Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Акун: Мыйзам бузуулар арбын


Турсунбек Акун добушканалардын көбүндө орус байрактарын көрүүгө болоорун айтат.
Турсунбек Акун добушканалардын көбүндө орус байрактарын көрүүгө болоорун айтат.

Крымдагы референдумга көз салып жаткан Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун Симферополдон "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Турсунбек Акун: Референдум жакшы өтүп жатат дегенден алысмын. Бирок активдүүлүк аябагандай сезилет. Добуш берип жаткандардын көпчүлүгү, 90 пайыздайы орус улутундагылар. Ал эми крым татарлары бул референдумга “мыйзамсыз” деп бойкот жарыялаптыр, алар катышкан жок.

Турсунбек Акун.(2012-жылдын 1-февралында тартылган сүрөт)
Турсунбек Акун.(2012-жылдын 1-февралында тартылган сүрөт)
Мен жети добушканада болдум, азыр крым татарларынын Мэжлисине келдим. Булар да ошол бойкотту ырастап, муну “референдум биздин талапка туура келбейт” деп түшүндүрүштү. Эң жаман жери – ачык эле Орусияга кошулууга үндөгөн үгүт жүрүп жатканы. Көчөлөрдө биллборддорду алышкан эмес, кадимкидей эле үгүт жүрүп жатат. Андан сырткары, Кубан казактарынан адамдар жүрүшөт. Тигил бул жердеги мамлекеттик имараттарда орус байрактары илинген. Мен крым татарлары менен сүйлөшкөнүмдө азыркы референдум коркутуу астында өтүп жатканын айтып, аны 15 күндө өткөрүүгө мүмкүн эмес эле, жарым жылдай даярданыш керек эле дешти. Иши кылып, аябагандай чоң нааразылыкты көрдүм.

"Азаттык": Коопсуздук чараларына кандай баа бердиңиз. Севастополдо Орусиянын деңиз-аскер флоту бар эмеспи. Анын аскерлери да шаарга кириши мүмкүн деген өңдүү кооптонуулар айтылган эле. Сиз азыр Симферополдун көчөлөрүндө милиция, же аскерлерди көрө алдыңызбы?

Турсунбек Акун: Негизинен эле кубандык казактар калпактарын кийип алып, ушул жерде жүрүшөт. Мага түшкөн маалыматка караганда, 30 миңдей адамды “силы обороны” деген ат менен алып келишкен экен. Андан сырткары мас болгон, кийимдери начар адамдар жүрүшөт. Ошолор анан кантип биздин коопсуздугубузду коргосун деп нааразы болуп жаткандар бар. Кээ бир жерлерде мегафон менен кыйкырып: “Орусияга кошулгула! Жашооңор жакшырат!” деген өңдүү чакырыктарды угууга болот.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз



"Азаттык": Турсунбек мырза, дүйнөдө шайлоолорго көз салып жүргөн абройлуу уюмдар, маселен, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өзүнүн байкоочуларын бул референдумга жиберүүдөн баш тартты. Сизди мен “байкоочу” катары катышып жатат деп уктум. Сиз кимдин атынан бардыңыз?

Турсунбек Акун: Мен байкоочу катары катталган жокмун. Анткени кечигип калыптырмын. Мен Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин координатору болгом. Ага мүчө болгон Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстандан мени “барып келиңиз” деп мандат беришти. Анын үстүнө өзүм да аларга демилге көтөрүп айттым. Макул болушту. Мен бул жакка кайсы бир мамлекеттин атынан келген жокмун.

"Азаттык": Башка өлкөлөрдөн байкоочуларды көрүп жатасызбы?

Турсунбек Акун: Ооба, көрүп жатам. 22 мамлекеттен байкоочулар келиптир. Алардын да көз карашы ар кандай болуп жатат. Алар деле азыркыдай мыйзамсыз иштерди көрүп жатышат.

"Азаттык": Бул референдумда “аскерий аракеттер да болуп кетиши мүмкүн” деген кооптонуулар айтылып жаткан эле. Сиз азыр ошол жердеги элден эмнени байкап жатасыз? Коркуу сезими жокпу?

Турсунбек Акун: Элде кооптонуу бар. “Референдум бүткөндөн кийин эмне болот?” деген суроо баарын түйшөлтүп турат. Анын үстүнө Украинадан эч ким келбесин деп чек ара постторунун баарын жаап салышыптыр. Ошол тоскондордун арасына “силы обороны” деген шектүү адамдарды коюп коюшкан. Акыбал аябай оор экен, көчөдө жүргөндөн коркушат экен. Мени менен сүйлөшкөн татарлар ысымдарын айтпоону өтүнүп жатышты.

"Азаттык": Сиз Крымга качан бардыңыз?

Турсунбек Акун: Жума күнү келдим.

"Азаттык": Референдумга эки күн калганда барыпсыз. Алдын-ала өнөктүк кандай өткөнү тууралуу кеңири билбей туруп, азыркы референдумга көз карандысыз, бейтарап байкоо сала алам деп ишенесизби?

Турсунбек Акун: Мен бешинчи күнгө караган түнү келдим. Жума күн толугу менен шайлоо өнөктүгүн көрүп, журналисттер менен сүйлөшө алдым да. Шайлоо өнөктүгү азыр деле бүтө элек экен деп жатпаймбы, көчөлөрдө жарнамалар ошол бойдон турат, орус желектери ошол бойдон турат. Азыр добуш берүүгө элди массалык түрдө автобустар менен ташып жатышат. Бирок орус улутундагылар чындап активдүү катышууда. Алар “Орусияга кошулабыз, пенсия, айлыгыбыз жакшы болот” деп ишенип жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG