Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:56

Ак үй катуу кайтарууга алынды


Өлкө башчысы менен Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта коопсуздук чаралары күчөтүлүшү митингдерге байланыштуу экени айтылууда.

УКМК коопсуздук чаралары Жогорку Кеңеш алдына уюштурулган 12-ноябрдагы митингден улам күчөтүлгөнүн тастыктады. Кечээ митингге чыккан аксакалдар тобу бүгүн, 13-ноябрда да Ак үй алдына чогулду. Буга чейин 11-ноябрда бийликти басып алууга аракеттер болот экен деген сөздөр да тараган болчу.

Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңешке жумушка келген депутаттардын машиналары дыкат текшерилип, айрымдарыныкы ит менен да тинтүүгө алынды.

Буга нааразы болгон “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева эл өкүлдөрүн тинтүүнү мыйзам бузуу катары баалады:

- Өтө оор кылмыштарды эске албаганда, депутаттарды камоо, кармоо, тинтүү жана камакка алууга болбойт. Ошондуктан депутаттарды текшерип киргизүү менен бул жерде күзөт кызматкерлери тарабынан мыйзам бузулду. Болгондо да абдан одоно текшеришти. Иттер менен отурган жерибизден, өзүбүздөн бери текшеришти.

Жолдошеванын айтымында, күзөт кызматынын өкүлдөрү муну коопсуздук чаралары менен байланыштырган. Айтылгандай эле коопсуздукту күчөтүүгө Ак үй алдында уюштурулган митинг себеп болгондой.

Анткени өздөрүн “Элдик-патриоттук кыймыл” деп атаган топтун теңтөрагасы Нурлан Мотуев 150дөй аксакалдын катышуусунда митинг уюштуруп, алар “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду жана Садыр Жапаровду камактан чыгарууну талап кылышты.

Бирок депутат Жылдыз Жолдошева бул үчүн коопсуздук чараларын күчтөндүрүүгө негиз жок болчу дейт.

- Эмне себептен мындай кылышты билбейм. Анткени парламенттин, Ак үйдүн алдына аймактардан аксакалдар эле келген экен. Анан бир гана Нурлан Мотуев жүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Нурлан Токталиев Ак үйдүн имаратын кайтаруу күчөтүлгөнүн ырастап, аны митинг менен байланыштырды.

- 9-башкы башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар “Мамлекеттик күзөт жөнүндөгү” мыйзамга жана “Мамлекеттик маанилүү имараттар жөнүндөгү” өкмөттүн токтомуна негизделген. Эгерде мамлекеттик маанилүү имараттардын жанында ар кандай массалык митинг же пикеттер өтүп жатса, аталган имараттарды кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өтөт. Ошондуктан депутаттардын автоунаасын кинологдор тарабынан текшерилиши, биринчи кезекте депутаттардын коопсуздугун камсыздаганга багытталган.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы бир тасмада 11-ноябрда, дагы башкасында 15-ноябрда массалык митингдер жана бийликти алуу аракеттери болору тууралуу сөз жүргөн эки видеотасманы коомчулукка жарыялаган. Видеодо ысымдары аталган “Республика” фракциясынын депутаттары аны “атамекенчилердин” чагымы катары сыпаттап, тескерисинче аларды талап-тоноочулукка катышы бар деп айыптоодо.

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов муну Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” жана “Республика” фракцияларынын күрөшү катары сыпаттап, аны саясий күрөштүн төмөнкү деңгээли дейт.

- Аларда келечекке карай кадам таштоого, стратегиялык маселелер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат окшойт. Өз ара тирешип, бири-бирине өчөгүшүп, коомду жарып алуу коркунучу жаралып турат буларда. Мамлекет менен коомдун кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек. Партиянын саны бизде 150дөн ашат. Алардын кызыкчылыктары ар кандай. Мамлекет менен коомдун кызыкчылыгы болсо бирөө эле. Мамлекетке туруктуулук, коопсуз абал жана тартип керек.

Ал эми Ак үйдөгү коопсуздук чараларынын күчөтүлүшүн видеотасмадагы бийликти алуу боюнча сөз болгон маалыматтар менен байланыштыргандар да жок эмес.

XS
SM
MD
LG