Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Франция Орусияны шайлоого кийлигишти деп айыптады


Европачыл талапкер Эммануэл Макрон
Европачыл талапкер Эммануэл Макрон

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эро Орусияны шайлоого байланыштуу киберчабуулдарды жасады деп айыптады. Ал жергиликтүү басылмага курган маегинде бир нече ирет кайталанган хакердик чабуулдар европачыл талапкер Эммануэл Макронду бутага алганын айтып, муну “кабыл алынгыс” деп мүнөздөдү.

Ал жазында өтүүчү президенттик шайлоого катыша турган ашкере-оңчул талапкер Марин Ле Пен да, консерваторлордун талапкери Франсуа Фийон да Орусияга ыктаган жана Европага каршы позицияны карманып турганын белгиледи. Орус бийлиги Франциядагы шайлоого кийлигишүүдө деген кинени четке каккан.

Былтыр АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалындагы киберчабуулдар боюнча да Кремдин дарегине сындар айтылган.

XS
SM
MD
LG