Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Өзбекстан эгемендигин Каримовсуз белгиледи


Өзбекстан 1-сентябрда Эгемендик күнүн белгиледи. Ал адаттагыдай шаан-шөкөт менен өткөн жок. Ага президент Ислам Каримовдун инсульт алып, ооруканага жатышы себеп болду. Президенттин кызы Лола Каримова-Тилляева элдин колдоосу атасынын айыгуусуна жардам берип жатканын айтып, белгисиз болуп жаткан Ислам Каримовдун тагдырына ачыктык киргизгендей болду.

Адатта Өзбекстанда Эгемендүүлүк күнү абдан чоң салтанат жана шаан-шөкөт менен белгиленет. Ал салтанат президент Ислам Каримовдун жалпы эл алдында бийге түшүүсү менен коштолчу. Бирок 1-сентябрдагы Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында андай салтанат да болгон жок, өзбек президенти да бийлеген жок.

Ага Ислам Каримовдун мээсине кан куюлуп, ооруканага жаткырылышы себеп болду. Президенттин ооруканага жаткырылганын өзбек өкмөтү 28-августта кабарлады. Анын кызы Лола Каримова-Тилляева кийинки күнү Инстаграммдагы баракчасына атасы инсульт алганын билдирди. Ислам Каримовдун абалы тууралуу башка эч кандай расмий маалымат берилбегендиктен, имиштер күчөп, айрым маалымат каражаттары өзбек президентинин көз жумганын да кабарлап жиберди.

Бирок 31-августта Лола Каримова-Тилляева социалдык медиа аркылуу да чыгып, элдин колдоосу менен атасы айыга аларын билдирди. Бул Ислам Каримов дүйнөдөн кайтты деген сөздөрдүн токтоосуна, бирок башка божомолдор күч алышына алып келди.

Эгемендүүлүк күнүндөгү чоң салтанат жана концерт токтотулганы менен, майрамдык иш-чаралар 31-августта башталды. Ал иш-чараларды өзбек өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев жетектеди. Ал баштаган өзбек расмийлери Ташкенттеги Эгемендүүлүк жана гумандуулук эстелигине гүлчамбар койду. Ага Өзбекстан парламентинин эки палатасынын төрагалары жана депутаттар, өкмөт мүчөлөрү катышты.

31-августта кечинде өзбек телекөрсөтүүсү аркылуу президент Ислам Каримовдун куттуктоосун диктор окуганын “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады. Бул кызматтын журналисти Сиражиддин Ислам 1-сентябрда Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун өтүп жатышы тууралуу буларды айтты:

- Өзбекстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы болду. Өзбекстандын президенти Каримовсуз өтүп жатат. Калк сейилге чыкты. Өзбекстанда расмий куттуктоолор бир күн мурун 31-августта болот. Ошондой болду. Калк үчүн майрам 1-сентябрда болот. Ал Ташкентте өтүүдө. Облустарда кечээ күнү болгон. Бирок Каримовдун ооруп калышы атмосферага таасирин тийгизди.

Сирожиддин Исламдын айтымында, майрамдын алдында Ислам Каримов жаңы ишканалардын, курулуштардын ачылышына катышчу. Бул жолу андай болгон жок.

1-сентябрда орус президенти Владимир Путин Өзбекстандын эгемендүүлүк күнү менен президент Ислам Каримовго куттуктоо жөнөттү. Анда эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык өнөктөштөр катары өнүгүп келатканы белгиленген. Ислам Каримовдун наамына башка өлкөлөрдөн да куттуктоолор келип жатат.

Өзбек өкмөтү да Ислам Каримовду тирүү деп, калкты ызы-чууга түшпөөгө үндөп жатканын журналист Сирожиддин Ислам белгилейт. "Буга карабай, социалдык түйүндөрдө жана калк ичинде президенттин тагдырына байланыштуу тынчсыздануу бар. Каримов тирүүбү же көз жумганбы, эмне үчүн өкмөт көрсөтпөйт деген суроолор көп", дейт Сирожиддин Ислам.

Бул арада Өзбекстандын оппозициялык “Эрк” партиясынын лидери Мухаммад Салих билдирүү менен чыгып, Ислам Каримовдун тагдыры, абалы боюнча калкты жана эл аралык коомчулукту кабардар кылууну талап кылды.

Өзбекстан Конституциясы боюнча президент ишке жарамсыз болуп калганда анын милдетин өзбек парламентинин сенатынын төрагасы аткарат. Сенаттын төрагасы Нигматулла Юлдашев экени белгилүү. Бирок 31-августта расмий иш-чараларды өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевдин жетектөөсү анын мураскер болуу мүмкүнчүлүгү жогору дегендердин жүйөсүн арттыргандай болду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG