Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Аз сандагы улуттар БУУга жетпеди


Крымдагы Азчылыктарга колдоо көрсөтүү жана иликтөө фондунун президенти Надир Бекиров.
Крымдагы Азчылыктарга колдоо көрсөтүү жана иликтөө фондунун президенти Надир Бекиров.

Орусиядагы аз сандагы улуттардын өкүлдөрү Нью-Йорктогу саммитке катыша албай калышты.

Жыйынга катышып, сөз сүйлөйт деген негизги адамдарды аэропортто кармап, көзөмөл учурунда паспортторунун айрым барактарын айрып салышкан. Бул тууралуу Орусиянын түндүгүндөгү Аз сандагы улуттарга жардам көрсөтүү борборунун директору Родион Суляндзига билдирип чыкты. Укук коргоочулар Орусия өлкөдөгү майда улуттардын проблемаларын эл аралык деңээлде көтөрүлүшүн каалабай турганын айтышууда.

Дүйнөдөгү аз сандагы улуттардын биринчи саммити Нью-Йоркто 22-сентябрда ачылды. Иш-чараны Бириккен улуттар уюму өткөрүүдө. Эки күнгө созулчу бул жыйынга дүйнөдөгү, анын ичинде Орусиядагы башка улуттар да катышмак. Жалпы чакырылгандардын арасынан бешөө ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп, саммитке бара албай калышканын айтып чыгышты. Алар буга Кремлди күнөөлөп жатышат.

Орусиянын түндүгүндөгү аз сандагы улуттарга жардам көрсөтүү борборунун директору Родион Суляндзига өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, “Шереметьево” аэропортунда анын паспортунун бир барагы жетишсиз деп алып келип беришкен.

- Паспортторду алып кеткен болчу. Бир офицер чыгып паспортумду ачып, мага анын бир барагы жетишпей турганын көргөздү. Башкача айтканда, документ жараксыз экенин айтышты. Ойлонуп көргүлө, олуттуу жыйынга катышуу үчүн кетип аткан адам паспортунун барагын өзү кыркып коё албайт да, - деди Родион.

Ал документи паспорттук көзөмөл кызматкерлерине бергенден мурда бүтүн, жарактуу болгонун кантип далилдей турганын билбей турат. Ал паспортундагы бир барак 15 мүнөт ичинде жок болгонун билдирүүдө. Азыр ага административдик иш козголуп, ал 26-сентябрда каралганы жатат.

Ушундай эле окуяга саммитке катыша турган башка өкүлдөр да туш болгон. БУУ Форумунун туруктуу мүчөсү Анна Накайчин дагы паспортундагы бир нече барактын табышмактуу жагдайда айрылып калганына байланыштуу Нью-Йоркко уча албай калган.

Мурманск облусундагы Азчылык парламентинин төрайымы Валентина Совкинанын машинасын полиция бир нече ирет токтотуп, натыйжада ал учактан кечигип калган. Ал эми Крымдагы Азчылыктарга колдоо көрсөтүү жана иликтөө фондунун президенти Надир Бекиров бараткан таксини белгисиз адамдар токтотуп, сумкасын жула качкан. Паспортун жоготкон Бекирова да саммитке катышуу “бактысынан” ажыраган. Ал саммитте крым-татарларынын абалы туурасында маалымат бермек.

“Агора” укук коргоо бирлигинин жетекчиси Павел Чиковдун айтымында, Орусия өлкөнүн булуң-бурчунда жашаган майда элдердин макамы тууралуу маселелердин эл аралык деңгээлде талкууланышын каалабайт.

- Родион беш күн мурда эле жумушуна байланыштуу Испанияда сапарда болуп келген. Паспортуна байланыштуу бир да маселе чыккан эмес. Анан эле БУУнун конференциясына катышаар алдында ушундай проблема чыгып атат. Ал жерде протокол түзүлүп, чет жакка уча турган паспортун алып коюшту. Мындай кырдаалга ар кимибиз туш болушубуз мүмкүн. Аны кантип болтурбай коюш керек деген маселе учурда негизги болуп турат.

Чиков Украинадагы кырдаалдардан, Крым окуясынан кийин Орусияда аз улуттарга карата чочулоо болуп жатканын кошумчалады:

- Конференцияга катыша турган адамдарга жасалган тоскоолдуктар дээрлик окшош. Бул Орусия бийлиги менен бирдикте, маалымат борбору менен макулдашылып жасалгандай көрүнүүдө. Анткени жолдо бараткан адамдын машинасын жергиликтүү полиция токтотуп, андан чет өлкөгө чыкчу паспортун сурап атат. Ушунун өзү эле таң калычтуу. Ошентсе да ал Нью-Йоркко жетип барыптыр. Калган беш адам бара албай калышты.

СССРдин мурдагы эл депутаты, Саны аз калктардын эл аралык лигасынын баш катчысы Евдакин Гаер бул окуянын чоо-жайын билбегени менен, алардын четке чыгышына тоскоолдук болбошу керек деп эсептейт:

- Саны аз калктын өкүлдөрү эл аралык жолугушууга чакырылса, эмнеге аларды кармап калышканын түшүнө албай турам. Менимче, делегация дүйнөлүк иш-чарага катышып келиши керек эле. Аларды “кичине калктар” деп айтпаш керек. Алар канчалык кичине? Биз саныбыз жагынан аз болушубуз мүмкүн. Бирок биздин өзүбүздүн тилибиз, маданиятыбыз бар. Орустар көп нерсе жасады, биз ыраазыбыз. Азыр биз таза орусча сүйлөп калдык, дүйнөдө эмне болуп жатканын билебиз. Жалаң бир тектүү улут жашаган бир дагы айыл жок. Эмнеге бул маселе ушул тапта көтөрүлүп жатканы түшүнүксүз.

Human Right Watch эл аралык укук коргоо уюму бул окуяга байланыштуу ушул аптада билдирүү жасай турганын маалымдады. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Татьяна Локшина “Голос Америки” радиосунун орус кызматына билдирген. Ал паспорттору жараксыз деген шылтоо менен азчылык өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарбай койгонун сындап, муну саясий чечим деп билдирди.

Орусияда 160тай улут жашайт жана алар 101 тилде сүйлөйт.
Аналитиктер СССР чачырагандан кийин Орусиядагы саны аз калктардын абалы биринчи он жылда бир кыйла жакшырганын, алардын турмушу жана тили өнүгө баштаганын, бирок акыркы төрт-беш жыл ичинде абал кайрадан начарлоо нугуна түшкөнүн айтышууда.

XS
SM
MD
LG