Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште мандат жаңжалы кайрадан тутанды. Өкмөт Кытай менен темир жол курууда кууш вариантка көнүп, ал эми Орусия менен ГЭСтер боюнча келишимди бузууга киришти.

Дүйнөдө мунайга баанын арзандашы Орусия валютасына сокку уруп, кыргыз валютасы күчтүү басым астында калды.

Парламенттеги мандат талаш...

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште кезектеги мандат талаш жаңжалы чыкты. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев фракция мүчөлөрү Элмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова жана Урмат Ишенбековду депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берип, БШК анын негизинде 11-январда эки депутаттын мандатын шашылыш түрдө алды. БШКнын жыйынына жетип келүүгө үлгүргөн Урмат Ишенбеков мандаттан баш тартуу тууралуу арыз жазбаганын айтып, депутаттык ордун сактап калды. Ал эми эки депутат айым ага үлгүргөн эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы эртеси шашылыш түрдө “Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги кезекте турган эки талапкерге мандат берүү чечимин чыгарган. Бирок ошол эле күнү мандатын талашсыз жагдайда тапшырган “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин ордуна жаңы депутатты каттаган эмес.

Мына ушундай "бирине оң, экинчисине сол көз" менен караган жагдай БШКга мыйзамдарды баарына тегиз колдонбой жатат деген айыптоону жана мунун артында чоң акча, коррупция жатат деген шектерди күчөттү.

Мындай күмөн жана шектердин чыгышын мыйзам ченемдүү деген БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева, БШК шашылыш жана талаштуу чечимдери менен ага негиз берүүдө дейт:

- Ошол учурда БШКда маселе көтөрдүм. Эки мандат талаштуу болуп атса, аны дароо беришти. Анда эмне үчүн буга бербейсиңер (Жоомарт Сапарбаевдин ордуна келген адамдын мандатын) деп айттым. Муну менен баарына бирдей мамиле болбой жатпайбы дедим.

Акылбек Сариев

Акылбек Сариев

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын шашылыш чечимдерин жоопкерсиздик катары баалап, мындай шартта Жогорку Кеңеш өзү мыйзамдуулукту орнотууга киришиши керек эле дейт:

- Азыркы кезде мунун баары мыйзамсыз болуп жатканы көрүнүп жаткандан кийин парламенттин комитети карашы керек эле. Мыйзамдардын, Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөгөн комитет өзүнүн милдетин аткарышы керек. Карабай койсо, анда “карганын көзүн карга чокубайт” дегендей бир фракциянын ишине экинчиси кийлигишпейт деген принципке өтүп кетиши мүмкүн. Анткени буга чейин да жети депутат мына ушундай жагдайга кабылып, анан келишкен.

Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда бул маселе көтөрүлүп, күн тартибине киргизилгени менен, ал талкууланган жок. Профилдик комитетте ал маселе көтөрүлгөн да эмес.

Ал эми мандатынан ажыратылган Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманова сотко кайрылып, сот жума күнү алардын пайдасына чечим чыгарды. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматовго үч жолу мандат берип, үч жолу кайра алгандай эле бул депутат айымдардын мандатын кайра берүүгө аргасыз болот. Анткени соттун чечими аткарылышы керек.

Жогорку Кеңештеги мандат талаш жаңжалынын себебине келе турган болсок, анын учугу азыркы парламенттин коммерциялык-келишимдик негизде түптөлүүсүнө барып такалат. Мындай негизде түзүлгөн парламент мамлекеттик маселелерди чечүү эмес, ич ара талаш-тартыш жана жаңжалдар менен көбүрөөк убара болуп, баркы кетип жатканын айрым депутаттар өздөрү моюнга алууда. Бул парламентте өз пикирин, позициясын жогорку бийликтен тайсалдабай айтып, аны коргогон парламентарийлер өтө эле сейрек болуп жатканы да өкүнүчтүү жагдайды көбөйтүүдө.

Камбар-Атага кайдан инвестор издейбиз?

Кыргызстан Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадында төрт чакан жана орто ГЭСти куруу боюнча Орусия менен 2012-жылы жетишкен келишимден чыгууну тездетти. Келишимди Орусия аткара албай калганын декабрь айындагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирген эле. Андан кийин өкмөт өз чечимин кабыл алып, келишимдерди денонсациялоону Жогорку Кеңешке сунуштады. 15-январда Жогорку Кеңештин фракцияларында бул маселе шашылыш түрдө карала баштады. Адегенде КСДП жана “Өнүгүү” фракциялары келишимди денонсациялоону жактады. Өкмөт калган фракцияларды да маселени тез арада карап берүүгө үндөдү.

КСДП фракциясынын мүчөсү, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Орусия кризиске байланыштуу келишимди аткара албагандан кийин ал денонсацияланып, жаңы инвестор табылышы керек дейт:

Осмонбек Артыкбаев

Осмонбек Артыкбаев

- Камбар-Ата-1ге ар тараптан активдүү түрдө инвестиция тартса болот. Кытайдан тартса болот. Кытайда кызыккандар абдан көп. Индиядан, Түркиядан, Араб өлкөлөрүнөн, Түштүк Кореядан тартса болот. Башка өлкөлөрдөн да издесе болот. Бул долбоордун келечеги тариф саясатына байланыштуу болот. Анан электр энергиясын экспорттоого да байланыштуу. Булар боюнча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Тариф саясатын жүргүзүүгө өкмөт укук алган. CASA-1000 долбоору менен Ооганстан, Пакистанга электр зымы тартылып жатат. Ал жактарга электр энергиясын сатууга мүмкүнчүлүк ачылууда.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Ташкен каршы чыккан. Өзбекстан бул ГЭСтин курулушу региондогу суу балансын бузат деп чочулоодо. Осмонбек Артыкбаевдин пикиринде, бул маселе боюнча Ташкен менен өкмөт сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы тартыш болуп жаткан Өзбекстанга да ГЭСтин курулушу пайдалуу экенин түшүндүрүшү керек дейт.

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 млрд. долларга чейин каражат кетери айтылган. Мынчалык суммада каражат бөлүүгө Кытай жөндөмдүү экени белгилүү. Бул мамлекет дүйнөлүк эң ири масштабдагы “Үч капчыгай” ГЭСин курган. Ал ГЭС бир жылда 100 млрд. килловат саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгаары айтылган. Бирок Кытайдын Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча позициясы азырынча белгисиз.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда Бээжин өзүнүн вариантын жүзөгө ашырууга кыргыз өкмөтүн көндүрүп калганы маалым болду. Кытай тарап темир жолду эл аралык стандартка ылайык, кууш вариантта салууну башынан бери эле көздөп, бул маселе эки тараптын көп мезгилден берки сүйлөшүүсүнүн предметине айланып келген. Дал ушул маселе декабрь айында премьер-министр Темир Сариевдин Бээжинге сапары учурунда темир жолду кура баштоо боюнча меморандумга кол коюлбай калышына алып келген.

Темир жолдун кууш же кең варианты жума башында өкмөт башчынын Кытай элчиси менен жолугушуусунда талкууланды. Анын жыйынтыгы боюнча таратылган маалыматта Кыргызстандын темир жолдун кууш вариантына көнүп калганы байкалган. Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев аны тастыктады:

Аргынбек Малабаев

Аргынбек Малабаев

- Азыркы кезде караштырып жатабыз. Сүйлөшүү уланып жатат. Дагы талкууланат. Бирок кууш вариантка токтойбуз го... Биздин өкмөт да ага макул болгонсуп жатат...

Кыргызстандык эксперттер менен саясатчыларда жол кандай болбосун курулуп, республика темир жол туңгуюгунан чыгыш керек деген пикир көп болууда. Маселен, генерал Токон Мамытов Орусия жана Казакстан Кытай менен жол куруп алгандай эле, Кыргызстан аркылуу да курулушу керек дейт.

Жогорку Кеңештеги транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов да жолдун курулушу маанилүү дейт:

- Бүгүнкү күнү Орусиянын Кытай менен чектешкен жери бар. Казакстандын чек арада “Хоргос”, “Дружба” деген өткөрмө бекеттери бар. Ал жерлерден өтүп жатат. Бирок ал жерлерде вагондорду алмаштырган базалар бар. Ал эми бизде эң негизгиси курулушу керек. Пайдасы зор. Ошон үчүн чечим кабыл алса, ал туура эле болот.

Кытай варианты кабыл алынса, Кыргызстан темир жолу кууш жана кең вариантта эки стандарт менен иштөөгө өтүүгө аргасыз болот. Анткени Бишкек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун негизинде өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырууну көздөгөн. Бул жолду куруунун стратегиялык максаттарынын бири болгон. Демек, түндүк менен түштүктү байланыштырууда кууш варианттагы темир жол колдонулат.

Ал эми Орусия жана Казакстан багытына Кыргызстан поезддери мурункудай эле кең варианттагы жол менен каттайт. Бул багыттан Кыргызстанга абдан көп жүктөр ташылат. Ошондуктан мына ушул жерде карама-каршылыктуу жагдай түзүлүп, Кыргызстан темир жолу эки түрдүү стандартта иштөөгө өтөт.

Улуттук банктын "ур-токмогу" сомду сактоодо

Узап бараткан жумада дүйнөлүк баалуу кагаздар базарында төмөндөө, туруксуздук өкүм сүрүп, мунайдын баасы 30 долларга түштү. Анын натыйжасында негизги экспорттук кирешеси карамай сатуудан түшкөн Орусия жана Казакстандын валюталары кунун дагы жоготуп, Кыргызстандын сомуна басым дагы күчөдү.

Бирок жогорку бийликтин сомдун курсун азыркы абалда сактоо буйругуна жараша Улуттук банк дээрлик күн сайын интервенция жасоого өттү. Улуттук банк ошондой эле акча алмаштыруу жайларын жана коммерциялык банктарды тыкыр көзөмөлгө алып, чайкоочулукка, анын артынан калктын дүрбөлөңгө түшүп кетүүсүнө жол бербөөгө аракетин жасоодо.

Маселен, январь айынан бери Улуттук банк жети жолу интервенция менен чыгып, 37.7 млн. доллар сатты. Улуттук банктын мына ушундай активдүүлүгүнө карабай сомго басымдын күчөшүнөн сатуудагы бир доллардын баасы 30 тыйынга кымбаттап, 76 сом 30 тыйынга чыкты.

Өлкөдөгү коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлары башка өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн валюталары кунун жоготкондой эле, сом дагы девальвациянын алдында турат деп чочулап, доллар сатпоого, сатса да белгиленген курстан жогору сатуу амалын жасоодо.

Мындай шартта Улуттук банк 13-январда билдирүү менен чыгып, коммерциялык банктардын колунда 408 млн. доллар турганын, валюта базарында накталай доллардын суммасы жетиштүү экенин, доллар сатууга эч кандай чектөө киргизилбегенин билдирди.

Бирок коммерциялык банктарда бир доллардын баасы 100-120 сомго чыгат деген күтүү үстөмдүк кылып, стресс-тесттер мына ошол курс менен өткөрүлүп жатканын банк тармагындагы адистер белгилешти.

Кыргызстандын валюта базарында сомдун туруктуулугу үчүн Улуттук банк жалгыз күрөшүп жаткандай. Анткени Кыргызстандын экономикасындагы абалды оңдоого, өзгөчө тышкы соодадагы тескери сальдону кыскартууда өкмөттүн жетишкендиги байкалбайт.

Өткөн жылдын он бир айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 1 млрд. 304 млн. доллар, импорт 3 млрд. 681 млн. доллардын түзгөн. Көрүнүп тургандай тескери сальдо үч эсеге жакын. Бирок региондогу финансы-экономикалык кризис тышкы сооданын кыскаруусуна алып келген. Маселен, импорт 2015-жылдын он бир айында 2014-жылга салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга жакын, экспорт 10 пайыздан ашуун кыскарган. Бул кыскаруулар бажы жана салык төлөмдөрүнүн көлөмүнө да терс таасирин тийгизет. Жалпы эле Евразия экономикалык биримдигинде сооданын кыскаруусу да Кыргызстандын уюмдан ала турган кирешесин олуттуу азайтууда. Ошондуктан кыргыз өкмөтү буга чейин кризис деген сөздү оозануудан чочулап келген болсо, 15-январдагы жыйынында ал жөнүндө көп сөз кылып, антикризисттик чараларды жарыялады. Анда макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, инвестиция тартуу, экспортту көбөйтүү жана импорттун ордун алмаштыруу, калктын аз камсыз катмарын колдоо сыяктуу чаралар каралган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG