайбыз. Ошондуктан ал райондордо жашаган адамдар үйлөрүн таштап кетпеш керек. Биздин чек аралардын жана жарандарыбыздын коопсуздугу 100% камсыздалмайын биз операцияны улантабыз.

Түркиянын Сириядагы чабуулу “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм эле эмес, ал райондордо кожоюндук кылган күрт түзүлүштөрүнө да каршы багытталды. Белгилүү болгондой, Түркия өзүнүн аймагында Күрт жумушчу партиясы аталган уюмга каршы күрөшүүдө. Анкара аны террордук деп тааныган. Түркияда орун алып жаткан кандуу теракттарга мына ушул Күрт жумушчу партиясы айыпталууда.

Түркиянын Сириядагы операциясы геосаясий турумдарга да таасирин тийгизди. Кошмо Штаттар Анкаранын аракетин колдоого алып, вице-президент Жо Байден Сириядагы күрт түзүлүштөрүн Ефрат дарыясынын чыгышына жылууну эскертти:

- YPG же Сирия демократиялык күчтөрүнүн бөлүктөрүнө биз ачык эскерттик, алар Ефрат дарыясына карай чегиниш керек. Эгерде алар муну аткарбаса, анда Американын колдоосунан ажырайт.

Түркия Сирияда операциясын баштаган күнү АКШнын вице-президенти Жо Байден Анкарага келди. Бул 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн биринчи сапары болуп калды. Эки өлкөнүн мамилеси төңкөрүшкө чейин АКШнын Сирияда күрттөрдү колдоосуна байланыштуу бузулуп турган болсо, төңкөрүштөн кийин динаятчы Фетхуллах Гүлендин маселеси Вашингтон менен Анкаранын мамилесин ого бетер бүркөлттү. Жо Байдендин президент Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө Гүлен маселеси күн тартибинде турду. АКШ вице-президенти Түркия төңкөрүштүн уюштуруучусу деп атап жаткан Гүленди кайтаруу Америка мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат деген пикирди билдирди.

Кошмо Штаттардын Түркиянын Сириядагы операциясын колдоосу жана күрт түзүлүштөрүнө карата эскертүүсү Вашингтондун Анкаранын ачуусун басып, стратегиялык өнөктөштүгүн сактоо максатын билдирет.

Сирия жаңжалына аралашкан экинчи ири мамлекет, Орусия Анкаранын Сирия операциясын кубаттоого алган жок. Ошондуктан жакында эле тил табышкан эки өлкө кайрадан карама-каршылыкка батышы мүмкүн экендиги айтылууда. Анын биринчи белгиси катары Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы Валерий Герасимовдун 26-августка Түркияга белгиленген сапарынын болбой калышын атоого болот. Бул сапар тууралуу түрк маалымат каражаттары кабарлап жаткан эле, 25-августта “Известия” гезити ал сапардын болбостугун маалымдады.

Москванын Анкара менен эле эмес, Иран менен мамилесинде да узап бараткан жумада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Адегенде Ирандын коргоо министри Хоссейин Дехкан Орусия Хамадан аба майданын пайдалануусун мактанып жатат деп сынга алды. Андан кийин 22-августта Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Касеми Орусия Хамадан провинциясындагы аба базаны колдонууну токтотту деп билдирди. Шаршемби күнү Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани Орусия базаны дагы пайдалана алат деген билдирүү жаратты. Иран тараптан чыккан мына ушундай карама-каршылыктуу билдирүүлөр Иран менен Орусиянын ортосундагы кандайдыр бир келишпестиктерден кабар берет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG