Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Өмүралиев: Кыргыз-эмират мамилесинде жаңы барак ачылды


Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид ал-Нахайян менен жолугушууда. 4-декабрь, 2014-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид ал-Нахайян менен жолугушууда. 4-декабрь, 2014-жыл

“Президент Алмазбек Атамбаевдин Араб Эмираттарына болгон расмий сапары жемиштүү болду”, - деп билдирди Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев “Азаттыкка” курган маегинде. Ал кыргыз делегациясынын сапары, кыргыз-эмират кызматташтыгы жана ал жактагы мекендештерибиздин турмушу тууралуу маек курду.

Азаттык”: Элчи мырза, кыргыз президенти алгачкы ирет расмий сапары менен Сауд Арабия, Араб Эмираттарын кыдырып, бийлик өкүлдөрү менен бир нече жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн кайсы маселелер түздү?

Элчи Өмүралиев: Биринчи кезекте айтып коюшубуз керек, буга чейин азыркыдай кыргыз-эмират кызматташтыгы болгон эмес. 1996-жылы дипломатиялык кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөнү менен ал иш жүзүнө ашпай келаткан. Ошондуктан Атамбаевдин Араб Эмираттарына болгон сапарын тарыхый деп атасак болот. Анткени президенттин сапары бүтүндөй эмират медиасында башкы тема болду, булардын да биз менен кызматташууга ынтызар экени байкалды.

Бул сапардын алкагында сегиз маанилүү келишимге кол коюлат. Алар: инвестицияны коргоо, кош стандарттуу салыкты жоюу жана экономикалык кызматтык боюнча келишимдер. Укуктук жактан да келишим болот, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, Эмираттарда башкалкалап жүргөн ири кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүн экстрадициялоо келишимдери да бар.

“Азаттык”: Араб Эмираттары менен болгон алака жакшырган учурда булар Кыргызстанга эмне бере алат, ал эми Кыргызстан Эмираттарды эмнеси менен кызыктырат?

Элчи Өмүралиев: Статистикага көңүл бурсак, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 260 миллиондон ашуун АКШ долларын түздү.

Быйылкы тогуз айда болсо 229 миллион доллар болду. Анын ичинен 80% Кыргызстан экспорт кылат. Бирок мен бул жактан импорт аз дегенге ишене бербейм. Анткени бул жактан электроника, оргтехника, мобилдик телефондор жиберилет, анын баары бажы бекеттеринен канчалык таза өтүп жатканын билбейбиз.

Кыргызстандан болсо тамак-аш азыктары, алтын келет. Жакынкы Чыгыш боюнча Кыргызстан дал ушул Араб Эмираттары менен гана өтө жигердүү соода алакада болуп келатат.

Кыргызстанга түз аба каттамдары бар, мунун баары биз Араб Эмираттары менен тыгыз иштешишибиз керектигин билдирет. Бул жакта он жылдап жашап калган кыргыздар бар, балдары мектептерге барып калышкан, жакшы маяна алып иштеген мекендештерибиз да көп. Президенттин элчилик ачуу боюнча буйругун баарыбыз кубануу менен кабыл алдык, мунун баары кыргыз-эмират мамилесинде жаңы барак ачылганын көрсөтүүдө.

“Азаттык”: Араб Эмираттары мунайдан сырткары туризмди да абдан кирешелүү тармакка айлантканы көрүнүп турат. Бирок арабдар өздөрү жолугушууларда Кыргызстанга баргысы келишерин да айтып жатышты. Туризм жаатында булардан үлгү алсак болобу?

Элчи Өмүралиев: Сөзсүз түрдө. Бул багытты кыргыз өкмөтү да колго алуу аракетин мурда эле баштаган. Мисалы, бул өлкө менен визасыз режим киргизген. Бул да жардам берет.

​Экинчиден, Fly Dubai түз аба каттамы ачылгандан бери Кыргызстанга жайында арабдар абдан көп барып калышты. Аларды тосуу, тейлөө жагын да жакшыртышыбыз керек. Арабдар Казакстанда, Мароккодо куш салып, аңчылык менен алектенип, анан ошол жерлердин инфраструктурасын өнүктүргөнгө жардам берип жатышат.

Мен да Кыргызстандагы айрым каралбай жаткан коруктарга булар үчүн шарт түзүп, анын тегерегиндеги инфраструктурабызды өнүктүрүп бергиле десек болот деп ойлоп жүрөм.

Арабдарга мен кыргыздын жакшы салттарын айтсам абдан кызыгып калышат. "Кыргыздар жакшы тамагын балдарынан да бир аз ашырып, конокко деп камдап коюшат” десем абдан таң калышат. Кыргыздай меймандос эл аз эле болсо керек, бирок ал жагынан арабдар да бизге окшош.

​Башкысы ынтымагыбызды бекемдешибиз керек, расмийлер көбүрөөк келип, булар да барып, мамилеге жан киргизиш керек. Бул эми өлкө жетекчилигин сапарынан кийин акырындык менен ишке ашырчу маселелер да.

Азаттык”: Бул жактагы журтташтар тууралуу айтсаңыз. Канча кыргызстандык бар, алар көбүнесе кайсы тармактарда иштешет?

Элчи Өмүралиев: Кыргыздар бардык эмираттарда бар, соңку учурда Абу-Дабиде да көбөйдү. Бул өлкөдө соодадан баштап, мейманканаларда, ири дүкөндөрдө, илимде, окуу жайларда, ооруканаларда, бизнесте жүргөн жарандарыбыз да көп, учкучтарыбыз бар. Эмираттын чоң авиакомпаниясында эле алтымыштай кыргыз иштейт. Эмираттарда беш-жети миңдин ортосунда кыргыз бар деп айтылат, бирок консулдук каттоодо эки миң гана жаран турат.

“Азаттык”: Мен айрым журтташтар менен сүйлөшсөм, Орусиядагы мигранттарга болгон полициянын кордугун жана улутчулдардын колунан каза тапкандарды көрүп, Араб Эмираттарына ошол кыргыздарды чакыргыбыз келет дешти. Дубай коопсуз шаар экен, бул жакта иштеген кыргыздар да өздөрүн жакшы сезишет окшойт?

Элчи Өмүралиев: Туура, полициянын мамилеси жакшы, бардык адамдар эле өздөрүн коопсуз сезишет. Бирок билип-билбей мыйзам бузуп, кылмышка аралашып, түрмөгө отуруп калган жарандарыбыз да жок эмес. Түшүнбөстүктөн улам ката кетирип алган жарандарыбыздын көбүнө жардам беребиз. Бирок учурда 4-5 жараныбыз абакта отурат. Алардын бири баңгизат сатты деп камалган, дагы бири алдамчылык боюнча кармалса, уурулук, сойкулук боюнча айыпталып абакта отургандар да бар. Биз Кыргызстандын күч органдары менен иштешип, алардын баарын өз өлкөсүнө которуу боюнча колдон келген аракеттерди жасап жатабыз.

“Азаттык”: Өзбекстандын жарандары, ажылык боюнча ошондой эле сойкулук менен алектенген кыздары кыргыз паспорту менен Араб Эмираттарына келип жатканы дагы олуттуу маселелердин бири окшойт?

Элчи Өмүралиев: Мындай фактылар бар. Жакында эле ажыга келген 69 кыргыз жараны жасалма виза менен кармалып, териштиргенде анын тогузу гана кыргыз жараны болуп, калган алтымышы өзбек, кытай атуулдары экени аныкталган. Алар Кыргызстандан эски паспортторду жасатып, ага виза бастырышканы аныкталганын азыр күч органдары иликтеп жатат.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG