Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

“Фридом хаус” уюму Кыргызстанды “авторитаризмге бараткан” өлкө катары баалады. Кыргызстанда болсо тескерисинче, авторитаризмден демократияга баратабыз деген пикирлер бар. “Фридом хаустун” баасы канчалык чындыкка жакын? Мына ушул жана башка суроолорго Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдырахманов жооп берет.

“Азаттык”: “Фридом хаус” Кыргызстанга кошуна мамлекеттердин баарын авторитардык мамлекет катары мүнөздөп, Кыргызстанды авторитаризмге багыт алган өлкө катары баалаптыр. Бизде демократияга карай багыт алуу күчтүүбү же тескерисинче, “Фридом хаус” белгилегендей авторитаризм тенденциясы үстөмдүк кылабы?

Абдырахманов: Бул суроого жооп берерден мурда демократиялык система деген эмне, авторитардык система кандай дегенди ачык билишибиз керек. Биздин азыркы бийлик толугу менен советтик мүнөздөгү авторитардык система болуп эсептелет. Анткени парламенти, соту бар жана аткаруу бийлиги болуп, формасы жагынан демократияга анча-мынча окшогондой болот. Бирок баягыдай эле бардык маселелерди бир эле президент чечет. Андан сырткары биздин башкаруу системабыз толук борборлоштурулган. Бардык маселелер бир жерден, Бишкектен чечилет. Мамлекеттеги бардык акчалар да Бишкекке чогулат, ал эми региондордун баары оозун ачып, качан бизге бирдеме берет деп күтүп отурат. Биздин бардык аймактар ошентип борбордун көзүн кароого аргасыз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, бул демократия эле эмес, өлкөдөгү жакырчылыкка байланыштуу маселе эмеспи?

Абдырахманов: Жакырлык башка маселе. Качан демократиялык система орноп, борбордун бийлик монополиясы жоюлган учурда гана мамлекет өнүгүп, реформалар жүрүп, жакырчылык жоюла баштайт.

“Азаттык”: Өткөн жылдын соңунда республика жетекчиси Европа үлгүсүндөгү парламенттик система жөнүндө сөз кылган эле. Бирок андан бери эч кандай кыймыл байкалбайт. Эмне болуп жатат?

Абдырахманов: Президент анда туура айткан. Ал эмне үчүн аны айтты? Анткени Атамбаев кийинки президенттик шайлоого бара албайт. Ошон үчүн башка дагы бир монополдук бийлик орнобосун, андай орной турган болсо мурункулардай баарыбызды камайт деп, коркконунан айткандай болду. Бирок тилекке каршы, аны өзүнүн партиясы дагы, парламенттеги депутаттары дагы, кол алдындагы маалымат каражаттары да колдогон жок. Жалгыз гана бизге окшогон демократ саясатчылар колдоп чыктык. Бирок биздин үнүбүз калкка жакшы жетпей калды. Анткени бизди маалымат ресурстарына жолотушпайт.

“Азаттык”: Оппозициялык активист Уран Ботобековдун Кыргызстандан чыгып кеткени кечээтен тарта маалым боло баштады. Бул дагы Кыргызстанды авторитаризм боюнча айыптоого негиз берет да эми?

Абдырахманов: Ооба. Бул авторитаризм деген бардык жерде эле бирдей. Орусияда болобу, Түндүк Кореядабы баары эле бирдей. Бирок бир жерде катуу болот, экинчисинде орточо, башкасында жумшагыраак болот. Ошондуктан бизде жумшагыраак авторитаризм өкүм сүрүүдө. Аны атайлап жумшак кылышкан жок. Бул бийликтин катуу болгонго чамасы келбейт. Анткени бизде эки жолу ыңкылап болду. Ошон үчүн бийлик авторитаризмдин жумшак вариантын кармап турат. Бирок маңызы ошондой эле. Журналисттерди соттомой, абакка салбаса дагы, өлтүрбөсө дагы, финансы жагынан чоң айыптарды сотторго буйрук берүү менен коюп жатат. Өлкөдөн чыгып кетип жаткандардын себеби ошол жакта.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG