Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Навальный Путиндин «хан сарайын» тапты


Кара деңиз жээгиндеги хан сарай. Геленжиктин жаны.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай. Геленжиктин жаны.

Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальный убактылуу абакта кармалып отурганы менен, анын үзөңгүлөштөрү жөн жаткан жок. 19-январда алар Навальный даярдаган жана алып барган видео тасманы Интернетте жарыялашты. Бир нече саатта эле «бомба» тасманы миллиондогон көрүүчүлөр көрүп чыкканы кабарланлууда. Тасмадагы «Геленжиктин жанында президент Владимир Путинге мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген доону расмий Кремлдин өкүлү жалаа катары четке какты.

Москвадагы айтылуу «Матросская тишина» тергөө абагында отурган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный камактан үн катты.

«Менин өлкөмдө бийлик жасап жаткан мыйзамсыздыкка баш ийбейм. Жемкорлукка баткан Путин менен анын досторунун ачык калпын угуп, унчукпай отуруп берүүгө макул эмесмин. Жемкорлук, калп жана мыйзамсыздык ар бирибизди алсыз, жакыр кылып, өмүрүбүздү кыскартып жатат. Анан эмне үчүн биз буга былк этпей чыдашыбыз керек?» - деген анын кайрылуусу «Инстаграмдагы» баракчасына жарыяланды.

Ал акырына чейин күрөшүүгө даяр адамдардын тобу бар экенин белгилеп, башкаларды аларга кошулууга үндөдү.

Навальныйдын тарапташтары 23-январда Орусиянын бардык аймактарында нааразылык митингдерин өткөргөнү жатышат.

Саясатчы 17-январда Германиянын борбору Берлинден Москвага учуп келээри менен «Шереметьево» аба майданында кармалып, эртеси Москванын четиндеги Химки шаарынын полициясынын бөлүмүндө сот өтүп, соттун чечими менен 15-февралга чейин камакка алынган. Ал былтыр августта өзүн ууландырган окуядан соң Германияда дарыланып жүргөн болчу.

Навальный өзүн Орусиянын коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү ууландырганын кошумча тастыктаган маалыматты - ошол кылмышка тиешеси бар деген коопсуздук кызматынын офицери менен маек куруп, аны жарыялаган. Бирок Орусиянын бийлиги аны жалган маалымат катары четке каккан.

Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК, орусчасы ФСБ) көзөмөл кылган абакта отурган оппозициячы менен Москвадагы Коомдук байкоочу кеңештин катчысы Алексей Мельников жолугуп, үч кишилик камерада саясатчы жалгыз отурганын, камерада муздаткыч, телевизор жана башка алгачкы керектелчү шарттар бар экенин маалымдаган.

Ал арада Навальныйдын азыр Улуу Британияда жашаган санаалашы, Коррупция менен күрөш фондунун аткаруучу директору Владимир Ашурков «Фейсбукка» сегиз адамдын ысмы жазылган тизмени жарыялап, Батыш өлкөлөрүн аларды санкциялык «кара тизмеге» алууну суранды.

Тизмеде орусиялык олигархтар Роман Абрамович менен Алишер Усманов, Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковдун уулу Денис Бортников, «ВТБ» банкынын президенти Андрей Костин, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушевдин уулу Дмитрий Патрушев, дагы бир орусиялык бизнесмен Игорь Шувалов жана теле алып баруучу Владимир Соловьев көрсөтүлгөн.

Ашурков бул тизмени Навальный түзгөнүн айтып, «эгерде Батыш Орусиянын адам укуктарын сактап, жемкорлукка каршы күрөш жүргүзүшүн кааласа, бул тизмедеги адамдарга санкция сала баштоого» чакырды.

Буга кошумча, Навальный негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Геленжик курорттук шаарынын чет-жакасындагы орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча иликтөөсүн жарыялады.

Эки сааттык даректүү тасма оппозициячы камакка алына электе даярдалган. Анда «Путиндин хан сарайы» деген имарат Кара деңиздин жээгинде токойлуу, жүзүмдүккө оронгон татынакай дөңсөө жерде 2005-2010-жылдары дээрлик 1 миллиард долларга курулганы баяндалат.

Имараттын аянты 17 миң чарчы метр, анын азыркы баасы 100 миллиард рубл акчага тете. Мындан тышкары хан сарайга кошумча 7 миң гектар жер бөлүнүп, анда чиркөө, 80 метрлик көпүрө, амфитеатр, оранжерея, хоккей ойноого жер алдында курулган муз аянтчасы, өзүнчө конок үй жана кошумча тамдар тургузулганы тасмада көрсөтүлөт. 300 гектар жерде өстүрүлгөн жүзүм, шато, анан калса шарап чыгарчу ишкана жана деңиз моллюскасынын бир түрү – устрица өндүрүү чарбасы да бар.

Коррупцияга каршы күрөш фонду дал ушул хан сарайдын курулушун каржылоо булактарын аныктап, анда Путин коррупциялык схемалар аркылуу бул иштерди каржылаганы жөнүндө сөз болот.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин жемкорлук иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Ал 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын далил көрсөтүү менен ачыкка чыгарган болчу.

Навальныйдын мекенинде камакка алынышын бир катар демократиялык өлкөлөрдүн бийлик башчылары жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сынга алып, Кремлди аны тез арада бошотууга чакырышууда.

Оппозициячыл саясатчы Навальный азыр Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын доо арызы менен 2014-жылкы «Ив Роше» компаниясына байланыштуу иш боюнча камакта.

Ага карата буга чейинки шарттуу сот жазасын чыныгы абактык жазага алмаштыруу боюнча сот жүрүмү 2-февралда өтөрү кабарланган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG