Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Чеченcтанды он жылдай башкарган Рамзан Кадыров бийликтен кетпей эле, өлкө башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал күздөгү шайлоого катышып, андан утары да болжолдонууда.

2009-жылы Грозныйдагы резиденциясында бильярд ойноп жаткан жеринен Рамзан Кадыров "Азаттыктын" орус кызматына маек берген эле. Ошондо Орусия президенти Владимир Путинге өтө берилгенин ашкере көрсөткөн:

- Путин - менин кумирим. Мен аны жакшы көрөм, урматтайм. Ал үчүн өмүрүмдү берем. Ал өмүр бою Орусия Федерациясынын президенти болушун каалайм.

Кадыровдун бул сезими азыр да сууй элек. Президент Владимир Путин болсо мындай "сүйүүнү" жоопсуз калтырбайт. Путин өткөн жумада Кадыровду Чеченстан башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындады:

- Акыркы жылдары чечен элине, бүтүндөй Орусия үчүн жасаган иштериңизди эске алып, бүгүн сизди Чечен Республикасынын башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындайм. Ошондой эле сентябрь айында шайлоого катышат деп үмүттөнөм жана чечен эли сиз республикага жасаган иштерди татыктуу баалайт деп ойлойм.

Кадыровдун бийликтеги ыйгарым укугу 5-апрелде аяктамак. Муну алдын алып, февралда эле “менин убактым өттү” деп, кызматтан кетээрин айткан. Бирок Путин өзү "бата берип" жаткан соң, сентябрда өтчү шайлоого катышпай койбос. Анткени февралдагы билдирүүсүнөн кийинки маегинде эле “эгер президент бул кызматта иштеши керек десе, ал чечимди талкууга да албайм” деп кайра айныган.

Чечен лидери президентке берген акыркы отчетунда ал башкарган учурда республикада жумушсуздук 76 пайыздан 12 пайызга азайып, 1400 социалдык объект курулганын, андан башка турак жайлар, 500 чакырым жолдор салынып, инвестиция көбөйгөнүн билдирди.

Анткен менен орус оппозициясы Кадыровду байма-бай айыптап келет. Быйыл 23-февралда оппозициялык саясатчы Илья Яшин “Улуттук коопсуздукка коркунуч” аттуу баяндамасында далилдерди келтирип, Кадыровдун былыктарынын бетин ачты.

Федералдык бюджеттен Чеченстан жылына 59 млрд. рубль алары, Орусияда эң ысырапкор республика аталганы көрсөтүлүп, Кадыровду он жыл акчага шыкап, чексиз бийлик берди деп Путин да айыпталат.

Кедей-кембагалдарды колдоо үчүн ачылган "Ахмат Кадыров" фонду акчаны Майк Тайсон, Марадона, Суонк сыяктуу дүйнөлүк спорт жана тележылдыздарга чачып, кымбат белек, миллиондогон доллар сый акча берип турганы баяндалат.

Яшиндин баяндамасында өзү жана жакындары эбегейсиз хансарайларда жашап, жеке армиясын түзгөнү, ал аркылуу Кадыровго каяша айткандарды коркутуп, өмүрүнө кол салганы баса белгиленет:

- Рамзан Кадыровдун он жыл бою куралып, машыккан 30 миң жоокерлүү армиясы бар. Ал Орусиядагы эң кубаттуу армиялардын бири. Бул баяндамада ошол армиядагы чечен аскерлери, тагырагы, "Смерть" аттуу батальон Донбасста украин аскерлери менен согушканы жазылат. Ошол эле убакта Кадыровдун куралдуу күчтөрүнүн дагы бир жүзү бар. Сөз түздөн-түз бандитизм жөнүндө болуп атат. Москвада, Санкт-Петербургда Кадыровдун жеке күзөтүнүн филиалдары деген топтор бар. Бир эле жеринде 200гө чейин куралданган, чечен Ички иштер министрлигинин кызматтык күбөлүктөрү бар офицерлер баштаган кишилер адам уурдоо, рэкет, опузалап акча өндүрүү менен алектенишет.

Кадыров буга чейин да өзү менен касташкан белгилүү чечен атуулдарын коркутканы, атүгүл өлтүрткөнү тууралуу маалыматтар чыгып келген. Алардын ичинде Орусиянын баатыры Сулим Ямадаевдин, укук коргоочу Наталья Эстемированын өлүмдөрү чуу жараткан.

Чечен лидерин өткөн жылы Москвада атылган орус оппозициячысы Борис Немцовдун өлүмүнө да шекшип жүрүшөт. Бул кылмыш боюнча кармалган Заур Дадаевди "Кадыров террористтер менен жакшы күрөшкөн" деп кайсы бир маегинде мактаган жайы бар.

Жакында эле Кадыров Instagram баракчасына кимдир бирөө Михаил Касьяновду көзгө атар мылтыктан мээлеп тургандай видео койгон болчу. Муну анын оппоненттери коркутуу катары кабыл алышкан.

Чечен өлкө башчысын Кыргызстан менен кримавторитет Азиз Батукаев аркылуу байланыштырышып жүрүшөт. Кыргызстанда катуу чуу жараткан Батукаевдин абактан бошотулушу чечен лидеринин өтүнүчү менен ишке ашканы айтылып келет.

40 жаштагы Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери жетектейт. Кремлдин колдоосу, административдик, анын ичинде күч ресурсу, андан тышкары борбордон келген миллиарддаган долларга Грозныйды оңдогон кызматы үчүн талдоочулар күздөгү шайлоодо анын жеңерин алдын ала болжоп жатышат.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG