Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Нааразылык жыйындарынын алдында Навальныйдын тарапташтары кармалды


А.Навальныйдын тарапташын кармоо. Химки. 2021-жылдын 18-январы.
А.Навальныйдын тарапташын кармоо. Химки. 2021-жылдын 18-январы.

Орус бийлиги апта соңуна белгиленген ири нааразылык акцияларынын алдын алыш үчүн убактылуу тергөө абагындагы оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын тарапташтарын четинен кармай баштады. Бийлик органдары маалымат каражаттары менен Интернеттеги коомдук тармактарды «нааразылык жыйындары тууралуу маалымат таратпагыла» деп эскертишти.

Любовь Соболь. Москва шаары.
Любовь Соболь. Москва шаары.

21-январда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Навальныйдын бери дегенде беш шеригин, анын ичинде ал негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчилерин кармап кетти.

Германиядан Орусияга учак менен кайтып келгенден кийин, 17-январда «Шереметьево» аба майданында кармалган Навальныйды колдоо иретинде анын тарапташтары калайыкты 23-январда бүткүл өлкө боюнча нааразылык митингдерин уюштурууга чакырышкан.

44 жаштагы саясатчы былтыр августта Томск шаарында ууландырылгандан кийин, ал түшкөн учак Омск шаарына чукул кондурулган. Навальный комага кабылып, аны учак менен түз эле Германияга алып кетип дарылашкан.

Убактылуу кармалгандардын арасында Навальныйдын адвокаты жана өнөктөшү Любовь Соболь, Коррупцияга каршы күрөш фондунун адвокаты Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун кызматкери Георгий Албуров жана Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш бар.

21-январда Москвадагы полиция бөлүмүндө таңкы маалдан бери кармалып отурган Любовь Соболь кечке жуук бошотулду. Соболь полиция бөлүмүнүн сыртында журналисттер менен болгон маегинде: «Кремль өзгөчө дүрбөлөңгө түштү. Алар ар кимди «камакка алгыла» деп буйрук кылышууда», – деди жана бийликтин жүрүм-турумун «чектен ашкан мыйзамсыздык» деп мүнөздөдү.

Орусиянын Ички иштер министрлиги 21-январда билдирүү таркатып, нааразылык жыйындарына чакыргандар административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Татарстанда ишембиде митингге чакыргандарга карата кылмыш иши козголгону кабардалды. Бул маалыматтын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Айрым мектептер менен ЖОЖдордо бийлик окуучулар менен студенттерди «нааразылык жыйындарына катышпагыла» деп эскертип жатканын Навальныйдын штабы билдирди.

Президент Владимир Путинди сындап келген Навальный Германиядан келгенден бир күн өткөндөн кийин, 18-январда, Москва шаарындагы полиция бөлүмүндө өткөрүлгөн сот отурумунун чечимине ылайык, бир айга камакка алынды.

Навальный президент Путинди өзүн уулантып өлтүрүүгө буйрук берди деп айыптап чыккан. Өзүнүн камалышына нааразы болгон орусиялыктарды ал «көчөгө чыгууга» чакырды.

Орус оппозиция лидери Навальныйдын кармалышын Батыштагы демократиялык мамлекеттер жана бир катар эл аралык уюмдар катуу айыптап, Кремлди аны тез арада бошотууга чакырышты. (TT)

XS
SM
MD
LG