Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Сот чечимин ачык жарыялоо коррупцияны жоёбу?


Кыргызстанда соттор чыгарган чечимдерин жана өкүмдөрүн sot.kg сайтына жайгаштырып, коомчулукка ачык жарыялоону милдеттендирген мыйзам талабы талкууланды.

Бул долбоорго ылайык, сот тутумундагы башка соттук актылар менен аныктамалардын жарыяланышын камсыздоодон баш тарткан соттордун жоопкерчилигин кароо маселеси да көтөрүлдү. Демилгечи жумушчу топ мындай чаралар соттордун мыйзамсыз чечим кабыл алуусун жана аларга кысым көрсөтүүнүн алдын алат деп ишендирди. Сот тутумунун реформалоонун алкагындагы бул долбоор "Өнүгүү үчүн укук" эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Сот чечимдери интернет сайтта

Жогорку Сотто өткөн "Сот тутумунун ачыктыгына жетишүү" деген аталыштагы жыйында жаңыдан иштелип чыгып, учурда иштеп жаткан www.sot.kg сайтынын бет ачары болду. Мындан ары соттордун чыгарган чечимдери менен өкүмдөрү мына ушул сайтка жайгаштырыла турганы көрсөтүлдү. Жогорку Соттун демилгеси жана "Өнүгүү үчүн укук" эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашып жаткан бул долбоор соттордун ишинин ачык-айкындыгын камсыздоону көздөйт. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бул долбоор соттордун көз карандысыздыгын камсыздоону жана жоопкерчилигин жогорулатууну ичине камтый турганын белгиледи:

- Сиздер менен бүгүн сот тутумунун ачык-айкындыгын камсыздоо маселесин талкуулаган иш-чарадан көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Бул иш-чара аябай жемиштүү өтөт деген ойдомун. Себеби бул жерде мына ошол сот реформасынын ийгиликтүү жүрүшүнө кызыкдар тараптар чогулуп отурат. Бул маселе өлкөбүздөгү эң эле орчундуу маселелердин бири. Мына ошондуктан бул долбоорду ишке ашырууда бизге эл аралык уюм өнөктөш болуп, колдоп жатат.

Айнаш Токбаева.
Айнаш Токбаева.

Бул долбоордун алкагында сот тутумунда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү жана соттук актылардын ачыктыгы боюнча шарттарды камсыздоо маселеси көтөрүлдү. Жогорку Соттогу жумушчу топтун айтымында, бул шарттар сотторго сырттан таасир этүүгө жана мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга бөгөт болушу мүмкүн. Жыйында “Сот чечимдерин ачык жарыялоо” жана “Маалыматтарга жетүү" мыйзамынын талаптарын аткарбаган соттор кандай жоопкерчиликке тартылары ортого салынды. Мыйзамга ылайык соттук ченемдер, аныктамалар жана соттор чыгарган чечимдер менен өкүмдөрдү толук www.sot.kg сайтына жарыялоонун жолдору талкууланды.

"Телефон укугун" чектөө ченеми

"Өнүгүү үчүн укук" эл аралык уюмунун өкүлү Фред Хьюстон мындай чаралар сотторго таасир этүүгө бөгөт болорун айтты:

- Айрым сотторго бир эле телефон аркылуу эмес, кээде кагаз аркылуу кайрылып, кайсы бир чечимдерге таасир этүү аракеттери бар экенин жокко чыгара албайбыз. Бул жерде бардыгы мына ошол судьянын эркинен көз каранды. Мына ошондой мыйзам бузуу учурларын бардыгы көрө тургандай кылып, ага каршы туруучу механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгы турат. Мына ошолордун бири сотторду өз чечимдерин ачык жарыялоого милдеттендирүү. Эгерде аларга бирөөлөр чалып, кандайдыр бир чечим кабыл алууга таасир эткиси келсе, анда соттор ага бара албастыгын, анткени алардын чыгара турган чечимдери ачык жарыялана турганын айтып, баш тарта турган шарттар камсыздалышы кажет.

Сот залы.
Сот залы.

Ошол эле кезде жыйналышта соттордун мыйзамга кайчы келген жана тараптардын далилдери менен жүйөлөрүн эске албай чечим кабыл алган учурлары боюнча маселе көтөрүлдү. Мыйзамдарды жана Жогорку Соттун пленумунун жалпылама жоболорун көзгө илбей чыгарган чечимдер үчүн соттордун мыйзамда каралган жоопкерчилигин күчөтүү талаптары коюлду. Анткени мыйзамсыз чыгарылган чечимдер боюнча соттор кеңеши судьянын жоопкерчилигин тартиптик иретте караган жаза чарасы гана бар экени мисалга алынды. Соттор кеңеши судьяны кызматынан алуу же сөгүш берип ордунда калтыруу сунушун бере алат.

Ачык соттук териштирүүгө өбөлгө

Укук коргоочу Рита Карасартова сот чечимдерин ачык жарыялоо анын мыйзамдуулугун териштирүүгө өбөлгө түзөрүнө токтолду:

Кордолгон секелекти "эзген" сот

Кордолгон секелекти "эзген" сот

Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

- Бүт сот чечимдери ачык илинип турса, соттор дагы аларга кысым болгонуна карабастан "мен андай чечим чыгара албайм" деп баш тартканга мүмкүнчүлүк болот. Мисалы үчүн КСДП фракциясы мени ишкерлик беделге шек келтирди деп сотко берди. Жогорку Соттун пленумунун жалпылама жобосунда коммерциялык уюмдардын гана ишкерлик беделине шек келтирилиши мүмкүн экени көрсөтүлгөн экен. Биз эми мына ошол жобого таянып, бул ишти сотто кароонун мыйзамдуулугу боюнча маселени коёбуз. Анткени Жогорку соттун пленумунун чечими укуктук күчү боюнча мыйзамга барабар. Аны бардык соттор жетекчиликке алып, мына ошого ылайык чечим кабыл алышы керек. Мына ушуга окшогон соттук актыларды салыштырып көрүп, чечимдердин кандай кабыл алынышына байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат.

Былтыр Жогорку Кеңеш сотторду чыгарган чечимдерин ачык жарыялоого милдеттендирген мыйзамды кабыл алган болчу. Бирок мына ошондон бери бул мыйзам күчүнө киргени менен соттордун көпчүлүгү чыгарган чечимдери менен өкүмдөрүн коомчулукка жарыялоо боюнча мыйзам талабын аткарбай келгени көрсөтүлгөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG